Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Соттошуу жөнүндө

    6:1 Араңардан бирөөнүн кимдир бирөөгө доосу болсо, ыйыктардын алдында эле чечишип албайбы, кудайсыздардын сотуна кайрылууга кантип батынды?

    6:2 Же эмне, ыйыктардын дүйнөнү сотторун билбейсиңерби? өзүңөр дүйнөнү соттой турган адамдар болуп туруп, майда-барат иштерди чече албайсыңарбы?

    6:3 Келечекте периштелерди соттой турган адамдар экенибизди билбейсиңерби? Турмуш-тиричиликке байланыштуу көйгөйлөрдү чече албаганыңар кандай?

    6:4 Турмуш-тиричиликке байланыштуу суроолоруңарды чечүү үчүн, Жыйынга тиешеси жок адамдарга кайрыласыңар.

    6:5 Уялсаңар боло, араңарда бир туугандардын ортосундагы көйгөйдү чече ала турган бир да акыл-үстүү адам жокпу?

    6:6 Бир тууган бир тууган менен кудайсыздардын алдында соттошот деген эмне?

    6:7 Бир туугандардын ортосунда араздашуу бар дегендин өзү эле силер үчүн уят. Андан көрө бириңер бириңерден жеңилип калбайсыңарбы! Андан көрө колуңардагыны тарттырып жибербейсиңерби!

    6:8 Силер болсо бир тууганыңарды таарынтып да, колундагысын тартып алып да жатасыңар.

    6:9 Же эмне, адилетсиздердин Кудайдын Падышачылыгын мурастабай тургандыгын билбейсиңерби? Алданбагыла! Ойноштук кылуучулар да, бутка табынуучулар да, нике бузуучулар да, аял жандуулар да, бачабаздар да,

    6:10 уурулар да, дүнүйөкорлор да, аракечтер да, ушакчылар да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт.

    6:11 Айрымдарыңар ушундай адамдар элеңер. Бирок Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына Кудайыбыздын Руху аркылуу жуулдуңар, ыйыкталдыңар жана акталдыңар.

    6:12 Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле пайдалуу эмес. Мага баарын кылууга болот, бирок үч нерсе менин үстүмөн бийлик жүргүзбөшү керек.

    6:13 Тамак кардың үчүн, кардың тамак үчүн. Бирок Кудай тигини да, муну да жок кылат. Дене ойноштук кылуу үчүн эмес, Теңир үчүн, Теңир болсо дене үчүн.

    6:14 Теңирди тирилткен Кудай өз кудурети менен бизди да тирилтет.

    6:15 Же эмне, денеңер Машайактын дене мүчөлөрү экенин билбейсиңерби? Машайактын дене мүчөсүн сойку аялдын мүчөсү кылмак белем? Албетте, жок!

    6:16 Же эмне, сойку аял менен кошулган адам аны менен биригип, бир дене болорун билбейсиңерби? Анткени Ыйык Жазууда: «үкөө бир дене болот», – деп жазылган.

    6:17 Ал эми Теңир менен бириккен адам Аны менен бир рух болот.

    6:18 Ойноштук кылуудан качкыла. Адам кылган бардык күнөөлөр денеден тышкары болот, ал эми ойноштук кылган адам өз денесине каршы күнөө кылат.

    6:19 Же эмне, денеңер силердин ичиңерде жашаган Ыйык Рухтун ийбадатканасы экендигин, Ал Рухту Кудайдан алганыңарды жана өзүңөрдүн өзүңөргө таандык эмес экениңерди билбейсиңерби?

    6:20 Силер кымбат баада сатылып алынгансыңар, ошондуктан Кудайды денеңер менен да, рухуңар менен да даңктагыла, анткени анын баары Теңирдики.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск