Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    үлчилердин кызматы

    4:1 Ошентип, адамдар бизди Машайактын кызматчылары жана Кудайдын жашыруун сырларын билген эй башкаруучулары катары эсептей алгандай болушсун.

    4:2 Єй башкаруучулардан болсо ишенимдүүлүк талап кылынат.

    4:3 Мен жөнүндө силер кандай ойдосуңар, башкалар кандай ойдо, мен үчүн бул маанилүү эмес. өзүм да өзүмө баа бербейм.

    4:4 Абийирим таза, бирок муну менен актанбайм, анткени мага Кудай өзү Сот.

    4:5 Ошондуктан Теңир келгенче, алдын ала үч соттобогула. Теңир келгенде, караңгыга жашырылганды жарыкка чыгарат, жүрөктөгү ниеттерди ачыкка чыгарат. Ошондо Кудай ар бир адамга ишине жараша мактоо айтат.

    4:6 Ыйык Жазуудан четтеп, ашыкча акылдуусунбаганды бизден эйрөнүшүңөр үчүн, бир адамды экинчи бир адамдан жогору эсептебешиңер үчүн, бир туугандар, мен бул сөздөрдү силер үчүн, өзүмө жана Аполоско тиешелүү кылып айттым.

    4:7 Ким сени башкалардан жогору эсептеп жатат? Бардыгын Кудайдан алган жок белең? эгерде бардыгын Андан алган болсоң, анда эмне үчүн албагансып мактанып жатасың?

    4:8 Силер тоюп калдыңар, силер байып калдыңар, силер бизсиз эле падышачылык кыла баштадыңар. Силер чыны менен эле падышачылык кылып жатсаңар кана, анда биз да силер менен бирге падышачылык кылмакпыз!

    4:9 Кудай бизди, элчилерди, өлүмгө өкүм кылынган акыркы адамдардай кылып койсо керек деп ойлойм. Анткени биз бул дүйнөдө периштелер менен адамдар үчүн тамашага айландык.

    4:10 Биз Машайак үчүн акылсызбыз, силер болсо Машайактын ичинде акылдуусуңар! Биз алсызбыз, силер болсо күчтүүсүңөр! Силер кадыр-барктуу, биз болсо кадыр-барксыз адамдарбыз.

    4:11 Ушул кезге чейин ач-жылаңач болуп, суусап жүрөбүз, бизди таякташат, жер кезип жүрөбүз.

    4:12 өз колубуз менен эмгектенип жатабыз. Бизди жамандашат, биз батабызды беребиз. Бизди кубалашат, биз чыдайбыз.

    4:13 Бизди тилдегендерге жылуу жооп беребиз. Бул дүйнө үчүн биз ушул кезге чейин шыпырынды жана таштанды болдук.

    4:14 Мен муну силерди уяткарыш үчүн жазган жокмун. Силерге сүйүктүү балдарым катары акыл-насаат айтып жатам.

    4:15 Машайак жолунда насаатчыларыңар көп болгону менен, силерде аталар аз. Жакшы Кабар таратуу аркылуу Машайак Ыйса жолунда мен силердин атаңар болуп калдым.

    4:16 Ошондуктан силерден суранарым, мен Машайактан элгү алгандай эле, силер да менден элгү алгыла.

    4:17 Мен силерге Теңирге ишенимдүү, сүйүктүү уулум Тиметейди жибердим. Ал менин Машайак жолундагы жашоомду, бардык жерде, ар бир Жыйында кандай окутуп жүргөнүмдү силердин эсиңерге салат.

    4:18 Мен силерге барбачудай болуп, күү бирөөлөр көөдөнүн көтөрүп жатыптыр.

    4:19 Бирок Кудай буюрса, мен силерге жакында барам. Ошондо мен көөдөнүн көтөргөндөрдүн сөзүн эмес, күчүн сынап көрөм.

    4:20 Анткени Кудайдын Падышачылыгы сөз аркылуу эмес, күч аркылуу көрүнөт.

    4:21 Кайсынысын каалайсыңар, таяк менен барганымдыбы, же сүйүү жана момундук менен барганымдыбы?

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск