Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Теңирге орозо эмес, кайрымдуулук иштери жагат

    7:1 Дарийдин падышачылыгынын төртүнчү жылы, тогузунчу ай – Кислеп айынын төртүнчү күнү Захарияга Теңирден сөз болду.

    7:2 Ошондо Бейтел эли Саретсер менен Регем-Мелехти жана анын адамдарын Теңирдин алдында сыйынууга,

    7:3 Себайот Теңирдин үйүндөгү ыйык кызмат кылуучулардан жана пайгамбарлардан «Көп жылдан бери ыйлап орозо кармап келгенимдей эле, бешинчи айда ыйлап орозо кармасам болобу?» деп суратканы жиберди.

    7:4 Ошондо мага Себайот Теңирден мындай сөз болду:

    7:5 «Бул жердин бүт элине жана ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп айт: “Жетимиш жылдан бери бешинчи жана жетинчи айда орозо кармап ыйлаганыңарда, Мен үчүн орозо кармадыңар беле? Мен үчүн беле?

    7:6 Жегениңерде жана ичкениңерде, өзүңөр үчүн жеген жок белеңер, өзүңөр үчүн ичкен жок белеңер?

    7:7 Иерусалимге эл отурукташып, шаар тынч жашап жатканда, анын айланасындагы шаарларга, түштүк өлкөсүнө жана ойдуң жерлерге элдер отурукташканда, мурунку пайгамбарлар аркылуу Теңир ушул эле сөздөрдү айткан жок беле?”»

    Ысрайылдын чачырашынын себеби

    7:8 Ошондо Захарияга Теңирден мындай сөз болгон:

    7:9 Ошондо Себайот Теңир мындай деген: «Адилет сот жүргүзгүлө, ар бириңер өз бир тууганыңарга ырайым жана боорукердик көрсөткүлө.

    7:10 Жесир менен жетимге, келгин менен жакырга кысым көрсөтпөгүлө, жүрөгүңөрдө бири-бириңерге жамандык ойлобогула.

    7:11 Бирок алар уккулары келбей, Менден жүздөрүн буруп кетишти, укпаш үчүн, кулактарын жаап алышты.

    7:12 Себайот Теңир өзүнүн Руху менен мурунку пайгамбарлар аркылуу жиберген мыйзамды жана сөздөрдү укпаш үчүн, жүрөктөрүн таш кылып алышты. Ошон үчүн алар Себайот Теңирдин катуу каарына калышты.

    7:13 Мен чакырганда, алар укпай коюшту, алар чакырганда, Мен да укпай койдум, – дейт Себайот Теңир.

    7:14 Мен аларды өздөрү билбеген элдердин арасына чачып жибердим, алардан кийин бул жер эүн калды, бул жерде үч ким жашабай калды, бул сонун өлкөнү алар чөлгө айландырышты».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск