Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Ыйсага ишенип, Аны Теңир деп чакырган адам куткарылат

    10:1 Бир туугандарым, менин чын жүрөгүмдөн каалаганым жана Кудайдан сыйынып суранарым – Ысрайыл элинин куткарылышы.

    10:2 Анткени мен аларга Кудай үчүн тырышчаактык көрсөтүшөрүн, бирок алардын тырышчаактыгы туура эмес түшүнүк боюнча экенин күбөлөндүрөмүн.

    10:3 Анткени алар Кудайдын адилдигин түшүнбөй, өздөрүнүн адилдигин орнотууга аракеттенип, Кудайдын адилдигине моюн сунушкан жок.

    10:4 Анткени Машайак – мыйзамдын аягы, Ага ишенген адам адилдикке жетет.

    10:5 Анткени Муса пайгамбар мыйзамды аткаруу аркылуу келген адилдик жөнүндө: «Мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирүү болот», – деп жазган.

    10:6 Ишеним аркылуу келген адилдик болсо мындай дейт: «өз ичиңден: “Машайакты жерге түшүрүш үчүн, асманга ким чыгат?”

    10:7 же “Машайакты өлгөндөрдүн арасынан алып чыгуу үчүн, түпсүз туңгуюкка ким түшөт?” – деп айтпа».

    10:8 А Ыйык Жазууда эмне деп айтылат? «Ал сөз сага жакын, ал сенин оозуңда жана жүрөгүңдө», – деп айтылат. Ал сөз – биз жар салып жаткан ишеним жөнүндөгү сөз.

    10:9 үгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың.

    10:10 Себеби адам чын жүрөгү менен ишенүү аркылуу акталат, оозу менен ачык таануу аркылуу куткарылат.

    10:11 Ыйык Жазууда болсо: «Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп айтылат.

    10:12 Жүйүт менен эллиндин ортосунда үч кандай айырма жок, анткени бардыгынын Теңири бир, Ал өзүнүн ысымын чакыргандардын бардыгы үчүн бай.

    10:13 Анткени Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат.

    10:14 Бирок Ага ишенбей туруп, Аны кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпай туруп, Ага кантип ишенишет? Жакшы Кабарды таратуучулар жок болсо, кантип угушат?

    10:15 Жакшы Кабарды таратуу үчүн жиберилишпесе, кантип таратышат? Анткени Ыйык Жазууда: «Тынчтык тууралуу Жакшы Кабарды таратуучулардын буттары кандай сонун!» – деп жазылган эмеспи.

    10:16 Бирок Жакшы Кабарга бардыгы эле кулак салган жок. Бул жөнүндө Ышайа пайгамбар: «Теңир, биз айткан кабарга ким ишенди?» – дейт.

    10:17 Демек, ишеним уккан сөз аркылуу пайда болот, ал эми уга турган сөз – Кудайдын сөзү.

    10:18 Бирок мен: «үмне, алар угушкан жокпу?» – деп сурагым келет. Тескерисинче, алардын үнү бүт жер жүзүнө, алардын сөзү дүйнөнүн төрт бурчуна жетти.

    10:19 Мен дагы сурагым келет: «үмне, Ысрайыл эли билчү эмес беле?» Алгач Муса пайгамбар: «үл катары эсептелбегендер аркылуу Мен силерди кызгандырамын, акылсыз эл аркылуу силерди ачууландырамын», – дейт.

    10:20 Ышайа пайгамбар болсо тайманбастан: «Мени издебегендер Мени табышты, Мени сурабагандарга өзүм ачылдым», – дейт.

    10:21 Ысрайыл эли жөнүндө болсо мындай дейт: «Мен тил албас, кежир элге бир күн бою колумду сунуп турдум».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск