Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 17

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    17-ЗАБУР

    Дөөттүн ыры

    17:1 Ырчылар тобунун башчысына. Теңир бардык душмандардын жана Шабулдун колунан куткарып алганда, Теңирдин кулу Дөөттүн Теңирге ырдаган ыры. Ошондо ал мындай деди:

    17:2 «Сени сүйөм, Теңирим, күч-кубатым менин!

    17:3 Теңир менин тирегим, баш паанам, куткаруучум; Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мүйүзүм, таянычым».

    17:4 Табынууга татыктуу Теңирдин атын чакырып, душмандарымдан кутулам.

    17:5 Мени өлүм азаптары курчап алды, кыйынчылыктардын агымы эрөйүмдү учурду.

    17:6 Мага өлгөндөр жаткан жайдын чынжырлары салынды, өлүмдүн торуна чалындым.

    17:7 Мен кысталышта калганда, Теңиримди чакырдым, Кудайыма жалындым. Ал өз турагынан менин үнүмдү укту, зар-муңум Анын кулагына жетти.

    17:8 Жер силкинип термелди, тоолордун негиздери ордунан козголду, анткени Кудай каарданды.

    17:9 Анын каарынан түтүн көтөрүлүп, оозунан баарын жалмай турган от чыкты, Андан күйүп жаткан чоктор чачырап жатты.

    17:10 Асманды үңкейтип, Ал жерге түштү, Анын бут астында караңгылык жатты.

    17:11 Ал керуптардын үстүнө отуруп, шамалдын канатында учуп жөнөдү.

    17:12 Караңгылыкты өзүнө жабуу кылды, асмандагы булуттарды, кара булуттарды өзүнүн тегерегине чатыр кылды.

    17:13 Анын алдындагы жарыктан Анын булуттары, мөндүр, кызыл чоктор качты.

    17:14 Асманда Теңир күркүрөдү, Бардыгынан Жогору Турган эн салды, мөндүр жана жалындаган чок жаады.

    17:15 өзүнүн жебелерин тартып, аларды туш-тушка чачыратты; көп чагылган жиберип, аларды туш-тушка качырды.

    17:16 Теңирим, Сенин каардуу үнүңдөн, Сенин каарыңдын илебинен суу башаттары, ааламдын негизи ачылды.

    17:17 Ал асмандан колун сунуп, мени алды, мени чоң суулардан тартып чыгарды.

    17:18 Мени күчтүү душманымдан, менден күчтүү болгон жек көрүүчүлөрдөн куткарды.

    17:19 Алар мага башыма мүшкүл түшкөн күнү каршы чыгышты. Бирок Теңир мага жөлөк болду.

    17:20 Ал мени кең жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы көрөт.

    17:21 Теңир менин адилдигиме жараша, колумдун тазалагына жараша тиешемди берди.

    17:22 Анткени мен Теңирдин жолун сактадым, Кудайымдан четтеген эмесмин.

    17:23 Анткени Анын бардык мыйзамдары менин алдымда, Анын көрсөтмөлөрүнөн четтеген жокмун.

    17:24 Мен Кудай алдында таза элем, күнөө кылып албайын деп сактанчумун.

    17:25 Теңир өзүнүн көз алдындагы адилдигиме жараша, колумдун тазалыгына жараша тиешемди берди.

    17:26 Боорукерге Сен боорукердик кыласың, адил адамга адилет мамиле кыласың.

    17:27 Тазаларга тазалыгына жараша мамиле кыласың, алдамчыга алдамчылыгына жараша мамиле кыласың.

    17:28 Анткени Сен эзилген адамдарды куткарасың, ал эми менменсинип карагандарды кемсинтесиң.

    17:29 Теңир, Сен менин шамымды күйгүзөсүң. Кудайым караңгымды жарык кылат.

    17:30 Мен Сени менен аскерлерди талкалайм, Кудайым менен чепти ашып түшөм.

    17:31 Кудай! Анын жолу таза, Теңирдин сөзү таза. Ал – өзүнө таянгандардын баарына калкан.

    17:32 Теңирден башка Кудай барбы? Биздин Кудайдан башка Сактоочу барбы?

    17:33 Кудай мага күч берет, мага түз жол салат.

    17:34 Буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени бийик жерлериме чыгарат.

    17:35 Колумду согушка даярдайт, ошон үчүн колдорум жез жааны сындырат.

    17:36 Сен мага куткаруучу калканыңды бердиң, Сенин оң колуң мени колдоп турат, Сенин ырайымың мени жогору көтөрөт.

    17:37 Сен менин баса турган жолумду кеңейтесиң, ошондо тизелерим титиребейт.

    17:38 Душмандарымды кууп жетип, аларды жок кылмайынча, артка кайтпайм.

    17:39 Аларды талкалайм, алар тура албай калышат, менин бут алдыма жыгылышат.

    17:40 Анткени Сен мага согушканга күч бердиң, мага каршы көтөрүлгөндөрдү бут алдыма жыгып бердиң.

    17:41 Душмандарымды менин көз алдымда артка чегинттиң. Мени жек көргөндөрдү кыйратып жатам.

    17:42 Алар боздоп жатышат, бирок алардын куткарары жок. Теңирге жалынып жатышат, бирок Ал аларды укпайт.

    17:43 Аларды топурактай сапырып, көчөдөгү балчыктай тебеледим.

    17:44 Сен мени эл козголоңунан куткарып алып, бөтөн элдерге эл башчы кылдың. өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылып жатат.

    17:45 Алар мен жөнүндө угуп эле, мага баш ийишет. Бөтөн элдер менин алдымда жасакерленишет.

    17:46 Бөтөн элдер кумсарып, өздөрүнүн сепилдеринде титиреп отурушат.

    17:47 Теңир тирүү, менин тирегим даңкталсын! Мени куткарган Кудай даңазалансын!

    17:48 Мен үчүн өч алган, бөтөн элдерди багындырып берген Кудай,

    17:49 мени душмандарымдан куткарган Кудай даңкталсын! Мага каршы чыккандардын алдында Сен мени жогору көтөрдүң, мени катаал кишиден куткардың.

    17:50 Ошон үчүн, Теңир, Сени даңктайм, бөтөн элдердин арасында Сенин ысымыңды даңктап ырдайм.

    17:51 Падышаны улуу жеңиш менен куткарган, өзүң майлаган Дөөткө жана анын укум-тукумуна түбөлүккө ырайым кылган Сени даңктап ырдайм.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск