Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Биринчи мөөр – ак атчан

    6:1 Анан мен Козунун жети мөөрдүн биринчисин ачканын көрдүм. Андан кийин төрт тирүү жандыктын биринин күндүн күркүрөгөнүндөй болгон эн менен: «Келип кара», – дегенин уктум.

    6:2 Мен барып карап, ак ат чыкканын көрдүм. Аны минип тургандын жаасы бар экен. Ага таажы берилди. Ал жеңүүчү катары жеңүү үчүн чыкты.

    үкинчи мөөр – жүүрде атчан

    6:3 Ал экинчи мөөрдү ачканда, экинчи тирүү жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум.

    6:4 Ошондо жүүрде ат чыкты. Адамдар бири-бирин өлтүрүшү үчүн, ал атты минип турганга жер үстүнөн тынчтыкты алып салуу укугу берилди. Анан ага чоң кылыч берилди.

    Єчүнчү мөөр – кара атчан

    6:5 Ал үчүнчү мөөрдү ачканда, мен үчүнчү тирүү жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум. Карасам, кара ат чыкты, аны минип тургандын колунда тараза бар экен.

    6:6 Ошондо мен төрт тирүү жандыктын ортосунан мындай деп сүйлөгөн эндү уктум: «Бир ченем буудай бир динарий, үч ченем арпа бир динарий болсун, ал эми май менен шарапка кол тийгизбе».

    Төртүнчү мөөр – боз атчан

    6:7 Ал төртүнчү мөөрдү ачканда, төртүнчү тирүү жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум.

    6:8 Карасам, боз ат чыкты, аны минип тургандын ысымы «өлүм» экен. Анын артынан өлгөндөр жаткан жай эүрчип алыптыр. Ага жердин төртүнчү бөлүгүн кылыч жана ачкачылык менен, жугуштуу оору жана жырткычтар менен өлтүрүүгө бийлик берилди.

    Бешинчи мөөр – курмандык чалынуучу жайдын алдындагы азап тарткан адамдар

    6:9 Ал бешинчи мөөрдү ачканда, мен курмандык чалынуучу жайдын алдынан Кудайдын сөзү үчүн жана өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү үчүн өлтүрүлгөн адамдардын жандарын көрдүм.

    6:10 Алар эндөрүн бийик чыгарып, мындай деп кыйкырып жатышты: «Ыйык жана чыныгы эгедер, качанкыга чейин сот жүргүзбөйсүң, качанкыга чейин биздин каныбыз үчүн жер үстүндө жашагандардан өч албайсың?»

    6:11 Ошондо алардын ар бирине ак кийим берилди жана аларга: «Кызматташтарыңар менен бир туугандарыңар да силердей болуп өлтүрүлүп, белгиленген санды толуктаганга чейин, дагы бир аз убакыт тынчтана тургула», – деп айтылды.

    Алтынчы мөөр – Козунун каары

    6:12 Ал алтынчы мөөрдү ачканда, карасам, катуу жер титирөө болду, күн зумбал сыяктуу карарды, ай кан сыяктуу кызарды.

    6:13 Катуу шамалдан анжыр дарагынын быша элек мөмөлөрү күбүлүп түшкөн сыяктуу, асмандагы жылдыздар жерге түштү.

    6:14 Асман да түрүлгөн кагаз сыяктуу түрүлүп жок болду. Бардык тоолор, бардык аралдар ордунан жылды.

    6:15 Жер үстүндөгү падышалар да, башчылар да, байлар да, миң башылар да, күчтүүлөр да, кулдар да, эркин адамдар да үңкүрлөргө жана капчыгайларга жашынып,

    6:16 тоолорго жана аскаларга: «Yстүбүзгө кулап, бизди тактыда Отургандын жүзүнөн жана Козунун каарынан жашыра көргүлө.

    6:17 Анткени Анын каары төгүлө турган улуу күн келди, ага ким туруштук бере алат?» – дешти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск