Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Бири-бириңерди соттобогула

    14:1 Ишеними алсыз адамды кабыл алгыла, анын көз караштары жөнүндө талашып-тартышпагыла.

    14:2 Бир адам баарын жей берсе болот деп ишенет, ал эми алсыз адам жашылчаларды гана жейт.

    14:3 Баарын жеген адам жебеген адамды басынтпасын. Күү бир нерселерди жебеген адам жеген адамды соттобосун, анткени аны Кудай кабыл алган.

    14:4 Бирөөнүн кулун соттогудай, сен кимсиң? Ал туруп турабы же жыгылабы, кожоюнунун көзөмөлү астында. Ал кайрадан тургузулат, анткени аны тургузууга Кудайдын кудурети жетет.

    14:5 Бир адам бир күндү бир күндөн айырмалайт, башка бир адам болсо бардык күндөрдү бирдей көрөт. Ар бир адам өзүнүн көз карашына бекем болсун.

    14:6 Күндөрдү айырмалаган адам Теңир үчүн айырмалайт, күндөрдү айырмалабаган адам Теңир үчүн айырмалабайт. Баарын жеген адам Теңир үчүн жейт, анткени Кудайга ыраазычылык билдирет. Күү бир нерселерди жебеген адам Теңир үчүн жебейт жана Кудайга ыраазычылык билдирет.

    14:7 Анткени үч кимибиз өзүбүз үчүн жашабайбыз жана үч кимибиз өзүбүз үчүн өлбөйбүз.

    14:8 Жашасак, Теңир үчүн жашайбыз. өлсөк, Теңир үчүн өлөбүз. Ошондуктан жашасак да, өлсөк да Теңирдикибиз.

    14:9 Машайак өлгөндөрдүн да, тирүүлөрдүн да Теңири болуш үчүн, өлүп кайра тирилген.

    14:10 үмне үчүн сен өзүңдүн бир тууганыңды соттоп жатасың? А сен эмне үчүн бир тууганыңды басынтып жатасың? Баарыбыз Кудайдын сотуна келебиз.

    14:11 Анткени Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Мен тирүүмүн, – дейт Теңир, – Менин алдымда ар бир адам тизе бүгөт, ар бир тил Кудай экенимди ачык тааныйт».

    14:12 Демек, Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз.

    14:13 Ошондуктан бири-бирибизди соттобойлу, андан көрө бир тууганыбыздын жыгылуусуна же азгырылуусуна түрткү болбоо жөнүндө ойлонолу.

    14:14 Мен Теңир Ыйсага ишенген адам катары муну билемин: өзүнөн өзү арам нерсе жок. Бирок арам деп эсептеген адам үчүн ал нерсе арам болот.

    14:15 үгерде бир тууганың сенин жеп жаткан тамагың үчүн кыйналып жатса, анда сен ага сүйүү менен мамиле кылып жаткан жоксуң. Сен аны жеген тамагың менен өлтүрбө, анткени Машайак ал үчүн да өлгөн.

    14:16 Силердин жакшы нерселериңерге тил тийбесин.

    14:17 Анткени Кудайдын Падышачылыгы тамак же суусундук эмес, тескерисинче, Ыйык Рух берген адилеттик, тынчтык жана кубаныч.

    14:18 Машайакка ушундай кызмат кылган адам Кудайга жагат, аны адамдар да кадырлайт.

    14:19 Ошондуктан тынчтыкка жана бири-бирибизди бекемдөөгө умтулалы.

    14:20 Тамак үчүн Кудайдын ишин бузба! Тамактын баары таза, бирок жеген тамагы менен башка бирөөнүн азгырылуусуна түрткү болгон адамга жаман.

    14:21 үт жеп, шарап ичүү же башка бир нерселер бир тууганыңдын мүдүрүлүүсүнө, азгырылуусуна, рухий жактан алсыроосуна түрткү болсо, андай нерселерди кылбай эле койгонуң жакшы.

    14:22 Ушул нерсе боюнча ишенимиң бар болсо, анда аны Кудай алдында, өз ичиңде сакта! өзү туура көргөн нерсе үчүн абийири айыптабаган адам бактылуу.

    14:23 Ал эми күмөн саноо менен жеген адам айыпталынат, анткени ал ишеним менен жеген жок. Ал эми ишеним менен кылынбаган ар бир нерсе – күнөө.

    Кудайды даңктоо

    14:24 Мен тараткан Жакшы Кабар боюнча жана Ыйса Машайактын сөзү боюнча, байыркы замандан бери айтылбай келе жаткан жашыруун сырдын ачылышы боюнча силерди бекемдөөгө Кудайдын кудурети жетет.

    14:25 Бул сыр азыр айкын болду жана түбөлүктүү Кудайдын буйругу боюнча пайгамбарчылык жазуулар аркылуу бардык элдерди ишенимге баш ийдирүү үчүн жарыя кылынган.

    14:26 Жалгыз акылман Кудай Ыйса Машайак аркылуу түбөлүккө даңктала берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск