Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Псалтирь 93

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    93-ЗАБУР

    өч алуучу Кудайга жалынуу

    93:1 Теңирим, өч алуучу Кудайым, өч алуучу Кудайым, өзүңдү көрсөт!

    93:2 Ордуңдан тур, жер жүзүнүн Соту, текеберлердин жазасын бер!

    93:3 Теңирим, качанкыга чейин кудайсыздар салтанат курушат, качанкыга чейин салтанат курушат?

    93:4 Алар өктөм сүйлөп жатышат, мыйзамсыз иштерди кылгандар менменсинип жатышат.

    93:5 Сенин элиңди тепсеп жатышат, Теңирим, Сенин мурасыңды эзип жатышат.

    93:6 Жесирди, келгинди өлтүрүп, жетимдердин өмүрүн кыйып жатышат.

    93:7 Алар: «Теңир көрбөйт, Жакыптын Кудайы билбейт», – дешет.

    93:8 үсиңерге келгиле, акылсыз адамдар! Деги качан эсиңерге келесиңер, акылы жоктор?

    93:9 Кулакты берген Кудай укпайт бекен? Көздү берген Кудай көрбөйт бекен?

    93:10 үлдерди эсине келтирген, адамга акыл эйрөткөн Кудай ашкерелебейт бекен?

    93:11 Адамдын ойлору курулай убаракерчилик экенин Теңир билет.

    93:12-13 Сен эсине келтирген адам бактылуу, Теңирим. Кудайсыз адамдын көрү казылганга чейин, башына кыйынчылык түшкөн күндөрү Сен ага тынчтык бериш үчүн, өз мыйзамыңды эйрөткөн адам бактылуу, Теңирим.

    93:14 Анткени Теңир өзүнүн элинен баш тартпайт, өзүнүн мурасын таштабайт.

    93:15 Анткени сот чындыкка кайрылат, анын артынан жүрөгү тазалардын баары эүрчишет.

    93:16 Ким мен үчүн кара ниеттерге каршы чыгат? Ким мен үчүн мыйзамсыз иш кылгандарга каршы турат?

    93:17 Теңир менин жардам берүүчүм болбогондо, менин жаным бат эле унчукпас өлкөдөн жай алмак.

    93:18 Мен: «Бутум тайып бара жатат», – дегенде, Сенин ырайымың мени колдогон, Теңирим.

    93:19 Менин жүрөгүмдө кайгы көбөйгөндө, Сенин сооротууларың жанымды жыргатат.

    93:20 Кыйратуучулардын тактысында отуруп, мыйзамды кыянаттык менен пайдалангандар Сени менен шериктеш боло алышабы?

    93:21 Алар топ-топ болуп, адил адамды өлтүрүүгө жулунушат жана күнөөсүз канды күнөөлөшөт.

    93:22 Бирок Теңир менин тирегим, Кудайым менин баш калкалар аска-зоом.

    93:23 Теңир алардын мыйзамсыздыгын өздөрүнүн баштарына салат, өздөрүнүн кылмышы менен өздөрүн өлтүрөт, аларды биздин Кудай-Теңирибиз кырып жок кылат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск