Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Буркандарга багышталган курмандыктар жөнүндө

    8:1 Буркандарга багышталган тамак-аш жөнүндө баарыбыз эле билебиз, анткени баарыбызда эле билим бар. Бирок билим адамды текебер кылат, ал эми сүйүү адамдын акылына акыл кошот.

    8:2 «Бир нерсе билем», – деп ойлогон адам эмнени билүү керек экендигин али биле элек.

    8:3 Бирок Кудай өзүн сүйгөн адамга билим берген.

    8:4 Буркандарга багышталган тамак-ашты жегенге болор-болбосу жөнүндө сөз кыла турган болсок, биз буркандын бул дүйнөдө үч нерсеге арзыбаган нерсе экенин, жалгыз Кудайдан башка Кудай жок экендигин билебиз.

    8:5 Жер үстүндө болобу, асманда болобу, «кудай» деп аталгандар бар болгону менен (анткени көптөгөн кудайлар жана үстөмдүк кылуучулар бар),

    8:6 бизде бир гана Кудай Ата бар. Баарын Ал жараткан, биз да Ал үчүн жаратылганбыз. Ошондой эле бир гана Теңир – Ыйса Машайак бар, баары Ал аркылуу жаратылган, биз да Ал аркылуу жаратылганбыз.

    8:7 Бирок баарында эле мындай билим жок. Күү бирөөлөр азыркыга чейин өздөрүнүн бутпарастык эски адаты боюнча бул тамакты буркандарга багышталган тамак катары жешет. Алардын абийири алсыз болгондуктан булганат.

    8:8 Тамак бизди Кудайга жакындатпайт: жесек, бир нерсеге эү болбойбуз; жебей койсок, үч нерсе жоготпойбуз.

    8:9 Бирок сак болгула, силердин ушул эркиндигиңер алсыздар үчүн азгырык болбосун.

    8:10 үгерде алсыз бир тууганың билимдүүмүн деген сенин бутканада тамак жеп отурганыңды көрүп калса, буркандарга багышталган тамак-аштан анын да жегиси келбес бекен?

    8:11 Машайак сенин ушул алсыз бир тууганың үчүн да өлгөн, сен болсо өз билимиң менен аны өлүмгө дуушар кылып жатасың.

    8:12 Алсыз бир туугандарыңардын абийирин жаралап, аларга каршы күнөө кылууңар менен силер Машайакка каршы күнөө кылып жатасыңар.

    8:13 үгерде мен жеп жаткан тамак бир тууганымдын азгырылышына түрткү болсо, бир тууганым азгырылбашы үчүн, мен этти үч качан оозума албайм.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск