Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Пабылдын ысрайылдыктар үчүн кайгыруусу

    9:1 Мен Машайактын ичинде болуу менен, чындыкты айтып жатам, калп айтпаганымды Ыйык Рух аркылуу ыйыкталган абийирим да күбөлөндүрүп жатат.

    9:2 Менин кайгым чоң, жүрөгүм сыздап турат.

    9:3 Анткени бир туугандарым, кандаштарым үчүн жалгыз мен каргышка калып, Машайактан ажыратылууну каалар элем.

    9:4 Алар – Ысрайылдын урпактары. Кудай аларды бала кылып алды, даңкка бөлөдү, алар менен келишимдерди түздү, аларга мыйзам да, Кудайга табынуу кызматын да, убадаларды да берди.

    9:5 Түпкү ата-бабалар да алардыкы, Машайак да алардан чыккан. Ал – бардыгынын үстүнөн башкарып турган Кудай. Ага түбөлүк даңк таандык! Оомийин.

    Кудайдын убадалары чыныгы ысрайылдыктарга тиешелүү

    9:6 Кудайдын Сөзү өз күчүн жоготту деп айтпаймын. Бирок Ысрайылдан чыккандардын бардыгы эле ысрайылдыктар эмес.

    9:7 Ыбрайымдын тукумунан чыккандардын баары эле анын балдары дегенди билдирбейт. Бирок Ыйык Жазууда: «Сенин тукумуң Ыскактан тарайт», – деп жазылган.

    9:8 Башкача айтканда, табигый жол менен төрөлгөн балдардын баары эле Кудайдын балдары эмес, Кудайдын убадасы боюнча төрөлгөн балдар гана чыныгы тукум болуп эсептелет.

    9:9 Ал убада болсо мындай: «Мен кийинки жылы ушул убакта кайра келем, ошондо Саара уулдуу болот».

    9:10 Саарага гана эмес, Ребекага да убада берилген. Ал атабыз Ыскактан кош бойлуу болуп,

    9:11-12 үгиздерди төрөй элегинде эле, алар жаман же жакшы иш кыла элегинде эле, Кудай ага: «Улуусу кичүүсүнө кул болот», – деп айткан. Кудайдын алдын ала белгилеген максаты жакшы иштердин негизинде эмес, Чакыргандын өз эрки боюнча ишке ашышы үчүн ушундай болгон.

    9:13 Бул жөнүндө Ыйык Жазууда: «Мен Жакыпты жакшы көрүп калдым, эйсапты болсо жаман көрүп калдым», – деп жазылган.

    Кудайдын ырайымы

    9:14 Буга эмне дейбиз? Кудай да адилетсизби? Албетте, жок!

    9:15 Анткени Ал Муса пайгамбарга: «Ырайым кылгым келгенине ырайым кылам, аягым келгенин аяйм», – деген.

    9:16 Демек, Кудайдын ырайым кылуусу адамдын каалоосуна, аракетине байланыштуу эмес, ырайым кылчу Кудайдын өзүнө байланыштуу.

    9:17 Ыйык Жазууда Кудайдын фараонго мындай деп айткан сөзү жазылган: «Сага күчүмдү көрсөтүш үчүн, Менин ысымым бүткүл жер жүзүндө жар салынышы үчүн, Мен сени падыша кылып койдум».

    9:18 Демек, Ал каалаган адамына ырайым кылат, каалаган адамынын жүрөгүн катуулантат.

    9:19 үми сен мага: «Андай болсо Кудай эмне үчүн адамдарды айыптайт? Анын эркине ким каршы чыга алат?» – дүүрсиң.

    9:20 үй, адам, Кудай менен талашып-тартышкыдай, сен кимсиң? Жасалган нерсе өзүн жасаганга: «Мени эмне үчүн мындай кылып жасадың?» – деп айтабы?

    9:21 Же карапачынын бир эле ылайдан сыйга урунула турган да, күндө урунула турган да идиш жасоого укугу жокпу?

    9:22 үгерде Кудай өзүнүн каарын төгүүнү жана өзүнүн күчүн көрсөтүүнү каалап, кыйратылууга даяр турган, каар төгүлө турган идиштерди ушунчалык чыдамдуулук менен сактаган болсо, эмне дей алабыз?

    9:23 үгерде өзүнүн даңкынын байлыгын көрсөтүш үчүн, өзү даңкка бөлөө үчүн даярдаган, боорукерлик көрсөтүлө турган идиштер үчүн ушундай кылган болсо,

    9:24 жүйүттөрдүн арасынан эле эмес, бутпарастардын арасынан да чакырылып алынган ошол идиштер биз болсок, эмне дей алабыз?

    9:25 Анткени Кудай Ошуя пайгамбар аркылуу мындай деген: «Менин элим болбогон элди Менин элим дейм, Менин сүйүктүүм болбогон элди Менин сүйүктүүм дейм».

    9:26 Аларга: «Силер Менин элим эмессиңер», – деп айтылган жерде алар тирүү Кудайдын уулдары деп аталышат.

    9:27 Ал эми Ышайа пайгамбар Ысрайыл эли жөнүндө: «Ысрайыл уулдарынын саны деңиздин кумундай көп болсо да, калдыгы гана куткарылат.

    9:28 Анткени Кудай жер үстүндө өз ишин акыйкаттык менен аягына чейин чыгарат, кечиктирбей аткарат», – деп жар салган.

    9:29 Ышайа пайгамбар алдын ала айткандай: «үгерде Себайот Теңир биздин тукумубузду калтырбаганда, биз Содомдой болуп калмакпыз, Аморго окшоп калмакпыз».

    Мыйзам аркылуу жана ишеним аркылуу акталуу

    9:30 Анда эмне демекчибиз? Адилдикке умтулбаган бутпарастар ишеним аркылуу адилдикке жетишти.

    9:31 Ал эми адилдиктин мыйзамына умтулган ысрайылдыктар адилдиктин мыйзамына жетишкен жок.

    9:32 үмне үчүн? Анткени алар адилдикти ишеним аркылуу издебей, жакшы иштер аркылуу издешти. Алар мүдүрүлтө турган ташка мүдүрүлүштү.

    9:33 Анткени Ыйык Жазууда: «Мына, Мен Сионго мүдүрүлтө турган таш жана азгырык боло турган аска коёмун, бирок Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп жазылган.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск