Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 12

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    12-БөЛЄМ

    Кудайга кызмат кылуу

    12:1 Ошондуктан, бир туугандарым, Кудайдын боорукердиги менен силерден өтүнөмүн: Кудайга өзүңөрдүн денеңерди тирүү, ыйык жана Ага жага турган курмандык катары бергиле. Бул силердин рухий кызматыңар болот.

    12:2 Бул дүйнөгө ылайыкташпагыла, тескерисинче, Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экендигин таанып билүү үчүн, акыл-оюңарды жаңылантып туруу аркылуу толугу менен өзгөрүлгүлө.

    Кудайдын ырайымы менен берилген жөндөмдүүлүктөр

    12:3 Мага көрсөтүлгөн ырайымдын негизинде ар бириңерге айтамын: өзүңөр жөнүндө керектүүдөн артык ойлобогула, тескерисинче, Кудай ар бириңерге бөлүп берген ишенимиңерге жараша туура ой жүгүрткүлө.

    12:4 Анткени денебиздин мүчөлөрү көп болгону менен, бардык мүчөлөрдүн кызматы бирдей болбогон сыяктуу эле,

    12:5 биз да көп болгонубузга карабастан, Машайактын ичинде бир денени түзөбүз, ал эми өз-өзүнчө алганда, бири-бирибизге мүчөбүз.

    12:6 Кудайдын бизге көрсөткөн ырайымынын негизинде ар кандай рухий жөндөмдүүлүктөргө эүбиз. Кимде пайгамбарчылык кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, анда ал ишенимге ылайык пайгамбарчылык кылсын.

    12:7 Кимде кызмат кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал кызмат кылсын. Кимде окутуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал окутсун.

    12:8 Кимде насаат айтуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал насаат айтсын. Кимде таратуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал берешендик менен таратсын. Кимде башкаруу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал бүт аракети менен башкарсын. Кимде кайрымдуулук кылуу жөндөмдүүлүгү бар болсо, ал кубаныч менен кайрымдуулук кылсын.

    Бир туугандык мамиле

    12:9 Сүйүэңөр жалган болбосун: жамандыктан баш тартып, жакшылык кылууга умтулгула.

    12:10 Бири-бириңерди бир туугандык сүйүү менен, чын жүрөктөн сүйгүлө; бири-бириңерди озунуп урматтагыла.

    12:11 Аракетиңерден жазбагыла, рухуңарды жалындаткыла, Теңирге кызмат кылгыла.

    12:12 Ємүт менен кубангыла, кыйынчылыкка туруштук бергиле, туруктуулук менен сыйынгыла.

    12:13 Муктаждыгы бар ыйыктарга жардам бергиле, меймандос болууга аракеттенгиле.

    12:14 Силерди куугунтуктагандарга бата бергиле. Бата бергиле, каргабагыла.

    12:15 Кубангандар менен кубангыла, ыйлагандар менен ыйлагыла.

    12:16 өз ара бир ойдо болгула. өзүңөр жөнүндө жогору ойлобогула, тескерисинче, момундардын жолун жолдогула. өзүңөрдү акылдуу эсептебегиле.

    12:17 Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, бардык адамдардын алдында жакшылык кылууга аракеттенгиле.

    12:18 Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула.

    12:19 Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: «Теңир мындай дейт: өч Меники, Мен тиешесин берем», – деп жазылган.

    12:20 Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр. Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок эйөсүң.

    12:21 Жамандыкка жеңилбе, тескерисинче, жамандыкты жакшылык менен жең.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск