Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болууга чакырылган Пабылдан жана бир тууганыбыз Состенден

    1:2 Кудайдын Корунттагы Жыйынына салам! Машайак Ыйса аркылуу ыйыкталган жана ыйык болууга чакырылган силерге, ошондой эле бардык жерде баарыбыздын Теңирибиз болгон Ыйса Машайактын ысымын чакыруучулардын баарына

    1:3 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

    1:4 Силер үчүн жана Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу силерге көрсөткөн ырайымы үчүн, Кудайга ар дайым ыраазычылык билдирем.

    1:5 Себеби силер Ыйса Машайак аркылуу бардыгына: сөзгө жана билимге байыдыңар.

    1:6 Анткени Машайактын күбөлөндүрүүсү силерде бекем орун алды.

    1:7 Теңирибиз Ыйса Машайактын келишин күтүп жаткан силер рухий жөндөмдүүлүктөрдүн үч биринен кем эмессиңер.

    1:8 Теңирибиз Ыйса Машайак келген күнү кемчиликсиз болушуңар үчүн, Ал силерди акырына чейин бекемдейт.

    1:9 Силерди өз Уулу – Теңирибиз Ыйса Машайак менен мамилелешүүгө чакырган Кудай ишенимдүү.

    Жыйындагы бөлүнүүлөр

    1:10 Бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан өтүнөм, баарыңардын сөзүңөр бир болсун. өз ара бөлүнбөгүлө, тескерисинче, бир ой, бир пикирге келгиле.

    1:11 Бир туугандарым, өз ара талашып-тартышып жатканыңар Хлоянын үйүндөгүлөрү аркылуу мага маалым болду.

    1:12 Муну айтып жатканымдын себеби: бириңер: «Мен Пабылдыкымын», бириңер: «Мен Аполостукумун», дагы бириңер: «Мен Кейфаныкымын», дагы бириңер: «Мен болсо Машайактыкымын», – деп жатыптырсыңар.

    1:13 үмне, Машайак бөлүндү беле? Пабыл силер үчүн айкаш жыгачка кадалды беле? Же силер Пабылдын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлдүңөр беле?

    1:14 Криспос менен Гайдан башкаңарды сууга чөмүлдүрбөгөнүм үчүн, Кудайга ыраазымын,

    1:15 «Мен Пабылдын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгөм», – деп, үч ким айта албайт.

    1:16 Степандын үйүндөгүлөрдү да сууга чөмүлдүргөм, алардан башка дагы кимди сууга чөмүлдүргөнүм эсимде жок.

    1:17 Машайак мени сууга чөмүлдүрүү үчүн жиберген эмес, Жакшы Кабар таратуу үчүн жиберген. Бирок аны чечендик менен таратуу үчүн жиберген эмес, болбосо Машайактын айкаш жыгачы өз күчүн жоготуп коёт.

    Машайак – Кудайдын күчү жана акылмандыгы

    1:18 Себеби айкаш жыгач жөнүндөгү сөз – өлүмгө бара жаткандар үчүн акылсыздык, ал эми куткарыла турган биз үчүн Кудайдын күчү.

    1:19 Анткени Ыйык Жазууда: «Даанышмандардын даанышмандыгын жок кылам, акылмандардын акылын четке кагам», – деп жазылган.

    1:20 Даанышман кайда? Мыйзамды окутуучу кайда? Бул дүйнөнүн акылдуусу кайда? Бул дүйнөнүн акылмандуулугун Кудай акылсыздыкка айландырган жокпу?

    1:21 өзүн акылман санаган бул дүйнө Кудайды кудайлык акылмандуулук боюнча тааныбай койгондуктан, Кудай ишенгендерди акылга сыйбаган сөз аркылуу куткарып алууну туура тапты.

    1:22 Анткени жүйүттөр керемет-жышаанды талап кылышат, эллиндер акылмандыкты издешет,

    1:23 биз болсо айкаш жыгачка кадалган Машайак жөнүндө жарыялайбыз. Жүйүттөр үчүн бул – азгырык, ал эми эллиндер үчүн акылсыздык.

    1:24 Чакырылгандар үчүн, алар жүйүт болобу, эллин болобу, Машайак – бул Кудайдын күчү жана Кудайдын акылмандыгы.

    1:25 Анткени Кудайдын «акылсызы» адамдардан акылдуу, Кудайдын «алсызы» адамдардан күчтүү.

    1:26 Кудай тарабынан чакырылып алынган бир туугандар, өзүңөрдүн ким экениңерди карап көргүлөчү: бир азыңар эле акылдуусуңар, бир азыңар эле күчтүүсүңөр, бир азыңар эле тектүү жерден чыккансыңар.

    1:27 Акылдууларды уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн акылсыздарын тандап алды. Күчтүүлөрдү уятка калтырыш үчүн, Кудай бул дүйнөнүн алсыздарын тандап алды.

    1:28 Бул дүйнөнүн барктууларынын баркын түшүрүү үчүн, Кудай бул дүйнөнүн тексиздерин, басынтылгандарын жана барксыздарын тандап алды.

    1:29 Кудай алдында үч бир адам мактанбашы үчүн ушундай кылды.

    1:30 Ал аркылуу силер Машайак Ыйсанын ичиндесиңер. Машайак биз үчүн Кудайдан келген акылмандуулук, адилеттик, ыйыктык жана куткарылуу болуп калды.

    1:31 Ошондуктан Ыйык Жазууда жазылгандай, «Мактанган адам Теңир менен мактансын».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск