Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Захария 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Жер ченеген арканы бар адам жөнүндө көрүнүш

    2:1 Анан мен башымды дагы көтөрүп, колунда жер ченегич арканы бар бир адамды көрдүм.

    2:2 Мен андан: «Кайда бара жатасың?» – деп сурадым. Ал мага: «Иерусалимди ченеш үчүн, анын туурасы менен узуну канча экенин билиш үчүн бара жатам», – деп жооп берди.

    2:3 Анан мени менен сүйлөшкөн периште кетти, кетип бара жатканда, анын алдынан дагы бир периште тосуп чыгып, мындай деди:

    2:4 «Тезинен барып, бул жаш уланга мындай де: “Ичинде адам менен мал көп болгондуктан, Иерусалим чепсиз жашайт”».

    2:5 «Мен ага, – дейт Теңир, – аны курчаган оттуу чеп болом, анын ичинде даңкталам.

    2:6 үй, эй! Түндүк өлкөсүнөн качкыла, – дейт Теңир. – Анткени Мен силерди туш тарапка чачып жибердим, – дейт Теңир.

    2:7 Бабылдын кыздарыныкында жашап жаткан Сион, качып кутул».

    2:8 Анткени Себайот Теңир мындай дейт: «Силер урматталышыңар үчүн, Ал Мени силерди талап-тоногон элдерге каршы жиберди. Анткени силерге ким тийсе, ал Анын көзүнүн карегине тийген болот.

    2:9 Мен колумду аларга каршы көтөрөм, алар өз кулдарынын олжосу болушат. Ошондо Мени Себайот Теңир жибергенин билесиңер.

    2:10 Кубан, шаттан, Сион кызы! Анткени Мен келип, сенин ичиңде жашайм, – дейт Теңир.

    2:11 Ошол күнү көп элдер Теңирге келип, Менин элим болушат. Мен сенин ичиңде жашайм, ошондо Мени сага Себайот Теңир жибергенин билесиң.

    2:12 Ошондо Теңир Жүйүттү, ыйык жердеги өзүнүн энчисин, өзүнө энчи кылып алат, Иерусалимди кайрадан тандап алат.

    2:13 Теңирдин жүзүнүн алдында үч бир адам унчукпасын! Анткени Ал өзүнүн ыйык турагынан туруп келе жатат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск