Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Римлянам 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Рух боюнча жашоо

    8:1 Ошентип, азыр Машайак Ыйсанын ичинде күнөөкөр табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашап жаткандарга үч кандай айып коюлбайт.

    8:2 Анткени Машайак Ыйса аркылуу өмүр берүүчү Рухтун мыйзамы мени күнөөнүн жана өлүмдүн мыйзамынан бошотту.

    8:3 Анткени мыйзам күнөөкөр табияттын айынан күчсүз болуп калгандыктан, Кудай өзүнүн Уулун күнөөкөр адамдын денесиндей дене менен күнөө үчүн чалынуучу курмандык катары жиберип, денеде жашаган күнөөнү соттоду.

    8:4 Ал күнөөкөр табиятыбыздын каалоосу боюнча эмес, Рухтун каалоосу боюнча жашаган бизде мыйзам талап кылган адилдик болушу үчүн ушундай кылды.

    8:5 Анткени күнөөкөр табияттын каалоосу боюнча жашагандар күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө, ал эми Рухтун каалоосу боюнча жашагандар Рухтун каалоосу жөнүндө ойлошот.

    8:6 Күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө ойлоо өлүмгө дуушар кылат, Рухтун каалоосу жөнүндө ойлоо өмүр жана тынчтык берет.

    8:7 Анткени күнөөкөр табияттын каалоосу жөнүндө ойлоо – Кудайга каршы кастык, себеби ал Кудайдын мыйзамына баш ийбейт, баш ие да албайт.

    8:8 Ошондуктан күнөөкөр табияттын каалоосу боюнча жашагандар Кудайга жага алышпайт.

    8:9 үгерде силердин ичиңерде, чын эле, Кудайдын Руху жашап жатса, анда силер күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча эмес, Рухтун каалоосу боюнча жашап жатасыңар. Кимде Машайактын Руху жок болсо, ал Машайактыкы эмес.

    8:10 үгерде Машайак силердин ичиңерде болсо, анда денеңер күнөө үчүн өлүк, бирок рухуңар адилдик үчүн тирүү.

    8:11 үгерде Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын Руху силердин ичиңерде жашап жатса, анда Машайак Ыйсаны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудай силердин ичиңерде жашаган өз Руху менен силердин өлүк денеңерди да тирилтет.

    8:12 Ошондуктан, бир туугандар, күнөөкөр табиятыбыздын каалоосу боюнча жашагыдай, күнөөкөр табиятыбызга карыздар эмеспиз.

    8:13 Анткени күнөөкөр табиятыңардын каалоосу боюнча жашасаңар, анда өлөсүңөр. Ал эми күнөөкөр табияттын иштерин Рухтун жардамы менен өлтүрсөңөр, анда тирүү болосуңар.

    8:14 Анткени Кудайдын Рухунун жетеги менен жүргөндөрдүн баары – Кудайдын балдары.

    8:15 Себеби силер кайрадан коркунуч менен жашоо үчүн кулдуктун рухун кабыл алган жоксуңар, тескерисинче, Кудайдын баласы кылган Рухту кабыл алдыңар. Ошол Рух аркылуу: «“Абба!”, Ата!» – деп чакырабыз.

    8:16 Ошол Рухтун өзү биздин рухубузга Кудайдын балдары экенибизди күбөлөндүрүп жатат.

    8:17 үгерде балдары болсок, анда мурасчылары да болобуз. Машайак менен бирге даңкталыш үчүн, Аны менен бирге азап тартып жатсак, анда Кудайдын мурасчыларыбыз, Машайак менен мурасташпыз.

    Келечектеги даңк

    8:18 Анткени келечекте биздин ичибизде ачыла турган даңкка салыштырганда, азыркы учурда тартып жаткан азаптар үч нерсе эмес деп ойлойм.

    8:19 Анткени жаратылгандын бардыгы Кудайдын балдарынын айкын болуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

    8:20 Себеби жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке өз каалоолору менен эмес, өздөрүн баш ийдиргендин каалоосу боюнча баш ийишкен.

    8:21 Анткени жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан чыгып, Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине эү болобуз деген эмүтү бар.

    8:22 Анткени жаратылгандын бардыгы ушул убакка чейин чогуу онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатканын билебиз.

    8:23 Жаратылгандын бардыгы эле эмес, биз да Рухтун баштапкы жемишине эү болгонубуз менен, ичибизден онтоп, Кудайдын бала кылып алуусун жана күнөөкөр табиятыбыздан куткарылууну күтүп жатабыз.

    8:24 Анткени биз эмүт менен куткарылдык. Бирок эмүттөнгөн нерсебизди көрүп турсак, эмүтүбүз эмүт болуудан калат. Ємүттөнгөн нерсесин көргөн адам эмнеге эмүттөнмөк эле?

    8:25 үгерде биз көрүнбөгөн нерсеге эмүттөнүп жатсак, анда чыдамдуулук менен күтөбүз.

    8:26 Анын үстүнө, Рух да алсыз болгон кезибизде бизге күч берип турат. Анткени биз эмне жөнүндө жана кантип сыйынышыбыз керектигин билбейбиз, бирок Рух өзү тил жеткис улутунуулары менен биз үчүн арачылык кылат.

    8:27 Ошондо адамдардын жүрөгүн сынаган Кудай Рухтун ою кандай экенин билет. Анткени Рух ыйыктар үчүн Кудайга жаккандай арачылык кылат.

    8:28 Анын үстүнө, Кудайды сүйгөндөргө, Анын каалоосу боюнча чакырылгандарга бардык нерсе жакшылыкка болорун билебиз.

    8:29 Анткени Кудай мурунтадан билген адамдарын өзүнүн Уулуна окшош кылууну алдын ала белгилеп койгон. Анткени Ал бир туугандарынын туну болушу керек.

    8:30 Кудай кимдерди алдын ала белгилесе, ошолорду чакырды, чакыргандарын актады, актагандарын даңктады.

    Кудайдын сүйүүсү

    8:31 Бул жөнүндө эмне демекчибиз? эгерде Кудай биз тарапта болсо, бизге ким каршы чыга алат?

    8:32 өз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн берген Кудай кантип бизге Уулу менен кошо бардыгын бербесин?

    8:33 Кудай тандап алгандарды ким айыптайт? Аларды Кудай өзү актайт.

    8:34 Аларды ким соттойт? өлүп, кайра тирилген, Кудайдын оң жагында отурган Машайак Ыйса биз үчүн арачылык кылат.

    8:35 Бизди Машайактын сүйүүсүнөн ким ажырата алат? Кайгыбы, кысымчылыкпы, куугунтукпу, ачкачылыкпы, жылаңачтыкпы, коркунучпу, кылычпы?

    8:36 Ыйык Жазууда жазылгандай: «Сен үчүн бизди күн сайын өлтүрүп жатышат. Биз алар үчүн мууздала турган койлор сыяктуубуз».

    8:37 Бирок мунун бардыгын бизди сүйгөн Кудайдын күчү менен жеңебиз.

    8:38 Анткени Кудайдын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да,

    8:39 бийиктик да, тереңдик да, жаратылган үч бир нерсе ажырата албастыгына толук ишенемин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск