Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 15

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    15-БөЛЄМ

    15:1 Биз, ишеними күчтүүлөр, алсыздардын алсыз жагын көтөрүшүбүз керек. өзүбүзгө жакканды эле ойлобой,

    15:2 ар бирибиз жакыныбызга жакканды ойлойлу. Ал үчүн жакшы болуусун, анын ишениминин өсүүсүн көздөйлү.

    15:3 Анткени Ыйык Жазууда: «Сага тил тийгизгендердин суук тили Мага тийип жатат», – деп жазылгандай, Машайак да өзүнө эмес, Атасына жакканды кылган.

    15:4 Ал эми буга чейин жазылгандын баары биздин эйрөнүшүбүз үчүн жазылган. Анткени биз Ыйык Жазуу аркылуу чыдамдуулукка жана кайраттуулукка эү болуп, эмүтүбүздү эзбөйбүз.

    15:5 Силер бир ой менен, бир ооздон Теңирибиз Машайак Ыйсанын Кудайын жана Атасын даңкташыңар үчүн,

    15:6 чыдамдуулук жана кайраттуулук берүүчү Кудай өзү Ыйса Машайактын эйрөтүүсү боюнча силерге өз ара бир ой берсин.

    15:7 Кудай даңкталышы үчүн, Машайак силерди кабыл алгандай, силер да бири-бириңерди кабыл алгыла.

    15:8 Силерге айтамын: Машайак сүннөттүүлөргө Кудайдын ата-бабаларыбызга берген убадасын аткарыш үчүн, Кудайдын чындыгын далилдөө үчүн кызматчы болду.

    15:9 Ал эми бутпарастарга Кудайды даңкташсын үчүн, Кудайдын аларга көрсөткөн ырайымы үчүн кызматчы болду. Ыйык Жазууда: «Теңир, Сени бутпарастардын арасында даңктаймын, Сенин ысымыңды даңктап ырдаймын», – деп жазылган.

    15:10 Ыйык Жазуунун дагы бир жеринде: «Бутпарастар, Анын эли менен бирге кубангыла», – деп жазылган.

    15:11 Ошондой эле: «Бардык бутпарастар, Теңирди мактагыла, бардык элдер, Аны даңктагыла», – деп да жазылган.

    15:12 Ышайа пайгамбар да: «Жышайдын тукумунан Бирөө чыгат, Ал бардык элдердин үстүнөн бийлик жүргүзөт. Ага бутпарастар эмүттөнүшөт», – деп айткан.

    15:13 Ыйык Рухтун күчү менен эмүткө бай болушуңар үчүн, эмүт берүүчү Кудай силерди ишеним жолунда кубанычка жана тынчтыкка бөлөсүн.

    үлчинин кызматы

    15:14 Бир туугандарым, силер өзүңөр деле ар кандай жакшы нерселерге жана билимге байсыңар, ошондой эле бири-бириңерге акыл-насаат айта аласыңар деп ишенем.

    15:15 Ошого карабастан, силердин эсиңерге салуу үчүн, мен күү бир нерселерди кайраттуулук менен жаздым.

    15:16 Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы боюнча Ыйса Машайактын кызматчысы болгон мен бутпарастарды Кудайдын алдына Ыйык Рух аркылуу ыйыкталган, жагымдуу тартуу катары алып келиш үчүн, Кудайдын Жакшы Кабарын таратуу ишин ыйык кызмат катары аткарып жатам.

    15:17 Ошентип, мен Кудай алдында Ыйса Машайак аркылуу мактана алам.

    15:18 Анткени Машайактын мен аркылуу аткаргандарынан башка нерсени айтууга батына албайм. Ал мен аркылуу сөз менен, иш менен, жышаандар жана ажайыптар менен, Ыйык Рухтун күчү менен бутпарастарды ишенимге баш ийдирди.

    15:19 Мен Иерусалимден баштап Илирикке чейинки аймактарга Машайактын Жакшы Кабарын толугу менен тараттым.

    15:20 Башка бирөө тургузган пайдубалдын үстүнө курбаш үчүн, мен Жакшы Кабарды Машайактын ысымы белгисиз болгон жерлерге таратууга аракеттендим.

    15:21 Анткени Ыйык Жазууда: «Ал жөнүндө кабары жоктор көрүшөт, укпагандар түшүнүшөт», – деп жазылган.

    15:22 Мына ошондуктан көп тоскоолдуктарга учурап, силерге бара албай жаттым.

    15:23 Азыр болсо бул өлкөлөрдө Жакшы Кабар таратылбаган жер калбагандыктан жана көп жылдан бери силерге аябай баргым келгендиктен,

    15:24 Испанияга бара жатканда, силерге тие кетем. Бара жатып, силерге жолугам деп эмүттөнөм. Силер менен бир аз болсо да баарлашып, кубаныч алганымдан кийин, мени узатып коёрсуңар.

    15:25 Азыр болсо мен ыйыктарга кызмат кылуу үчүн, Иерусалимге бара жатам.

    15:26 Анткени македониядагылар менен ахаядагылар Иерусалимдеги ыйыктардын арасындагы жакырларга жардам топтоп берүүнү чечишти.

    15:27 Ооба, ошондой чечишти, чынында, алар жүйүттөргө карыздар. Анткени бутпарастар рухий жагынан алар менен элүштөш болуп калышкандыктан, аларга тиричилик жагынан кызмат көрсөтүүлөрү керек.

    15:28 Топтолгон жардамды аларга толугу менен жеткирип берип, бул ишти аягына чыгаргандан кийин, силерге барам да, андан ары Испанияга кетем.

    15:29 Мен силерге Машайактын толук батасы менен барарымды билем.

    15:30 Бир туугандарым, Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу, Рухтун сүйүүсү аркылуу силерден өтүнөмүн: мен үчүн Кудайга сыйынып, мени менен чогуу күрөшкүлө.

    15:31 Жүйүт аймагындагы ишенбегендерден кутулушум үчүн, Иерусалим элине кылган кызматым ыйыктарга жагыш үчүн,

    15:32 Кудайдын эрки болсо, силерге кубаныч менен келип, силер менен бирге кубанышым үчүн сыйынып тургула.

    15:33 Тынчтыктын булагы болгон Кудай баарыңар менен болсун! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск