Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   | nbsp  VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Күнөө кетирген адамга чара көрүү

    5:1 Силердин араңарда бузуктук кылган адам бар экенин уктум. Ал өзүнүн өгөй энесин алып алыптыр. Мындай нерсе бутпарастар арасында да кездешпейт.

    5:2 «Мындай иш кылган адам арабыздан чыгарылса экен», – деп ыйлагандын ордуна кекирейесиңер да!

    5:3 Араңарда болбосом да, рухум силер менен, ошондуктан өзүмдү араңарда жүргөндөй эле сезип, мындай иш кылган адамга карата чечим чыгарып койдум.

    5:4 Теңирибиз Ыйса Машайактын ысымынын урматына чогулганыңарда, рухум силердин араңарда.

    5:5 Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү Теңирибиз Ыйса Машайактын күчү менен ал адамдын жаны куткарылып калышы үчүн, денеси кыйналышы үчүн, аны шайтанга берип салгыла.

    5:6 Мактанар жөнүңөр жок! Бир аз эле ачыткы бүт камырды ачытарын билбейсиңерби?

    5:7 Жаңы камыр болушуңар үчүн, эски ачыткыдан арылгыла. Силер ачыткысыз камырсыңар, анткени Пасах Козусу – Машайак биз үчүн курмандыкка чалынган.

    5:8 Ошондуктан эски ачыткы – бузуктук жана куулук-шумдук менен эмес, ачыткысыз нан – таза жүрөк жана чындык менен майрамдайлы.

    5:9 Мен силерге: «Бузуктук кылуучулар менен мамилелешпегиле», – деп, кат жазып жибергем.

    5:10 Бул дүйнөнүн бузуктук кылуучулары, дүнүйөкорлору, талап-тоноочулары жана бутка табынуучулары менен мамилелешпегиле дебейм. Болбосо бул дүйнөдөн таптакыр эле чыгып кетүүгө туура келмек.

    5:11 Мен силерге: «“Бир тууганыңармын”, – деп коюп, бузуктук кылганын, дүнүйөкорлугун, бутка табынганын, ушак сүйлөгөнүн, ичкилик ичкенин, уурулук кылганын таштабаган адам менен мамилелешпегиле. Атүгүл, аны менен бирге отуруп тамак да ичпегиле», – деп жазгам.

    5:12 Сырттагыларды соттоп эмне кылам? Жыйындагыларды силер соттошуңар керек эмес беле?

    5:13 Сырттагыларды Кудай соттойт. Ошондуктан бузулган адамды араңардан чыгарып салгыла.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск