Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Улуу осуят

    6:1 Силерге эйрөтүш үчүн берген Кудай-Теңириңердин осуяттары, мыйзамдары, көрсөтмөлөрү ушулар. Аларды өзүңөр эүлегени бара жаткан жерде аткаргыла.

    6:2 Кудай-Теңириңден корккун жана узак өмүр сүрүш үчүн, мен сага осуяттап жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын өзүң, балдарың, балдарыңдын балдары өмүрүңөр өткөнчө аткаргыла.

    6:3 Ошентип, кулак сал, Ысрайыл, сенин ата-бабаларыңдын Кудай-Теңири сага берем деген, сүт менен бал аккан жерде жакшы жашап, укумдап-тукумдап көбөйүшүң үчүн, ушуларды аткарууга аракет кыл.

    6:4 Кулак сал, Ысрайыл: силердин Кудай-Теңириңер – бир Кудай.

    6:5 Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүй.

    6:6 Мен бүгүн осуяттап жаткан ушул сөздөрдү жүрөгүңдө сакта.

    6:7 Аларды эйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып эйрөт.

    6:8 Аларды эсиңден чыгарбаш үчүн, колуңа байлап, маңдайыңа таңып ал.

    6:9 Аларды эшигиңдин кашектерине, дарбазаңа жазып кой.

    6:10 Кудай-Теңириң ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерге сени алып барганда, сен курбаган чоң жана кооз шаарларды,

    6:11 сен жыйнабаган байлыкка толгон үйлөрдү, сен казбаган кудуктарды, сен тикпеген жүзүмзарларды, сен отургузбаган зайтун дарактарын берет. Сен алардан тойгончо жейсиң.

    6:12 Ошондо байкагын, сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Теңирди унутпа.

    6:13 Кудай-Теңириңден корккун, Ага гана кызмат кыл, Анын ысымы менен ант бер.

    6:14 Башка кудайларды эүрчибегиле, тегерегиңерде жашаган башка элдердин кудайларын эүрчибегиле.

    6:15 Анткени араңарда жашаган Кудай-Теңириңер – кызганчаак Кудай. Кудай-Теңириң сага каарданып, сени жер бетинен жок кылып салбасын.

    6:16 Кудай-Теңириңерди Масада сынагандай сынабагыла.

    6:17 Кудай-Теңириңдин сага берген осуяттарын, көрсөтмөлөрүн, мыйзамдарын бек сакта.

    6:18 Теңириң ата-бабаларыңа убада кылган жер соорусуна барып, аны эүлеп алышың үчүн жана ал жерде сага жакшы болуш үчүн, Теңирге жаккан, адилеттүү, жакшы иштерди кыл.

    6:19 Ошондо Теңир өзү айткандай, сенин алдыңан бардык душмандарыңды кууп жиберет.

    6:20 үгерде сенин балаң кийин сенден: “Кудай-Теңириң берген осуяттар, мыйзамдар, көрсөтмөлөр эмнени билдирет?” – деп сураса,

    6:21 балаңа мындай деп айт: “Биз Мисирде фараонго кул болгонбуз, бирок Теңир бизди өзүнүн күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан.

    6:22 Теңир биздин көз алдыбызда Мисир жерине, фараонго, анын үйлөрүнө жышаандарды, чоң кереметтерди, көрсөткөнүн, аларды жазалаганын көрдүк.

    6:23 Ата-бабаларыбызга убада кылган жерге бизди алып барып, ал жерди бизге бериш үчүн, бизди Мисирден алып чыкты.

    6:24 Ошондо Кудай-Теңирибизден коркушубуз үчүн, өмүрүбүз өткөнчө бизге жакшы болуш үчүн, өмүрүбүз бүгүнкүдөй сакталып калышы үчүн, ушул мыйзамдардын баарын аткарууну буйруган.

    6:25 үгерде биз ушул мыйзамдардын баарын Кудай-Теңир буйругандай, Анын алдында аткарууга аракет кылсак, биздин адилеттигибиз ушунда”.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск