Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    7:1 Кудай-Теңириң сени эүлегени бара жаткан жерге алып барганда, сенден алда канча көп жана күчтүү мына бул жети элди: хеттиктерди, гиргештиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды сенин алдыңан кууп чыгып,

    7:2 аларды колуңа салып берет, сен аларды кырып саласың. Ошондо алардын бирин да калтырбай кырып сал, алар менен келишим түзбө, аларды аяба.

    7:3 Алар менен куда-сөөк да болбо: кыз алышып, кыз беришпе.

    7:4 Анткени алар сенин уулдарыңды Менден алыстатат, уулдарың башка кудайларга кызмат кылып калышат. Ошондо Теңир каарданып, силерди тез эле кырып салат.

    7:5 Аларга мындай кылгыла: курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла, мамыларын кулаткыла, токойчолорун кыйгыла, балбалдарын отко ыргытып, өрттөп жибергиле.

    Кудайдын эли

    7:6 Анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Жер бетиндеги бардык элдердин ичинен сен Анын өз эли болушуң үчүн, сени Кудай-Теңириң тандап алган.

    7:7 Теңир силерди башка элдерден көп болгонуңар үчүн тандап алган жок, силер башка элдерге караганда аз сандагы элсиңер.

    7:8 Теңир силерди сүйгөндүктөн, силердин ата-бабаларыңарга берген убадасын аткарыш үчүн, силерди өзүнүн күчтүү колу менен алып чыкты. Ал сени кулчулуктан, Мисир падышасы фараондун колунан куткарып алды.

    7:9 Ошондуктан билип жүр: сенин Кудай-Теңириң – Кудай, өзүнүн келишимин сактаган ишенимдүү Кудай. Ал өзүн сүйгөндөрдүн жана өзүнүн осуяттарын аткаргандардын миңинчи тукумуна чейин өзүнүн ырайымын көрсөтөт.

    7:10 Ал өзүн жек көргөндөрдүн ар бирин өзүнчө жазалайт. Ал өзүн жек көргөндүн жеке өзүн кечиктирбестен жазалайт.

    7:11 Ошондуктан мен бүгүн сага берип жаткан осуяттарды, көрсөтмөлөрдү, мыйзамдарды аткар.

    Теңирдин жеңиш убада кылышы

    7:12 үгерде сен ушул мыйзамдарга баш ийсең, аларды сактасаң, аткарсаң, анда Кудай-Теңириң ата-бабаларыңа убада кылгандай, өзүнүн келишимин бек сактап, сага ырайым кылат.

    7:13 Ал ата-бабаларыңа убада кылып, сага берген жерде сени сүйүп, сага батасын берип, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт. Балдарыңа, жерден алган түшүмүңө, эгиниңе, жүзүмүңдүн ширесине, зайтун майыңа батасын берет, бодо малың менен майда малыңды төлдөтөт.

    7:14 Башка элдерге караганда баталуу болосуң. Сенде тукумсуз эркек, төрөбөс аял, төлдөбөс мал болбойт.

    7:15 Сени ар кандай оорудан алыс кылат жана Мисирдеги сен билген оор дарттардын үч бирин жолотпойт, бирок аларды сени жек көргөндөрдүн баарына жиберет.

    7:16 Кудай-Теңириң колуңа салып берип жаткан элдерди жок кыласың. Аларды аяба, алардын кудайларына табынба, анткени алар сага жайылган тор болот.

    7:17 үгерде сага “Бул элдер менден алда канча көптүк кылат, аларды мен кантип кууп чыгам?” деген ой келсе,

    7:18 алардан коркпо, Кудай-Теңириңдин фараонго жана бүткүл Мисир жерине эмне кылганын үсте.

    7:19 өз көзүң менен көргөн ошол улуу сыноолорду, жышаандарды, кереметтерди, Кудай-Теңириңдин сунулган колу, күчтүү билеги менен алып чыкканын үсте. Сен коркуп жаткан ал элдерге Кудай-Теңириң так ошондой кылат.

    7:20 Тирүү калгандарды, качып кеткендерди жок кылмайынча, Кудай-Теңириң аларга чоң аарыларды жиберет.

    7:21 Алардан коркпо, анткени сенин Кудай-Теңириң – улуу жана коркунучтуу Кудай.

    7:22 Кудай-Теңириң ал элдерди сенин жериңден акырындык менен кууп чыгат. Талаа жырткычтары көбөйүп, сага кол салбашы үчүн, сен ал элдерди тез аранын ичинде жок кылбайсың.

    7:23 Бирок аларды сенин колуңа Кудай-Теңириң өзү салып берет. Аларга дүрбөлөң түшүрөт, ошондо алар кырылып жок болушат.

    7:24 Алардын падышаларын да колуңа салып берет, сен алардын атын жер үстүнөн өчүрөсүң. Сен аларды жок кылмайынча, сенин алдыңда үч ким туруштук бере албайт.

    7:25 Алардын жасалма кудайларын өрттөп жибергиле. Ал жасалма кудайлардагы алтын-күмүштү алам деп ойлобо, болбосо торго түшүп каласың. Бул сенин Кудай-Теңириң үчүн жийиркеничтүү.

    7:26 Ага окшоп каргышка калбашың үчүн, андай жийиркеничтүү нерсени үйүңө жолотпо. Аны жек көр, андан жийиркен, анткени ал – каргышка калган нерсе.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск