Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Айкаш жыгачка кадалган Машайак жөнүндө сөз

    2:1 Бир туугандар, мен силерге барганымда, Кудайдын күбөлөндүрүүсүн чечендик же адамдык акылмандык менен жарыялаганы барган эмесмин.

    2:2 Анткени силерге барганда, айкаш жыгачка кадалган Ыйса Машайактан башка үч нерсе айтпай эле коёюн деп чечкем.

    2:3 Мен силердин араңарда алсыз болуп, калтырап коркуп жүрдүм.

    2:4 Силердин ишенимиңер адамдык акылмандыкка эмес, Кудайдын күчүнө негизделиши үчүн,

    2:5 мен сөз сүйлөгөндө жана насаат айтканда, адамдык акылмандык менен айтылган ишендирерлик сөздөргө эмес, Кудайдын Рухуна жана күчүнө таяндым.

    2:6 Акылмандуулук жөнүндө биз жеткилең адамдардын арасында сүйлөйбүз. Бирок бул акылмандуулук бул дүйнөнүн жана бул дүйнөнүн жок боло турган бийлик башындагыларынын акылмандуулугу эмес.

    2:7 Биз Кудайдын жашыруун сыр катары сакталып келген акылмандуулугу жөнүндө сүйлөйбүз. Биздин даңкталышыбыз үчүн, Кудай аны дүйнө жаратыла электен мурун эле белгилеп койгон.

    2:8 Ал акылмандыкты бул дүйнөнүн бийликтегилеринин бири да түшүнгөн жок. Түшүнүшсө, даңктуу Теңирди айкаш жыгачка кадашмак эмес.

    2:9 Ыйык Жазууда жазылгандай, «Кудай өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпаган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап койгон».

    2:10 Бизге муну Кудай өзүнүн Руху менен ачып берди. Анткени Рух бардыгын, Кудайдын улуу сырларын да билет.

    2:11 Адамдын оюнда эмне бар экенин ким билет? Адамдын ичиндеги рухтан башка үч ким билбейт. Ошол сыяктуу эле Кудайдыкын да Кудайдын Рухунан башка үч ким билбейт.

    2:12 Кудайдын бизге эмне бергенин билишибиз үчүн, биз бул дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдын Рухун кабыл алдык.

    2:13 Биз аны адамдык акылмандык аркылуу эйрөнгөн сөздөр менен жарыялап жаткан жокпуз, Ыйык Рух аркылуу эйрөнгөн сөздөр менен рухий адамдарга рухий тилде жарыялап жатабыз.

    2:14 Табигый адам Кудайдын Руху ачып берген чындыктарды кабыл албайт, анткени ал муну акылсыздык деп эсептейт. Ал муну түшүнө албайт, анткени бул жөнүндө рухий ой жүгүртүү керек.

    2:15 Рухий адам бардыгы жөнүндө ой жүгүртө алат, бирок ал адамга үч ким баа бере албайт.

    2:16 Кудайды эйрөткүдөй, Анын акыл-оюн ким билиптир? Ал эми бизде Машайактын акылы бар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск