Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    3:1 Биз ал жерден бурулуп, Башанга бет алдык. Башан падышасы Ог өз эли менен эдрейдин жанында бизге каршы согуш ачты.

    3:2 Ошондо Теңир мага: “Андан коркпо, анткени аны бүт эли-жери менен кошо сенин колуңа салып берем. Сен Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсаң, аны да ошондой кыласың”, – деди.

    3:3 Анан Кудай-Теңирибиз Башан падышасы Огду бардык эли менен биздин колубузга салып берди. Биз алардын үч кимисин тирүү калтырбай кырып салдык.

    3:4 Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алдык. Алардын биз басып албаган бир да шаары калган жок. Алтымыш шаарды, аргоптуктардын бүт аймагын, Башан падышасы Огдун падышачылыгын басып алдык.

    3:5 Бул шаарлардын бардыгы бийик дубалдар менен курчалган, дарбазалары бекем кулпулар менен бекитилген шаарлар экен. Булардан сырткары дубал менен курчалбаган көптөгөн шаарларды басып алдык.

    3:6 Кешпон падышасы Сихондун бүт шаарларын талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып салгандай, аларды да талкалап, элин кырып салдык.

    3:7 Ал эми алардын шаарларындагы мал-мүлкүн олжолоп алдык.

    3:8 Биз ошол учурда аморлук эки падышанын колунан Иордандын берки өйүзүндөгү Арнон суусунан Хермон тоосуна чейинки жерлерди тартып алдык.

    3:9 Сидондуктар Хермонду Сирион дешет, аморлуктар болсо аны Сенир дешет.

    3:10 Түздүктөгү бардык шаарларды, бүткүл Гилат жерин, Салха менен эдрейге чейинки бүткүл Башан жерин, Башан падышасы Огдун шаарларынын бардыгын басып алдык.

    3:11 Репалыктардын ичинен Башан падышасы Ог гана калды. Анын жаткан орду темирден, ал азыр амондуктар жашаган Рабеде турат. эркектердин чыканагы менен ченегенде, анын узундугу тогуз чыканак, туурасы төрт чыканак.

    3:12 Биз ошол учурда Арнон суусунун жүүгиндеги Аройерден тартып Гилат тоолоруна чейинки шаарларды басып алдык. Гилат тоосунун жарымын шаарлары менен Рубейин, Гат урууларына бердим.

    3:13 Ал эми Гилаттын калган жарымын, Ог падышачылык кылган бүт Башан жерин, Башан жериндеги Аргоп аймагын Менашенин жарым уруусуна бердим.

    3:14 Менашенин уулу Жайыр Гешур менен Маах чегине чейин жаткан бүткүл Аргоп аймагын басып алып, Башан аймагын өз аты менен Жайыр кыштактары деп атады. Ал азыр да ушундай аталат.

    3:15 Махирге мен Гилатты бердим.

    3:16 Ал эми Рубейин менен Гат уруусуна Гилаттан Арнон суусуна чейин, Арнондон Амон уулдарынын чек арасы болгон Жабок суусуна чейин бердим.

    3:17 Ошондой эле Кинереттен тартып чыгышты карай кеткен Пизги тоосунун этегинде жаткан Туздуу деңизге чейинки түздүктү жана батыш чек арасы болуп эсептелген Иорданды бердим.

    3:18 Мен ошол учурда силерге мындай буйрук бергем: “Кудай-Теңириңер ушул жерлерди бүт бойдон силердин энчиңерге берди. Согушка жараганыңардын баары куралданып, бир тууганыңар болгон Ысрайыл уулдарынын алдында жөнөгүлө.

    3:19-20 Теңир силерге берген тынчтыкты бир туугандарыңарга да бермейинче жана алар Кудай-Теңириңер берип жаткан Иордандын аркы өйүзүндөгү жерлерди эүлеп алышмайынча, аялдарыңар, балдарыңар, малыңар гана мен берген шаарларда калышсын. эүлеп алышкандан кийин гана ар бириңер мен берген өз энчиңерге кайтып келесиңер”.

    3:21 Ошол учурда Жашыяга да мындай осуят бергем: “Кудай-Теңириңер ушул эки падышаны эмне кылганын өз көзүң менен көрдүң. Теңир сен басып өтө турган падышачылыктарды да ошондой кылат.

    3:22 Алардан коркпогула, анткени силердин Кудай-Теңириңер силер үчүн өзү күрөшөт”.

    3:23 Мен ошол учурда Теңирге мындай деп сыйынгам:

    3:24 “О эгедер Теңирим, Сен өз кулуңа өзүңдүн улуулугуң менен күчтүү колуңду көрсөтө баштадың, анткени асманда да, жерде да Сен кылган иштерди кыла ала турган, Сенин кудуретиңди көрсөтө ала турган кудай жок!

    3:25 Мени Иордандын аркы өйүзүнө өткөрүп, жер соорусун, эң кооз тоону жана Лебанонду көрсөт”.

    3:26 Бирок Теңир силердин айыңардан мага каарданып, мени укпай, мага мындай деди: “Болду, жетишет, мындан ары Мага ал тууралуу айтпа.

    3:27 Пизги тоосунун чокусуна чыгып, деңиз жакка, түндүккө, түштүккө, чыгышка көз чаптырып, өз көзүң менен көрүп ал, анткени сен мына бул Иордандан ары өтпөйсүң.

    3:28 Жашыяга акыл-насаат айтып, дем-күч берип бекемде, анткени ал элди жетектеп, сен көз чаптырып көрө турган жерди аларга энчилеп бөлүп берет”.

    3:29 Ошентип, биз Бейт-Пейордун каршысындагы өрөөнгө келип токтодук.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск