Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Төрт майдан араба жөнүндөгү көрүнүш

    6:1 Анан мен башымды дагы көтөрүп, эки тоонун ортосундагы капчыгайдан төрт майдан араба чыгып келе жатканын көрдүм. Ал тоолор жез тоолор эле.

    6:2 Биринчи арабадагы аттар жүүрде, экинчи арабадагы аттар кара,

    6:3 үчүнчү арабадагы аттар ак, төртүнчү арабадагы аттар тору, күчтүү аттар экен.

    6:4 Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Булар эмне, мырзам?» – деп сурадым.

    6:5 Периште мага мындай деп жооп берди: «Булар – бүт жер жүзүнүн Теңиринин алдында турган жеринен чыгып келе жаткан төрт асман руху.

    6:6 Кара аттар чыгып, түндүк өлкөсүн көздөй бара жатышат, ак аттар алардын артынан келе жатышат, тору аттар чыгып, түштүк өлкөсүн көздөй бара жатышат».

    6:7 Күчтүү аттар чыгып, бүт жер жүзүн аралап чыгууга уруксат сурашты. Ал: «Баргыла, жерди аралап чыккыла», – деди. Алар жерди аралап чыгышты.

    6:8 Ошондо ал мени чакырып, мага: «Кара, түндүк жерине чыккандар түндүк жеринде Менин рухумду тынчтандырышты», – деди.

    Жешуянын таажы кийиши

    6:9 Анан мага Теңирден мындай сөз болду:

    6:10 «Туткундан келген адамдардан – Хелдайдан, Тобиядан жана Жедаядан күмүш менен алтын алып, ошол эле күнү Сепания уулу Жошиянын үйүнө, алар Бабылдан кайсы эйгө келишсе, ошол эйгө бар.

    6:11 Алардан алган күмүш менен алтындан таажы жаса. Анан аны улуу ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуянын башына кийгиз.

    6:12 Анан ага мындай де: Себайот Теңир мындай дейт: Мына Адам, Анын ысымы – Бутак, Ал өзүнүн тамырынан өнүп чыгып, Теңирдин ийбадатканасын тургузат.

    6:13 Ал Теңирдин ийбадатканасын тургузуп, даңкты кабыл алат, такка отурат, өзүнүн тагында отуруп падышачылык кылат. Анын тагында ыйык кызмат кылуучу болот, экөөнүн ортосунда тынчтык кеңеши болот.

    6:14 Ал таажы болсо Хейлем, Тобия, Жедая, Сепания уулу Хейин үчүн Теңирдин ийбадатканасында үстелик болуп тура берет.

    6:15 Алыстан да келип, Теңирдин ийбадатканасын курууга катышышат, ошондо Мени силерге Себайот Теңир жибергенин билесиңер. эгерде Кудай-Теңириңердин үнүн кунт коюп уга турган болсоңор, ушундай болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск