Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Мусанын элге акыл-насаат айтышы

    4:1 Ошондуктан, Ысрайыл, өлүп калбашыңар үчүн жана ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири берип жаткан жерге барып, аны мурастап алышыңар үчүн, мен силерге аткарууну эйрөтүп жаткан көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды ук.

    4:2 Мен силерге эмнени осуяттасам, ага үч нерсе кошпогула да, андан үч нерсе албагыла. Кудай-Теңириңер берген осуяттарды аткаргыла.

    4:3 Теңирдин Баал-Пейорду эмне кылганын өз көзүңөр менен көрдүңөр. Баал-Пейорду эүрчиген адамдарды Кудай-Теңириң силердин араңардан кырып жок кылды.

    4:4 Силердин араңардан Кудай-Теңириңерге жабышкандары азыркыга чейин тирүү.

    4:5 Мен силерге Кудай-Теңирим берген мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү эйрөттүм. эүлегени бара жаткан жерге барганыңарда, ушуларды аткаргыла.

    4:6 Ушуларды сактагыла жана аткаргыла, анткени башка элдердин алдындагы силердин акылдуулугуңар менен үстүүлүгүңөр ушунда. Алар бул мыйзамдарды угуп: “Ушул улуу эл гана даанышман да, акылман да экен”, – деп айтышат.

    4:7 Качан чакырса да, ушунчалык жакын болгон биздин Кудай-Теңирибиздей кудайы бар улуу эл барбы?

    4:8 Мен бүгүн силерге берип жаткан мыйзамдай ушунчалык адилеттүү мыйзамдары менен көрсөтмөлөрү бар улуу эл барбы?

    4:9 Сак бол, жаныңды бек сакта, өз көзүң менен көргөн иштерди унутпа, аларды өмүрүң өткөнчө жүрөгүңдөн чыгарба. Аларды балдарыңа, балдарыңдын балдарына эйрөт.

    4:10 Сен Хорепте Кудай-Теңириңдин алдында турган күн тууралуу, ошондо Теңирдин мага: “үлди Мага жыйнап кел, Мен аларга сөзүмдү айтам, ал сөздөн алар жер үстүндөгү бүт өмүрүндө Менден коркуп жүрүүнү эйрөнүшөт, аны балдарына да эйрөтүшөт”, – дегенин айт.

    4:11 Ошондо силер чогулуп келип, тоонун этегинде турдуңар. Тоо болсо асманга жете жалындап күйүп, булут жана караңгылык каптап турган.

    4:12 Ошондо Теңир силерге от ичинен сүйлөгөн. Силер Анын сөздөрүн уктуңар, бирок бейнесин көргөн жоксуңар, силер Анын үнүн гана уктуңар.

    4:13 Ал силер аткара турган он осуяттан турган өзүнүн келишимин жарыялап, эки таш лоокко жазган.

    4:14 Теңир мага ошол учурда ушул мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү силерге эйрөтүүнү буйруду. Аларды өзүңөр барып эүлеп ала турган жерде аткарышыңар керек.

    4:15 Хорепте Теңир силерге от ичинен сүйлөгөн күнү Анын бейнесин көрбөгөнүңөр эсиңерден чыкпасын.

    4:16 Бузуктук кылып, балбалдарды, эркектин же аялдын түспөлүндөгү жалган кудайларды,

    4:17 жер үстүндө жашаган кандайдыр бир жаныбардын, асман астында учкан кандайдыр бир канаттуунун,

    4:18 жерде сойлоп жүрүүчү кандайдыр бир сойлоочу жаныбардын, жерден төмөн жаткан суулардагы кандайдыр бир балыктын түспөлүн жасабагыла.

    4:19 Асманды карап, күндү, айды, жылдыздарды жана асман кошуунун көрүп, аларга азгырылып, таазим кылып кызмат кылба, анткени Кудай-Теңириң аларды жер үстүндө жашаган бардык элдер үчүн жараткан.

    4:20 Силерди болсо Теңир өзүнүн эли кылып алыш үчүн, темир эритүүчү мештен, Мисирден, алып чыкканын өзүңөр көрүп турасыңар.

    4:21 Теңир силердин айыңардан мага каарданып, мени Иордандын аркы өйүзүнө өткөрбөйм деп убада бергендиктен, мен эми Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан жер соорусуна кирбейм.

    4:22 Мен эми Иордандан ары өтпөй, ушул жерде өлөм. Силер болсо андан ары өтүп, ошол жер соорусун эүлейсиңер.

    4:23 Кудай-Теңириңердин силер менен түзгөн келишимин унутуп, Кудай-Теңириңер буйругандай, бир нерсенин түспөлүндөгү жалган кудай жасагандан сак болгула.

    4:24 Анткени Кудай-Теңириң – жалмап салуучу от, кызганчаак Кудай.

    4:25 Балалуу, неберелүү болуп, жер үстүндө узак жашап калганда, бузуктук кылып, бир нерсенин түспөлүн кудай кылып алып, Кудай-Теңириңердин алдында ушундай кыянаттык кылып, Аны каардантсаңар,

    4:26 анда силерге асман менен жерди күбө кылып айтып коёюн: Иордандан өтүп мураска ала турган жериңерден көп узабай айрыласыңар, ал жерде көпкө турбайсыңар, кырыласыңар.

    4:27 Теңир силерди башка элдердин арасына таратып жиберет. Теңир силерди алып барган элдердин арасында азыңар гана каласыңар.

    4:28 Ал жерде адамдардын колу менен жасалган, көрбөгөн, укпаган, тамак жебеген, жыт сезбеген, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларга табынып каласыңар.

    4:29 Бирок сен ал жерде Кудай-Теңириңди издесең, Аны табасың. эгерде Аны чын жүрөгүңдөн, жан-дилиң менен издей турган болсоң, анда табасың!

    4:30 Башыңа мүшкүл түшкөндө, айтылгандардын баары башыңа түшкөндө, акыркы күндөрдө Кудай-Теңириңе кайрылып, Ага моюн сунасың.

    4:31 Кудай-Теңириң – боорукер Кудай, Ал сени таштабайт да өлтүрбөйт, Ал сенин ата-бабаларың менен түзгөн, анты менен бекемдеген келишимин унутпайт.

    4:32 Кудай адамды жараткан күндөн тартып сенин убагыңа чейинки байыркы мезгилдер жөнүндө сура, асмандын бир четинен экинчи четине чейин сура: ушундай улуу иш болду беле же ушундай ишти бирөө укту беле?

    4:33 От ичинен сүйлөгөн Кудайдын үнүн сендей болуп угуп тирүү калган эл барбы?

    4:34 Же болбосо өзүңөр көргөндөй, силерди Мисирден жазалары, жышаандары, кереметтери, согуштары, күчтүү колу, зор коркунучу менен алып чыккан Кудай-Теңириңерге окшоп кайсы элдин кудайы өзүнүн элин башка элдин арасынан алып чыкты эле?

    4:35 Теңир гана Кудай экенин жана Андан башка Кудай жок экенин билишиң үчүн, сага ушуларды көрсөттү.

    4:36 Сени эйрөтүш үчүн, асмандан үнүн угузду, жерде өзүнүн улуу отун көрсөттү, сен Анын үнүн от ичинен уктуң.

    4:37 Ал сенин ата-бабаларыңды сүйгөндүктөн, алардын кийинки укум-тукумун – силерди тандап алып, өзүнүн улуу күчү менен Мисирден өзү алып чыкты.

    4:38 Азыр көрүп турганыңдай, сенден көп, сенден күчтүү элди сенин алдыңан кууп чыгып, сени ал жерге алып барып, алардын жерин сага энчилеп берген.

    4:39 Ошондуктан азыр Теңир гана Кудай экенин, жогорку асманда, төмөнкү жер бетинде Андан бөлөк Кудай жок экенин билип, көңүлүңө түйүп ал.

    4:40 Кудай-Теңириң түбөлүккө берип жаткан жерде көпкө жашашың үчүн, сага да, сенден кийинки балдарыңа да жакшы болуш үчүн, азыр мен сага берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын бек сакта».

    Баш калкалай турган үч шаар жөнүндө

    4:41 Ошондо Муса Иордандын берки өйүзүндө, күн чыгыш тарапта жайгашкан үч шаарды бөлүп койду.

    4:42 Ал шаарларга өз жакынын мурун кас болбой туруп, кокустан өлтүрүп алган киши качып барсын. Ал төмөнкү шаарлардын бирине качып барып, тирүү калсын:

    4:43 Рубейин уруусу жашаган түздүктөгү Бетсер шаары, Гат уруусу жашаган Гилат тоосундагы Рамот шаары, Менаше уруусу жашаган Башандагы Голан шаары.

    4:44 Мусанын Ысрайыл уулдарына берген мыйзамы ушул.

    4:45 Ысрайыл уулдары Мисирден чыккандан кийин, Мусанын аларга берген буйруктары, мыйзамдары, көрсөтмөлөрү ушулар.

    4:46 Буларды Муса Мисирден чыккандан кийин, Иордандын берки өйүзүндөгү, Бейт-Пейордун каршысындагы өрөөндө Ысрайыл уулдары менен бирге Кешпондо жашаган аморлук Сихондун жерин басып алгандан кийин айткан.

    4:47 Ошентип, алар Иордандын берки өйүзүндөгү күн чыгыш тарапта жайгашкан аморлуктардын эки падышасынын – Кешпон падышасы Сихондун жана Башан падышасы Огдун жерлерин,

    4:48 Арнон суусунун жүүгиндеги Аройерден Хермон деп аталган Сион тоосуна чейинки жерлерди,

    4:49 Иордандын берки өйүзүндөгү чыгышты карай кеткен түздүктү Пизги тоосунун этегинде жаткан деңизге чейин эүлеп алышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск