Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    2:1 Биз кайра артка кайрылып, Теңирдин мага айтканы боюнча Кызыл деңизди карай кеткен жол менен чөлгө жөнөдүк. Ошентип, биз Сеир тоосунун тегерегинде көпкө жүрдүк.

    2:2 Анан Теңир мага мындай деди:

    2:3 “Бул тоонун тегерегинде жетишерлик эле жүрдүңөр, түндүктү карай кеткиле.

    2:4 үлге мындай буйрук бер: «Силер Сеирде жашаган бир тууганыңар эйсаптын уулдары жашаган жерлерден өтөсүңөр. Алар силерден коркушат, бирок алар менен согушпагыла, сак болгула.

    2:5 Мен силерге алардын жеринен алакандай да жер бербейм, анткени Сеир тоосун эйсаптын карамагына бергем.

    2:6 Тамакты алардан күмүшкө сатып алып жегиле, сууну алардан күмүшкө сатып алып ичкиле.

    2:7 Анткени Кудай-Теңириң сенин бардык ишиңе батасын берип, ушул эбегейсиз чоң чөлдө жер кезип жүргөнүңдө калкалап келген. Кудай-Теңириң сени менен кырк жыл бирге болду. Сен үч нерседен кем болгон жоксуң»”.

    2:8 Ошентип, биз эйлат менен этсион-Геберден чыгып, Сеир тоосунда жашаган бир тууганыбыз эйсаптын уулдарынын жанынан түздүк менен Маап чөлүнө бет алдык.

    2:9 Теңир мага мындай деди: “Мааптыктар менен касташпа да согушпа. Мен сенин карамагыңа анын жеринен бербейм, анткени Ар шаарын Лот уулдарынын энчисине бергем.

    2:10 Мурун ал жерде Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, көп сандаган эймимдер жашаган.

    2:11 Алар репалыктардын арасында Анактын уулдары болуп эсептелишчү. Мааптыктар болсо аларды эймимдер дешет.

    2:12 Сеирде болсо мурун хориликтер жашачу, бирок эйсаптын уулдары ал жерди тартып алышкан. Ысрайыл эли Теңир мураска берген жерди кантип эүлеп алса, эйсаптын уулдары да аларды жок кылып, алардын жерин ошентип эүлеп алышкан”.

    2:13 Теңир мага: “Жыйналып, Зерет өрөөнүнөн өткүлө”, – деди. Ошондо биз Зерет өрөөнүнөн өттүк.

    2:14 Биз Кадеш-Барнейиден чыгып, Зерет өрөөнүнөн өткөнгө чейин отуз сегиз жыл өттү. Биздин арабыздагы согушка жараган эркек аттуунун баары кырылды, анткени Теңир аларга ушундай убада берген.

    2:15 Биздин арабыздан аларды жок кылыш үчүн, алар кырылып жок болгончо, Теңир өз колун алардын үстүнөн алган жок.

    2:16 Согушка жараган эркек аттуунун баары өлгөндөн кийин,

    2:17 Теңир мага мындай деди:

    2:18 “Сен азыр Маап чек арасы Ардын жанынан өтүп,

    2:19 амондуктарга жакындап калдың. Алар менен касташпа да согушпа. Мен сенин энчиңе амондуктардын жеринен бербейм, анткени ал жерди Лоттун уулдарынын энчисине бергем”.

    2:20 Ал жер репалыктардын да жери болуп эсептелчү. Мурун ал жерде репалыктар жашачу. Амондуктар болсо аларды зумзумдуктар дешет.

    2:21 Алар Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, көп сандаган эл болгон. Теңир аларды амондуктардын көз алдында кырып салган. Амондуктар алардын жерин эүлеп алып, ошол жерге отурукташып калышкан.

    2:22 Теңир Сеирде жашаган эйсаптын уулдарынын көз алдында хориликтерди кырып салгандай эле, амондуктар да аларды кууп, алардын жерине отурукташып, бүгүнкү күнгө чейин жашап калышты.

    2:23 Каптордон чыккан капторлуктар да Азанын тегерегиндеги айыл-кыштактарда жашаган абахтыктарды кырып, алардын ордуна отурукташып алышты.

    2:24 Теңир мага: “Жыйналып, жолго чыккыла да, Арнон суусунан өткүлө. эми Мен Кешпон падышасы аморлук Сихонду жери менен кошо колуңа берем. Ал жерди эүлей башта, аларга каршы согуш ач.

    2:25 Мен бүгүндөн баштап жер үстүндөгү элдерди сенден коркуп, эрөйү уча тургандай кылам. Сен жөнүндө уккандар сенден коркуп, эрөйү уча турган болушат”, – деген.

    2:26 Анан мен Кедемот чөлүнөн Кешпон падышасы Сихонго тынчтык жөнүндө сүйлөшкөнү элчилерди жөнөттүм. Алар ага мындай деп айтышты:

    2:27 “Сенин жериңен өтүүгө уруксат эт. Мен жол менен өтөм, оңго да, солго да кайрылбайм.

    2:28 Тамак-ашты мага күмүшкө сат, сатып алып жейин; сууну да күмүшкө сат, сатып алып ичейин да, бутум баскан жер менен гана өтүп кете берейин.

    2:29 Сеирде жашаган эйсаптын уулдары менен Арда жашаган мааптыктар мага кандай кылышса, Кудай-Теңирибиз берип жаткан жерге Иордан аркылуу өтүп кеткенче, сен да ошондой кыл”.

    2:30 Бирок Кешпон падышасы Сихон бизди өз жеринен өткөрүүгө макул болгон жок, анткени Кудай-Теңир аны сенин колуңа салып бериш үчүн, өзүң көрүп тургандай, аны катаалдантып, өжөрлөнтүп салган.

    2:31 Анан Теңир мага мындай деди: “үми Мен сага Сихонду жери менен кошо колуңа салып бере баштайм, анын жерин эүлей башта”.

    2:32 Ошондо Сихон бүт эли менен бизге каршы Жааста согуш ачты.

    2:33 Кудай-Теңирибиз аны биздин колубузга салып берди, биз анын өзүн да, балдарын да, бүт элин кырып салдык.

    2:34 Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алып талкалап салдык, эркектерин да, аялдарын да, балдарын да тирүү калтырган жокпуз.

    2:35 Бирок биз басып алган шаарлардагы алардын мал-мүлкүн олжолоп алдык.

    2:36 Арнон суусунун жүүгиндеги Аройер шаарынан тартып өрөөндө жайгашкан шаардан тартып Гилатка чейин биз басып албаган бир да шаар калган жок. Бардыгын Кудай-Теңирибиз биздин колубузга салып берди.

    2:37 Кудай-Теңирибиз бизге тыюу салган амондуктардын жерине, Жабок суусунун тегерегиндеги жерлерге, тоо койнундагы шаарларга гана жакындаган жоксуң.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск