Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Дөөт менен Жойаптын Рабени жеңиши

    20:1 Бир жылдан кийин, падышалар согушууга чыга турган кезде, Жойап өзүнүн аскерлери менен чыгып, амондуктардын жерин талкалай баштады, анан Рабе шаарына келип, аны курчоого алды. Дөөт болсо Иерусалимде калган. Жойап Рабени каратып алып, аны талкалады.

    20:2 Дөөт алардын падышасынын башынан таажысын алды. Ал таажынын салмагы бир талант алтын, анын үстүндө кымбат баалуу асыл таштар бар эле. Таажыны Дөөттүн башына кийгизишти. Дөөт шаардан өтө көп олжо алып чыкты.

    20:3 Ал шаардагы кишилерди алып чыгып, араа, чот жана балта менен оор жумуштарды иштетти. Дөөт амондуктардын бардык шаарын ушундай кылды, анан бүт эли менен Иерусалимге кайтты.

    Пелиштиликтер менен болгон согуш

    20:4 Ошондон кийин Гезерде пелиштиликтер менен согуш башталды. Ошондо хушалык Сипхай Репа тукумунан болгон Сыпайды өлтүрдү. Алар багынып беришти.

    20:5 Пелиштиликтер менен дагы согушушту. Ошондо Жайырдын уулу элханан токуучу куралдын баканындай найза көтөргөн гаттык Голийаттын бир тууганы Лахмини өлтүрдү.

    20:6 Гатта дагы согуш болду. Ал жерде бир узун бойлуу киши бар эле, анын буту-колунда алтыдан манжасы, бардыгы жыйырма төрт манжасы бар эле. Ал да Репа тукумунан болгон.

    20:7 Ал Ысрайылды шылдыңдаган, бирок Дөөттүн бир тууганы Шиманын уулу Жонатан аны өлтүргөн.

    20:8 Булар Гаттагы Репа тукумунан эле, алар Дөөттүн жана анын кызматчыларынын колунан өлүштү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск