Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуя жөнүндө көрүнүш

    3:1 Ал мага Теңирдин периштесинин алдында турган улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуяны жана ага каршылык кылыш үчүн, анын оң кол тарабында турган шайтанды көрсөттү.

    3:2 Ошондо Теңирдин периштеси шайтанга мындай деди: «Сага Теңир тыюу салсын, шайтан! Сага Иерусалимди тандап алган Теңир тыюу салсын! Ал оттон чыгарып алынган чычала эмеспи?»

    3:3 Булганган кийим кийген Жешуя периштенин алдында турду.

    3:4 Ошондо периште өзүнүн алдында тургандарга: «Анын булганган кийимин чечкиле», – деди. Анын өзүнө болсо: «Кара, Мен сенден айыбыңды алып салдым, сага жакшы кийим кийгизип жатам», – деди.

    3:5 Анан мындай деди: «Анын башына таза кидар кийгизгиле!» Ошондо анын башына таза кидар, үстүнө кийим кийгизишти. Теңирдин периштеси болсо ошол жерде турду.

    3:6 Теңирдин периштеси Жешуяга мындай деп күбөлөндүрдү:

    3:7 Себайот Теңир мындай дейт: «үгерде сен Менин жолдорум менен жүрсөң, Менин күзөтүмдө турсаң, анда Менин үйүмдү башкарасың, Менин короо-жайларымды көзөмөлдөйсүң, Мен сени ушул жерде тургандардын арасында жүрө тургандай кылам.

    3:8 Улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуя, сен да, сенин алдыңда отурган бир туугандарың, атактуу адамдар да, уккула: мына, Мен өзүмдүн кулум Бутакты алып келе жатам.

    3:9 Анткени Жешуянын алдына Мен койгон таш мына. Ал таштын жети көзү бар, Мен анын үстүнө оюп жазам, – дейт Себайот Теңир, – ошентип, бул жердин күнөөсүн бир күндө өчүрөм.

    3:10 Ошол күнү, – дейт Себайот Теңир, – бири-бириңерди жүзүм багынын жана анжыр дарагынын түбүнө чакырасыңар».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск