Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-ЗАБУР

    Теңирге таянуу

    16:1 Дөөттүн сыйынуусу. Теңир, чындыкты ук да, зар-муңума кулак сал, калп айтпагандын оозунан чыккан жалынууга кулак төшө.

    16:2 Мага өкүмдү Сен чыгар, Сенин көздөрүң чындыкты көрсө экен.

    16:3 Сен менин жүрөгүмдү сынадың, мага түн ичинде келдиң, мени сынадың, бирок үч нерсе тапкан жоксуң. Оозум ойлорумдан четтеген жок.

    16:4 Бардык иш-аракетте Сенин сөзүң боюнча өзүмдү сактап, эзүүчүнүн жолун жолдогон жокмун.

    16:5 Менин кадамдарымды өз жолдоруңда бекемде, буттарым оңго да, солго да бурулбасын.

    16:6 Мен Сени чакырып жатам, анткени Сен мени угасың, Кудайым. Мага кулак сал, сөзүмдү ук.

    16:7 өзүңө таянгандарды өзүңдүн оң колуңа каршы чыккандардан куткарган Кудай, өзүңдүн кереметтүү ырайымыңды көрсөт.

    16:8 Мени көзүңдүн карегиндей сактай көр, канатыңдын астына калкалай көр.

    16:9 Мага кол салган кудайсыздардан, курчаган кас душмандарымдан калкала.

    16:10 Алардын жүрөгүн май басты, тилдери менен менменсинип сүйлөшөт.

    16:11 Азыр алар бизди кадам сайын курчашат; жерге кулатыш үчүн, алар бизден көзүн албайт.

    16:12 Алар жем издеген арстанга, жашыруун буктурмада отурган жырткычка окшош.

    16:13 Теңир, ордуңан тур, аларды тый, кыйрат, жанымды кудайсыздан өз кылычың менен куткар.

    16:14 Теңир, мени бул адамдардан – бул дүйнөдө гана элүшү бар, курсагын Сенин казыналарыңдан тойгузуп жүргөн бул дүйнөнүн адамдарынан өз колуң менен куткара көр. Алардын уулдары ток, артканын өз балдарына калтырышат.

    16:15 Ал эми мен адилдигим менен Сенин жүзүңдү карайм. Ойгонгондо, Сенин бейнеңди көрүп, көзүм тоёт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск