Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Ысрайыл элинин калдыгы

    11:1 Анда эмне, Кудай өз элин четке кактыбы? Албетте, жок! Анткени Ыбрайымдын тукумунан, Бенжемин тукумунан чыккан мен да ысрайылдыкмын.

    11:2 Кудай мурунтадан эле билген өз элин четке каккан жок. Же силер Ыйык Жазууда Илияс пайгамбар жөнүндө эмне деп айтылганын билбейсиңерби? Ал Ысрайыл элине каршы:

    11:3 «Теңир, Сенин пайгамбарларыңды өлтүрүштү. Сенин курмандык чалынуучу жайларыңды талкалашты. Жалгыз мен калдым, мени да өлтүргөнү жатышат», – деп, Кудайга арызданган.

    11:4 Бирок Кудайдын жообу кандай болду? «Мен жети миң эркекти өзүм үчүн сактап койдум, алар Баалдын алдында тизе бүгүшкөн жок».

    11:5 Ошол сыяктуу эле азыркы учурда да Кудайдын ырайымы менен тандалган калдык бар.

    11:6 Бул иштердин негизинде эмес, ырайымдын негизинде ишке ашкан. Болбосо ырайым ырайым болмок эмес.

    11:7 Анда эмне дейбиз? Ысрайыл эли издегенине жеткен жок, тандалгандар болсо жетишти, ал эми калгандарынын жүрөктөрү таш болуп калды.

    11:8 Бул жөнүндө Ыйык Жазууда: «Кудай аларга туйбастык рухун, көрбөгөн көз, укпаган кулак берди, ушул күнгө чейин ушундай», – деп жазылган.

    11:9 Дөөт пайгамбар да: «Алардын дасторкону өздөрүнө тор, тузак, сыйыртмак жана жаза болсун.

    11:10 Алардын көздөрү көрбөш үчүн тунарсын, белдери да биротоло бүкүрөйүп калсын», – дейт.

    Бутпарастардын куткарылуусу

    11:11 «Алар, эмне, турбас болуп жыгылыштыбы?» – деп сурагым келет. Албетте, жок! Бирок алардын жыгылуусу аркылуу бутпарастар куткарылды. Бул Ысрайыл элинин кызганычын ойготуу үчүн болду.

    11:12 үгерде алардын жыгылуусу дүйнө үчүн байлык болсо, алардын азаюусу бутпарастар үчүн байлык болсо, анда алардын көбөйүүсү да байлык алып келери анык.

    11:13 Бутпарастар, силерге айтамын: мен бутпарастардын элчисимин, ушул кызматымды жогору баалайм.

    11:14 өз кандаштарымдын кызганычын ойгото алар бекем, алардын күү бирөөлөрүн куткарып калар бекем?

    11:15 Анткени алардын кабыл албай коюусу дүйнөнү Кудай менен элдештирсе, анда алардын кабыл алуусу өлүмдөн өмүргө өтүү эмей эмне?

    11:16 Ачыткы ыйык болсо, камыр да ыйык болот. Тамыр ыйык болсо, бутактар да ыйык болот.

    11:17 үгерде сен, жапайы зайтун дарагы, зайтун дарагынын сындырылып ташталган күү бир бутактарынын ордуна кыйыштырылып, ошол зайтун дарагынын ширелүү тамырына кошулуп калган болсоң,

    11:18 анда сен бутактардын арасында мактанба. эгерде мактанып жатсаң, анда билип койгун: сен тамырды эмес, тамыр сени кармап турат.

    11:19 Мүмкүн, сен: «Бутактар мен кыйыштырылышым үчүн сындырылды», – деп айтып жаткандырсың.

    11:20 Туура. Алар ишенбестиги үчүн сындырылышты, сен болсо ишеним менен бекем турасың. Бирок текеберденип кетпе, андан көрө корк!

    11:21 Анткени Кудай табигый бутактарды аябаса, сени аямак беле?!

    11:22 Ошондуктан Кудайдын ырайымдуулугун жана катаалдыгын билип койгун: Ал жыгылгандарга катаал. эгерде Анын ырайымы менен жашасаң, сага ырайымын көрсөтөт. Антпесең, сени да кесип таштайт.

    11:23 үгерде алар ишенбестик менен жашай беришпесе, кайрадан кыйыштырылат. Анткени аларды кайрадан кыйыштырууга Кудайдын кудурети жетет.

    11:24 Анткени сен жапайы зайтун дарагынан кесилип алынып, баалуу зайтун дарагына табияттын мыйзамына каршы кыйыштырылсаң, анда анын өз бутактары да кыйыштырылары анык.

    Ысрайыл элинин куткарылуусу

    11:25 Бир туугандар, мактанбашыңар үчүн, бул жашыруун сырды силерге ачып бергим келет: Ысрайыл элинин өжөрлөнүүсү куткарыла турган бутпарастардын саны толук болгон күнгө чейин созулат.

    11:26 Ошентип, бүт Ысрайыл эли куткарылат. Анткени Ыйык Жазууда: «Сиондон Куткаруучу келет. Ал Жакыптын тукумун кудайсыздыктан куткарат.

    11:27 Менин алардын күнөөлөрүн кечиргеним – бул Менин алар менен түзгөн келишимим», – деп жазылган.

    11:28 Бир жагынан, алар Жакшы Кабарды кабыл албай, силердин пайдаңар үчүн Кудайдын душманы болуп калышты. Бирок, экинчи жагынан, алар – Кудайдын сүйүктүүлөрү, анткени Кудай алардын аталарын тандап алган.

    11:29 Анткени Кудай берген белектерин кайра алып албайт, чакыруу чечимин өзгөртпөйт.

    11:30 Бир кезде силер да Кудайга тил алчу эмессиңер, азыр болсо алардын тил албастыгынан улам ырайым таптыңар.

    11:31 Силерге ырайым көрсөтүлгөн сыяктуу эле, аларга да ырайым көрсөтүлүшү үчүн, азыр алар тил албас болуп калышты.

    11:32 Анткени Кудай бардыгына ырайым көрсөтүү үчүн, бардыгын тил албас кылып койду.

    Кудайды кереметтүү жолдору үчүн даңктоо

    11:33 Оо, Кудайдын акылы кандай терең, Анын билими кандай жеткилең! Анын чечимдери акыл жеткис, Анын жолдору изилденгис!

    11:34 Теңирдин акылын түшүнгөн адам барбы? Же Ага кеңешчи болгон адам барбы?

    11:35 Же Теңир кайра бериши үчүн, ким Ага алдын ала бир нерсе берди?

    11:36 Анткени бардыгы Андан, Ал аркылуу жана Ал үчүн. Ал түбөлүк даңкталсын! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск