Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Учуп келе жаткан түрмөк китеп жөнүндөгү көрүнүш

    5:1 Кайрадан башымды көтөрүп, учуп келе жаткан түрмөк китепти көрдүм.

    5:2 Ошондо ал менден: «Сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен ага: «Учуп келе жаткан түрмөк китепти көрүп турам, анын узундугу жыйырма чыканак, туурасы он чыканак экен», – дедим.

    5:3 Ал мага мындай деди: «Бул – бүт жер бетине түшкөн каргыш. Анткени анын бир жак бетинде жазылгандай, ким уурулук кылса, ал жок кылынат; анын экинчи бетинде жазылгандай, ким калп карганса, ал жок кылынат».

    5:4 «Мен аны каптаттым, – дейт Себайот Теңир, – ал уурунун үйүнө жана Менин ысымым менен калп каргангандын үйүнө кирип, анын үйүндө болуп, анын өзүн да, дарактарын да, таштарын да жок кылат».

    үйфанын ичиндеги аял жөнүндөгү көрүнүш

    5:5 Анан мени менен сүйлөшкөн периште чыгып, мага мындай деди: «Башыңды дагы көтөрүп кара: эмне чыгып келе жатат?»

    5:6 Мен: «Бул эмне?» – деп сураганда, ал: «Бул чыгып келе жаткан – эйфа, бул – алардын бүт жер жүзүндөгү бейнеси», – деп жооп берди.

    5:7 Ошондо бир тегерек коргошун өйдө көтөрүлдү. Ал жерде, эйфанын ичинде бир аял отуруптур.

    5:8 Анан ал: «Бул аял – мыйзамсыздыктын өзү», – деди да, аны эйфанын ичине түрттү, ал эми эйфанын оозуна тегерек коргошунду ыргытты.

    5:9 Анан мен башымды көтөрүп карасам, эки аял чыгып келе жатыптыр, алардын канаттарында шамал бар экен, алардын канаттары илегилектин канаттарына окшош экен. Алар эйфаны жер менен асмандын ортосунда көтөрүп жөнөштү.

    5:10 Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Алар бул эйфаны кайда көтөрүп бара жатышат?» – деп сурадым.

    5:11 Ошондо ал мага: «Аялга Шинар жеринде эй куруп бериш үчүн көтөрүп бара жатышат. Yй даяр болгондо, ал ошол жерге, өзүнүн ордуна коюлат», – деп жооп берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск