Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    Иерусалимдеги Жыйынга көрсөтүлгөн жардам

    16:1 Ыйыктар үчүн чогултулчу жардам жөнүндө айтарым: Галатиядагы Жыйындарга берген көрсөтмөмдү колдонгула.

    16:2 Мен барганда чогултуп жүрбөшүңөр үчүн, ар жуманын биринчи күнү ар бириңер шартыңарга жараша колуңардан келгенин чогултуп коюп жүргүлө.

    16:3 Барганымда, өзүңөр тандаган адамдарды кат менен Иерусалимге жөнөтөм. Алар чогулткандарыңарды Иерусалимге жеткирип барышат.

    16:4 үгерде менин да барышым керек болсо, алар мени менен барышат.

    16:5 Адегенде Македонияга барып, андан ары силерге барам.

    16:6 Араңарда бир аз убакыт туруп калат окшойм, атүгүл, кыштап калышым да ыктымал. Кийин силер мени бара турган жагыма узатып коёрсуңар.

    16:7 Мен силерге тийип эле кетким келген жок. Кудай буюрса, силер менен көп убакыт бирге болоюн деген оюм бар.

    16:8 үлүэнчү күн майрамына чейин эфесте болом.

    16:9 Анткени мен үчүн эшик кенен ачылды, бирок каршылашкандар да көп.

    16:10 үгерде силерге Тиметей барса, өмүрүнө коркунуч туулбагыдай болсун. Анткени ал да мага окшоп, Теңирдин ишин кылып жатат.

    16:11 Аны тоотпой койбогула. Силер аны тынчтык менен узатып койгула, биз аны бир туугандар болуп күтүп жатабыз.

    16:12 Аполос бир тууганыбыздан бир туугандар менен бирге силерге баруусун абдан өтүндүм. Бирок ал азыр барууну каалаган жок, ыңгайы келгенде барат.

    16:13 Сергек болгула, ишенимиңерди бек туткула, бекем болгула, кайраттуу болгула.

    16:14 Бардык ишти сүйүү менен кылгыла.

    16:15 Ахая жеринде Теңирге биринчилерден болуп ишенген, өздөрүн ыйыктарга кызмат кылууга арнаган Степандын эй-бүлөсүн билесиңер.

    16:16 Бир туугандарым, силерден өтүнөрүм, мындай адамдарды сыйлагыла. Силерге жардам көрсөтүп, силер менен чогуу эмгектенген адамдардын баарын сыйлагыла.

    16:17 Степандын, Портунаттын жана Ахайиктин келгенине аябай кубандым, анткени алар силерди жоктотушкан жок.

    16:18 Алар мени да, силерди да тынчтандырып коюшту, мындай адамдарды сыйлагыла.

    16:19 Асиядагы Жыйындар силерге салам айтып жатышат. Теңир жолунда жүргөн Акила менен Прискила да өздөрүнүн үйүндө чогулган Жыйын менен бирге силерге ысык салам айтып жатышат.

    16:20 Бардык бир туугандар силерге салам айтып жатышат. Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла.

    16:21 Мен, Пабыл, саламымды өз колум менен жаздым.

    16:22 Теңирибиз Ыйса Машайакты сүйбөгөн адамга анафема! Маранафа!1

    16:23 Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгө берсин!

    16:24 Мен баарыңарды Машайак Ыйсанын сүйүүсү менен сүйөм. Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск