Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Колунда ачылган китепчеси бар периште

    10:1 Анан мен асмандан булут жамынып түшүп келе жаткан күчтүү, башка периштени көрдүм. Анын башынан жогору жакта көк желе бар эле. Анын жүзү күндөй жаркырап, буттары оттуу тирөөчтөрдөй болуп турду.

    10:2 Анын колунда ачылган китепче бар экен. Ал оң бутун деңизге, ал эми сол бутун кургак жерге коюп,

    10:3 арстандын айкырыгындай болгон катуу эн менен кыйкырды. Ал кыйкырганда, жети күн күркүрөө өздөрүнүн үнү менен сүйлөй баштады.

    10:4 Жети күн күркүрөө өздөрүнүн эндөрү менен сүйлөп жатканда, мен жазып алмакчы болдум. Бирок асмандан мага: «Жети күн күркүрөөнүн эмне деп сүйлөгөнүн жазба, аны жашырып кой», – деп айткан эндү уктум.

    10:5 Бир буту менен деңизде, экинчи буту менен кургак жерде турган, мен көргөн периште оң колун асманга көтөрүп,

    10:6 асманды жана андагы бардык нерсени, жерди жана анын үстүндөгү бардык нерсени, деңизди жана анын ичиндеги бардык нерсени жараткан түбөлүк Жашоочунун ысымы менен мындай деп ант берди: «Мындан ары создуктурулбайт.

    10:7 Жетинчи периште сүйлөп, сурнай тарткан күндөрдө Кудайдын өз кулдарына – пайгамбарларына айткан жашыруун сыры ишке ашат».

    10:8 Мен асмандан уккан эн мага кайрадан мындай деп сүйлөй баштады: «Бар, бир буту деңизде, экинчи буту кургак жерде турган периштенин колундагы ачылган китепчени ал».

    10:9 Ошондо мен периштеге барып: «Мага китепчени бер», – дедим. Ал мага: «Алгын да жегин. Ал сенин карыныңа барганда, ачуу, бирок оозуңда балдай таттуу болот», – деди.

    10:10 Мен периштенин колунан китепчени алдым да жедим. Ал менин оозумда балдай таттуу болду, бирок жегенден кийин, карынымда ачуу болуп калды.

    10:11 Анан ал мага: «Сен элдер, уруулар, тилдер жана падышалар жөнүндө кайрадан пайгамбарчылык кылууң керек», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск