Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 16

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    16-БөЛЄМ

    үлчинин саламы

    16:1 Кенхирея Жыйынында диакондук кызматты аткарган Пойбе карындашыбызды силерге тааныштырамын.

    16:2 Ыйыктарга ылайык келгендей, аны Теңир үчүн кабыл алгыла. Силердин араңарда жүргөндө, ал эмнеге муктаж болсо, жардам бергиле. Анткени ал көптөгөн адамдарга, ошондой эле мага да жардам берди.

    16:3 Машайак Ыйсага мени менен бирге кызмат кылган Прискила менен Акилага салам айтып койгула.

    16:4 Алар менин өмүрүм үчүн өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышкан. Аларга бир эле мен эмес, бутпарастардан түзүлгөн Жыйындардын баары ыраазы. Алардын үйүнө чогулган Жыйынга да салам айтып койгула.

    16:5 Ахаяда Машайакка биринчи болуп ишенген менин сүйүктүүм эпейнетке салам айтып койгула.

    16:6 Силер үчүн көп кызмат кылган Мариямга салам айтып койгула.

    16:7 Мени менен бирге түрмөдө отурган бир туугандарым Андроникке жана Унияга салам айтып койгула. Машайакка менден мурун ишенип калган алар элчилердин арасында кадыр-баркка эү.

    16:8 Теңир жолунда жүргөн менин сүйүктүүм Ампилийге салам айтып койгула.

    16:9 Машайакка биз менен бирге кызмат кылган Урбанга жана менин сүйүктүүм Стахиске салам айтып койгула.

    16:10 Машайак жолунда сыноодон өткөн Апелеске салам айтып койгула. Аристобулдун үйүндөгүлөрүнүн ишенгендерине да салам айтып койгула.

    16:11 Менин тууганым Иродийонго жана Наркистин үйүндөгүлөрүнүн Теңирге ишенгендерине салам айтып койгула.

    16:12 Теңирге кызмат кылган Трифайнага жана Трипосага салам айтып койгула. Теңир үчүн көп кызмат кылган менин сүйүктүүм Персидага салам айтып койгула.

    16:13 Теңир тандап алган Рутка жана мага да эне сыяктуу болуп калган анын энесине салам айтып койгула.

    16:14 Асинкиритке, Пилегонтко, эрмаска, Патропко, эрмеске жана алардын жанындагы бир туугандарга салам айтып койгула.

    16:15 Филолог менен Улияга, Нерейге жана анын карындашына, Олимпанга жана алардын жанындагы ыйыктардын баарына салам айтып койгула.

    16:16 Ыйык өбүшүү менен саламдашкыла. Силерге Машайактын бардык Жыйындары салам айтып жатышат.

    Жалган окутуулардан сак болуу

    16:17 Бир туугандар, силерди бул нерсеге чакырамын: ортого жик салуучулардан жана өзүңөр эйрөнгөн окутууга каршы азгыруучулардан сак болгула, андайлардан алыс болгула.

    16:18 Анткени андай адамдар Теңирибиз Ыйса Машайакка эмес, өздөрүнүн курсагына кызмат кылышат. Ишенчүүк адамдарды кулакка жагымдуу сөздөр менен, чечендик менен азгырышат.

    16:19 Силердин тил алчаактыгыңар баарына белгилүү. Ошондуктан мен силер үчүн кубанамын. Бирок мен силердин жакшы иштерди акылмандык менен кылышыңарды, жаман иштер менен булганбашыңарды каалаймын.

    16:20 Тынчтыктын булагы болгон Кудай жакында силердин бутуңардын астында шайтанды тебелеп салат. Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    Кызматташтарга салам айтуу

    16:21 Менин кызматташым Тиметей жана туугандарым Лукий, Жасон жана Сосипатыр силерге салам айтып жатышат.

    16:22 Бул катты жазган мен – Тертий да Теңир жолунда жүргөн силерге салам айтамын.

    16:23 Мага жана бүт Жыйынга меймандостугун көрсөтүп жаткан Гай силерге салам айтып жатат. Шаардын казына башчысы эраст жана бир тууганыбыз Куарт силерге салам айтып жатышат.

    16:24 Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск