Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 13

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    13-БөЛЄМ

    Бийликке баш ийүү

    13:1 Ар бир адам жогорку бийликтегилерге баш ийсин. Анткени Кудайдан болбогон бийлик жок, бийликтин баарын Кудай орноткон.

    13:2 Мына ошондуктан бийликке каршы чыккан адам Кудайдын тартибине каршы чыккан болот. Каршы чыккандар болсо өздөрүн өздөрү жазага дуушар кылышат.

    13:3 Анткени башчылардан жакшы иш кылгандар эмес, жаман иш кылгандар коркушат. Бийликтен корккуң келбесе, жакшы иштерди кыл. Ошондо андан мактоо угасың.

    13:4 Анткени башчы – Кудайдын кулу, ал сага жакшы болуш үчүн коюлган. эгерде жаман иш кылып жатсаң, корк. Себеби ал бекеринен кылыч алып жүрбөйт. Ал – Кудайдын кулу, жаман иш кылгандарды жазалоо үчүн коюлган.

    13:5 Ошондуктан жазадан корккондуктан эле эмес, абийириңердин таза болушу үчүн да баш ийишиңер керек.

    13:6 Ошон үчүн салык да төлөп жатасыңар. Анткени алар – Кудайдын кызматчылары, ар дайым ошол иш менен алек болушат.

    13:7 Ар кимге өз тиешесин бергиле: кимге салык төлөө керек болсо, салык төлөгүлө; кимге бажы акысын берүү керек болсо, бажы акысын бергиле; кимден коркуу керек болсо, корккула; кимге урмат көрсөтүү керек болсо, урмат көрсөткүлө.

    Бир туугандык сүйүү

    13:8 Бири-бириңерди сүйгөндөн башка үч кимге үч нерсе менен карыз болбогула. Анткени жакынын сүйгөн адам мыйзамды аткарган болот.

    13:9 Анткени «Ойноштук кылба», «Киши өлтүрбө», «Уурулук кылба», «Башка бирөөнүкүнө көз артпа» деген жана башка осуяттардын бардыгы «өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген сөз менен жыйынтыкталат.

    13:10 Сүйүү жакынына жамандык кылбайт. Демек, сүйүү – мыйзамдын аткарылышы.

    Ыйса Машайактын келишин күтүп жашоо

    13:11 Уйкудан ойгоно турган убакыт келгенин билишиңер керек. Анткени биз ишенип калган убакка караганда, азыр бизге куткарылуу жакын.

    13:12 Түн өтүп баратат, күн жакындап калды, ошондуктан караңгылыктын иштеринен баш тартып, жарыктын куралдарын асыналы.

    13:13 Шапар тебүүнү жана ичкиликти, аял (үркек) жандуулукту жана бузуктукту, уруш-талашты жана көрө албастыкты калтырып, күндүз жүргөн сыяктуу, өзүбүздү жакшы алып жүрөлү.

    13:14 Теңирибиз Ыйса Машайак менен тыгыз байланышта болгула. Денеге кам көрүүнү кумарга айландырбагыла.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск