Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Алтын чырактан менен эки зайтун дарагы жөнүндөгү көрүнүш

    4:1 Мени менен сүйлөшкөн периште кайрылып келип, мени уктап жаткан адамды ойготкондой ойготту.

    4:2 Анан ал менден: «Сен эмнени көрүп турасың?» – деп сурады. Мен мындай деп жооп бердим: «Чылк алтындан жасалган чырактанды, анын үстүндөгү зайтун майы куюла турган чөйчөкчөнү, анын үстүндөгү жети чыракты, анын үстүндөгү чырактардын ар биринин жетиден түтүгүн көрүп турам.

    4:3 Анын үстүндө эки зайтун дарагы бар экен, бири чөйчөктүн оң тарабында, экинчиси сол тарабында турат».

    4:4 Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Бул эмне, мырзам?» – деп сурадым.

    4:5 Ошондо мени менен сүйлөшкөн периште менден: «Сен мунун эмне экенин билбейсиңби?» – деп сурады. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – деп жооп бердим.

    Зоробабылга берилген убада

    4:6 Ошондо ал мага мындай деди: «Бул Теңирдин Зоробабылга айткан сөзү: “Аскер кошууну менен да эмес, күч менен да эмес, бир гана Менин Рухум менен”, – дейт Себайот Теңир.

    4:7 Сен кимсиң, улуу тоо? Зоробабылдын алдында сен бир түздүксүң. Ал негизги ташты “Кандай жыргал, кандай сонун!” деген кыйкырыктын астында алып чыгат».

    4:8 Ошондо мага Теңирден мындай сөз болду:

    4:9 «Бул эйдүн негизин Зоробабылдын колу койгон, анын колу бүтүрөт. Мени силерге Себайот Теңир жибергенин сен ошондо билесиң.

    4:10 Анткени ким бул күндү мааниси жок күн деп эсептей алат? Зоробабылдын колундагы курулуш салмоорду кубаныч менен карап турган жанагы жети көз – Теңирдин бүт жер жүзүн карап турган жети көзү».

    4:11 Ошондо мен андан: «Чырактандын оң тарабында да, сол тарабында да турган бул эки зайтун дарагы эмнени билдирет?» – деп сурадым.

    4:12 Мен ага экинчи жолу суроо бердим: «үки алтын түтүк аркылуу өзүнөн алтын куюп турган эки зайтун бутагы эмнени билдирет?»

    4:13 Ошондо ал мага: «Сен мунун эмне экенин билбейсиңби?» – деди. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – дедим.

    4:14 Ошондо ал: «Бул экөө – зайтун майы менен майлангандар, бүт жер жүзүнүн Теңиринин алдында тургандар», – деп жооп берди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск