Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 7

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    7-БөЛЄМ

    Єй-бүлө куруу жана так өтүү жөнүндө

    7:1 Ал эми силердин мага жазып жибергениңер жөнүндө айтарым бул: эркектин аялга жакындабай эле койгону жакшы.

    7:2 Бирок ойноштук кылбаш үчүн, ар бир эркектин аялы, ар бир аялдын күйөөсү болсун.

    7:3 Күйөөсү аялына карата, аялы күйөөсүнө карата жубайлык милдетин аткарсын.

    7:4 Аялдын денеси өзүнө эмес, күйөөсүнө таандык. Ошондой эле эркектин денеси өзүнө эмес, аялына таандык.

    7:5 өз ара макулдашкандан кийин, орозо кармоо жана сыйынуу үчүн гана бири-бириңерден убактылуу алыс болгула. Андан кийин кайрадан бирге болгула, өзүңөрдү кармай албаганыңардан пайдаланып, шайтан азгырып кетпесин.

    7:6 Мен муну буйрук катары эмес, кеңеш катары айтып жатам.

    7:7 Анткени бардык адамдардын мендей болушун каалар элем. Бирок ар бир адамдын Кудайдан алган рухий жөндөмдүүлүгү бар, бири мындай болсо, экинчиси тигиндей.

    7:8 Єйлөнө электерге жана жесирлерге айтарым: алардын мен сыяктуу жалгыз болгону жакшы.

    7:9 үгерде өздөрүн кармай алышпаса, үйлөнүшсүн. Кумарлангандан көрө, үйлөнгөн жакшы.

    7:10 Ал эми эй-бүлө кургандарга мен эмес, Теңир мындай буйрук кылат: «Аял күйөөсү менен ажырашпасын.

    7:11 үгерде ажыраша турган болсо, кайра күйөөгө тийбесин, же күйөөсү менен жарашсын. Ал эми эркек аялын кетирбесин».

    7:12 Дагы бирөөлөргө Теңир эмес, мен мындай демекчимин: эгерде кайсы бир бир туугандын аялы Теңирге ишенбесе, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал бир тууган аялы менен ажырашпасын.

    7:13 Кайсы бир бир туугандын күйөөсү Теңирге ишенбесе, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал бир тууган күйөөсү менен ажырашпасын.

    7:14 Анткени Теңирге ишенбеген күйөөсү Теңирге ишенген аялы аркылуу, Теңирге ишенбеген аялы Теңирге ишенген күйөөсү аркылуу ыйыкталат. Болбосо балдарыңар ыйык болмок эмес, азыр алар ыйык.

    7:15 үгерде Теңирге ишенбеген тарап ажырашууну кааласа, ажырашсын. Мындай учурда бир туугандын башы бош, Кудай бизди тынчтыкка чакырган.

    7:16 Аял, балким, күйөөң сен аркылуу куткарылып калар, кайдан билесиң? эркек, балким, аялың сен аркылуу куткарылып калар, кайдан билесиң?

    7:17 Кудай кимге эмнени белгилесе жана кимди кандай абалында чакырып алса, ошол боюнча жашасын. Мен бардык Жыйындарга ушундай буйрук берем.

    7:18 Сүннөткө отургузулган абалыңда чакырылсаң, жашырынба. Сүннөткө отургузулбаган абалыңда чакырылсаң, сүннөткө отургузулбай эле кой.

    7:19 Сүннөткө отургузулуу же отургузулбоо маанилүү эмес, маанилүүсү – Кудайдын осуяттарын аткаруу.

    7:20 Ким кандай абалында чакырылса, ошол абалында калсын.

    7:21 Кул абалыңда чакырылган болсоң, уялба. эгерде эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүгүң бар болсо, жакшысын пайдаланып кал!

    7:22 Кул абалында чакырылган адам – Теңир алдында эркин адам. Ошол сыяктуу эле эркин абалында чакырылган адам – Машайактын кулу.

    7:23 Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, адамга кул болбогула.

    7:24 Бир туугандар, ким кандай абалында чакырылса, Кудай алдында ошол абалында калсын.

    7:25 Турмушка чыга элек кыздар жөнүндө Кудайдан буйрук алган эмесмин. Бирок Теңирдин ырайымын көрүп, ишенимдүү болгон адам катары кеңеш берем.

    7:26 Азыркы кыйынчылыктарды эске алганда, эй-бүлө курбай эле койгон жакшы деп ойлойм.

    7:27 Аялың бар болсо, ажырашам дебе. Аялсыз калсаң, аял издебе.

    7:28 үгерде үйлөнсөң, күнөө эмес. эгерде кыз турмушка чыкса, күнөө эмес. Бирок эй-бүлө кургандар дене жагынан азап тартышат. Мен болсо силерди аяйм.

    7:29 Силерге айтарым, бир туугандар, аз убакыт калды. Мындан ары аялы барлар аялы жоктордой болсун.

    7:30 Ыйлагандар ыйлабагандардай, кубангандар кубанбагандардай, сатып алгандар сатып албагандардай,

    7:31 бул дүйнөнүн жыргалчылыгын көрүп жаткандар жыргалчылык көрбөгөндөрдөй болушсун. Анткени бул дүйнө – жок боло турган дүйнө.

    7:32 Мен силердин түйшүк тартышыңарды каалабайм. Єйлөнбөгөн адам Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт.

    7:33 Ал эми үйлөнгөн адам аялына жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт. Турмушка чыккан кыз менен турмушка чыкпаган кыздын да айырмасы бар.

    7:34 Турмушка чыкпаган кыз денеси, руху ыйык болуп, Теңирге жагуу үчүн, Теңирдикин ойлойт. Ал эми турмушка чыккан кыз күйөөсүнө жагуу үчүн, бул дүйнөнүкүн ойлойт.

    7:35 Муну силердин эркиндигиңерди чектеш үчүн эмес, силерге жакшы болуш үчүн айтып жатам. үч нерсеге алаксыбай, Теңирге ар дайым жакшы кызмат кылышыңарды каалайм.

    7:36 Ким өзүнүн жашы өтүп бара жаткан кызынын жалгыз өтүшүн туура көрбөсө, кызын күйөөгө берсин, күнөө эмес. Кызы турмушка чыксын.

    7:37 Ал эми ким кызын күйөөгө бербөөнү чечсе, ошол чечиминин туура экенине көзү жетсе, өз эрки менен ушундай кылса, ал жакшы кылат.

    7:38 Кызын күйөөгө берген адам жакшы кылат. Ал эми кызын күйөөгө бербеген адам андан да жакшы кылат.

    7:39 Күйөөсү тирүү турганда, аялдын башы бош эмес. Күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, аялдын башы бош. Каалаган адамына турмушка чыкса болот, бирок Теңирге ишенген адамга гана.

    7:40 Менин оюмча, жесир бойдон калган аял бактылуу. Менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск