Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Жыйынды бөлүүчүлөрдү ашкерелөө

    3:1 Бир туугандар, мен силер менен рухий адамдар менен сүйлөшкөндөй сүйлөшө алган жокмун. Дененин каалоосун аткарып жашаган адамдар менен, Машайак жолундагы жаш балдар менен сүйлөшкөндөй сүйлөштүм.

    3:2 Мен силерге күчтүү тамак эмес, сүт бергем. Анткени силер күчтүү тамакты аш кыла алмак эмессиңер, аны азыр да аш кыла албайсыңар.

    3:3 Анткени силер азыр деле дененин каалоосун аткарып жашап жатасыңар. Ортоңордо көрө албастык, уруш-талаш, келишпестик бар болсо, дененин каалоосун аткарып жашаган адам эмей кимсиңер? Силер адамдык кылып жаткан жоксуңарбы?

    3:4 Бириңер: «Мен Пабылдыкымын», – десеңер, бириңер: «Мен Аполостукумун», – дейсиңер, дененин каалоосун аткарып жашаган адам эмей кимсиңер?

    3:5 Аполос ким? Пабыл ким? Алар – жөн гана кызматчылар, силер Теңирге ошолор аркылуу ишенип калдыңар. Теңирдин бергенине жараша алардын ар биринин жөндөмдүүлүгү бар.

    3:6 Мен урук септим, Аполос сугарды, бирок Кудай өстүрдү.

    3:7 Ошондуктан себүүчүнүн да, сугаруучунун да иши маанилүү эмес, себилгенди өстүрүүчү Кудайдын иши маанилүү.

    3:8 Себүүчү менен сугаруучунун эмгеги бирдей. Бирок ар бири өз эмгегине жараша акысын алат.

    3:9 Биз Кудайдын кызматташтарыбыз, силер болсо Кудайдын эгин талаасы жана Кудайдын имаратысыңар.

    3:10 Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы менен мен акылдуу куруучу катары пайдубал салдым. Башка бирөө ошол пайдубалдын үстүнө куруп жатат. Бирок ар бириң өзүңдүн кандай куруп жатканыңа көңүл бур!

    3:11 Себеби үч ким салынган пайдубалдан бөлөк пайдубал сала албайт, ал пайдубал – Ыйса Машайак өзү.

    3:12 Ал пайдубалдын үстүнө бирөө алтындан, бирөө күмүштөн, бирөө кымбат баалуу таштардан, бирөө чөптөн, бирөө жыгачтан, бирөө самандан курат.

    3:13 Ар бир адамдын кылган иши сот күнү ачыкка чыгат, себеби от аркылуу ачылат, кимдин иши кандай экенин от сынайт.

    3:14 Кимдин кылган иши отко туруштук берсе, ал сыйлыгын алат.

    3:15 Ал эми кимдин иши күйүп кетсе, ал зыян тартат. өзү куткарылат, бирок оттон чыккандай куткарылат.

    3:16 Кудайдын ийбадатканасы экендигиңерди, ичиңерде Кудайдын Руху жашарын билбейсиңерби?

    3:17 Ким Кудайдын ийбадатканасын талкаласа, аны Кудай талкалайт. Анткени Кудайдын ийбадатканасы ыйык, ал эми ал ийбадаткана силерсиңер.

    3:18 үч ким өзүн өзү алдабасын. Араңардан ким бул дүйнөдө акылдуу болгусу келсе, акылдуу болуш үчүн, акылсыз болсун.

    3:19 Анткени бул дүйнөнүн акылмандыгы – Кудай алдында акылсыздык. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Ал акылмандарды өздөрүнүн эле айла-амалы менен кармайт».

    3:20 Ошондой эле: «Кудай акылмандардын ою куру ой экендигин билет», – деп жазылган.

    3:21 Ошондуктан үч кимиңер адам менен мактанбагыла, анткени баары силердики.

    3:22 Пабыл да, Аполос да, Кейфа да, дүйнө да, өмүр да, өлүм да, азыркы учур да, келечек да – баары силердики.

    3:23 Силер болсо Машайактыкысыңар, Машайак Кудайдыкы.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск