Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Паралипоменон 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Жойаптын жетекчилиги астындагы амондуктар менен болгон согуш

    19:1 Ошондон кийин амондуктардын падышасы Нахаш дүйнөдөн кайтып, анын ордуна уулу падыша болду.

    19:2 Ошондо Дөөт: «Атасынын мага кылган жакшылыгы үчүн, Нахаштын уулу Ханунга ырайым көрсөтөм», – деп айтты. Атасы өлгөн Ханунга көңүл айттырыш үчүн, Дөөт элчилерин жөнөттү. Ханунга көңүл айтыш үчүн, Дөөттүн кулдары амондуктардын жерине келишти.

    19:3 Бирок амондуктардын төрөлөрү Ханунга: «Көңүл айтуучуларды Дөөт сага сенин атаңды сыйлагандыктан жиберди деп ойлойсуңбу? Анын кулдары сага жериңди чалгындап, карап чыгып, анан чаап алыш үчүн келип жүрүшпөсүн?» – деп айтышты.

    19:4 Ошондо Ханун Дөөттүн кулдарын кармап алып, алардын сакалынын жарымын кырып, кийген кийимдерин белинен ылдый кесип салды, анан аларды коё берди.

    19:5 Алар жөнөп кетишти. Бул кишилер тууралуу Дөөткө кабар жетти. Булар маскара болушкандыктан, жолунан тосуп чыгууга ал чабармандарды жөнөттү. Падыша аларга: «Сакалыңар өскүчө, Жериходо тура тургула, анан кайтып келгиле», – деди.

    19:6 Амондуктар өздөрүнүн Дөөткө жек көрүндү болуп калышканын билип, Ханун менен амондуктар Месопотамиянын Сириясынан, Мааханын Сириясынан жана Собадан майдан арабалар менен атчандарды жалдаш үчүн, бир миң талант күмүш жөнөтүштү.

    19:7 Алар отуз эки миң майдан арабаны жана Мааха падышасын эли менен кошо жалдап алышты. Алар Мейдебанын алдына келип, кошуундарын жайланыштырышты. Амондуктар өз шаарларынан топ-топ болуп чогулушуп, майданга киришти.

    19:8 Дөөт бул тууралуу укканда, Жойапты бардык эр жүрөк аскерлери менен кошо жөнөттү.

    19:9 Амондуктар салгылашка киришти, алар шаар дарбазасынын алдына катар-катар турушту, ал эми келген падышалар өздөрүнчө талаада турушту.

    19:10 Жойап өзүнүн алдынан да, артынан да салгылашарын билип, Ысрайылдын тандамал жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алып, аларды сириялыктарга каршы тизди.

    19:11 Ал эми калган элдин бөлүгүн амондуктарга каршы катар тургузууну өз бир тууганы Абышайга тапшырды.

    19:12 Ал мындай деди: «үгерде сириялыктар мени жеңип бара жатса, сен мага жардамга келесиң. эгерде амондуктар сени жеңип бара жатса, сага мен жардам берем.

    19:13 Кайраттуу бол, өз элибиз үчүн жана Кудайыбыздын шаарлары үчүн бекем турабыз, Теңир өзүнө жакканды кылсын».

    19:14 Жойап өзүнүн адамдары менен сириялыктарга каршы салгылашка кирди. Алар андан качып жөнөштү.

    19:15 Амондуктар сириялыктардын качканын көрүп, өздөрү да анын бир тууганы Абышайдан качып, шаарга киришти. Жойап Иерусалимге кайтып келди.

    19:16 Сириялыктар өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүп, элчилерин жөнөтүп, дарыянын аркы бетиндеги сириялыктарды алып чыгышты. Ададезердин аскер башчысы Шобак аларга жол башчылык кылды.

    Дөөттүн аскерлердин башында турушу

    19:17 Бул тууралуу Дөөткө билдиришкенде, ал бардык ысрайылдыктарды чогултуп, Иордандан өтүп, аларга келип, сириялыктарга каршы аскерин тизди. Дөөт сириялыктарга каршы салгылашка кирди, алар аны менен согушту.

    19:18 Сириялыктар ысрайылдыктардан качып жөнөштү, Дөөт сириялыктардын жети миң майдан арабасын талкалап, кырк миң жөө аскерин жана аскер башчысы Шобакты өлтүрдү.

    19:19 Ададезердин кулдары өздөрүнүн ысрайылдыктардан жеңилгенин көрүшүп, Дөөт менен тынчтык келишим түзүп, ага баш ийип беришти. Ошондон кийин сириялыктардын амондуктарга жардам бергилери келбей калды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск