Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Он осуяттын кайталанышы

    5:1 Муса бүткүл Ысрайыл элин чакырып алып, аларга мындай деди: «Ук, Ысрайыл эли, мен бүгүн силерге айта турган көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды уккула, аларды жаттап алгыла, аткарганга аракет кылгыла.

    5:2 Кудай-Теңирибиз биз менен Хорепте келишим түздү.

    5:3 Теңир ал келишимди биздин ата-бабаларыбыз менен эмес, бүгүн ушул жерде тирүү турган биз менен түздү.

    5:4 Теңир силер менен тоодо от ичинен бетме-бет сүйлөшкөн.

    5:5 Мен болсо ошол учурда Теңирдин сөзүн силерге жеткириш үчүн, Теңир менен силердин ортоңордо турдум, анткени силер оттон коркуп, тоого чыккан жоксуңар. Ошондо Ал мындай деген:

    5:6 “Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин.

    5:7 Сенин Менден башка кудайларың болбосун.

    5:8 Жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселерди сүрөттөп, жасалма кудай жасаба.

    5:9 Аларга табынып кызмат кылба, анткени сенин Кудай-Теңириң Мен кызганчаак Кудаймын. Мени жек көргөндөрдүн балдарын ата-бабаларынын күнөөсү үчүн үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалаган Кудаймын.

    5:10 Мени сүйгөндөрдүн, Менин осуяттарымды аткаргандардын миңинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудаймын.

    5:11 Кудай-Теңириңдин ысымын курулай эле айта бербе, анткени Анын ысымын курулай эле айта бергенди Теңир жазасыз калтырбайт.

    5:12 Ишемби күндү дайыма ыйык тут, Кудай-Теңириң сага осуяттагандай, аны ыйык сакта.

    5:13 Алты күн иштеп, ар кандай жумушуңду кыл.

    5:14 Ал эми жетинчи күн – Кудай-Теңириңдин ишемби күнү. Ал күнү өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңэң да, өгүзүң да, эшегиң да, башка малың да, үйүңдөгү келгин да үч кандай жумуш кылбасын, өзүң эс алгандай, кулдарың да, күңдөрүң да эс алсын.

    5:15 Мисир жеринде кул болгонуңду, бирок Кудай-Теңириң ал жерден сени сунулган колу, күчтүү билеги менен алып чыкканын эсиңден чыгарба, ошондуктан Кудай-Теңириң сага ишемби күндү ыйык тутууну буйруган.

    5:16 Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өзүңө жакшы болсун десең, өмүрүң узун болсун десең, Кудай-Теңириң сага буйругандай, атаң менен энеңди сыйла.

    5:17 Киши өлтүрбө.

    5:18 Ойноштук кылба.

    5:19 Уурдаба.

    5:20 Бирөө жөнүндө жалган ушак айтпа.

    5:21 Жакыныңдын аялына да, үйүнө да, жерине да, кулуна да, күңэнө да, өгүзүнө да, эшегине да, үч бир нерсесине көз артпа”.

    5:22 Бул сөздөрдү Теңир тоодо, от ичинен, булут ичинен, караңгылык ичинен катуу эн чыгара бүткүл жамаатыңарга айткан, андан башка үч нерсе айткан эмес. Ал сөздөрдү эки таш лоокко жазып, мага берген.

    5:23 Силер караңгылык ичинен эндү укканда, тоо жалындап күйүп турган, ошондо силер уруу башчыларыңар, аксакалдарыңар менен мага келип, мындай дегенсиңер:

    5:24 “Кудай-Теңирибиз бизге өзүнүн даңкы менен улуулугун көрсөттү. Биз от ичинен Анын үнүн уктук. Бүгүн биз Кудайдын адам менен сүйлөшкөнүн көрдүк, ал адам тирүү калды.

    5:25 Биз, эмне, өлүшүбүз керекпи? эми бул коркунучтуу от бизди жалмап салат. эгерде Кудай-Теңирибиздин үнүн дагы бир жолу уксак, өлүп калабыз.

    5:26 От ичинен сүйлөгөн тирүү Кудайдын үнүн биздей болуп угуп тирүү калган адам барбы?

    5:27 Сен барып, Кудай-Теңирибиз эмнени айтса, ошонун бардыгын угуп кел. Кудай-Теңирибиз сага эмнени айтса, ошонун бардыгын бизге айтып бер, биз аны угабыз жана аткарабыз”.

    5:28 Теңир силердин мени менен сүйлөшкөндө айткан сөздөрүңөрдү угуп, мага мындай деди: “Мен бул элдин сага айткан сөздөрүн уктум, алардын айткандарынын баары жакшы.

    5:29 Бирок алардын жүрөгү ушундай болсо кана! Менден коркуп, өмүрлөрү өткөнчө Менин осуяттарымды аткарышса, аларга да, алардын балдарына да түбөлүккө жакшы болор эле.

    5:30 Аларга барып: «өз чатырларыңарга кайткыла», – деп айт.

    5:31 Сен болсо бул жерде Мени менен кал, Мен сага мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү айтам, сен ошол мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү аларга эйрөтүшүң керек. Мен аларга энчилеп берип жаткан жерде ушуларды аткарышсын”.

    5:32 Байкагыла, Кудай-Теңириңер кандай буйрук кылса, так ошондой кылгыла. Андан оңго да, солго да бурулбагыла.

    5:33 Кудай-Теңириңер көрсөткөн жол менен жүргүлө, ошондо тирүү калып, өз энчиңерге алган жерде жакшы жашап, узак өмүр сүрөсүңөр.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск