Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Коринфянам 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    үлчинин укуктары

    9:1 Мен эркин адам эмесминби? Мен элчи эмесминби? Мен Теңирибиз Ыйса Машайакты көргөн эмес белем? Теңир үчүн кылган эмгегимдин жемиши силер эмессиңерби?

    9:2 Башкалар үчүн элчи болбосом да, силер үчүн элчимин! Анткени менин Теңирдин элчиси экендигимди ырастаган мөөр силерсиңер.

    9:3 Мени айыптагандардын алдында мен ушуну айта алам!

    9:4 Биздин жеп-ичкенге укугубуз жокпу?

    9:5 Башка элчилер сыяктуу, ошондой эле Теңирибиздин бир туугандары жана Кейфа сыяктуу биз да үйлөнүп алып, аялыбызды жаныбызга алып жүрүүгө укугубуз жокпу?

    9:6 Барнаба экөөбүздүн эле иштебей коюуга укугубуз жокпу?

    9:7 өз эсебинен кызмат өтөгөн аскер барбы? Жүзүм тиккен адам анын жемишинен жебей коймок беле? Мал баккан адам анын сүтүнөн ичпей коймок беле?

    9:8 Мен муну адамдык көз караш менен эле айтып жатамбы? Мыйзамда да ушундай айтылган жок беле?

    9:9 Мусанын мыйзамында: «үгин бастырып жаткан өгүзүңдүн оозун таңба!» – деп жазылган. Кудай өгүздөр үчүн кам көрүп жатабы же биз үчүн кам көрүп жатабы?

    9:10 Албетте, биз үчүн. Жер иштеткен адам эмүт менен иштетет, эгин бастырган адам да «өз элүшүмдү алам» деген эмүт менен бастырат.

    9:11 Биз силерге рухий нерсени септик. эгерде силерден денеге керектүү нерсени жыйнап алсак, көптүк кылабы?

    9:12 үгерде силердин араңарда күү бирөөлөр ушундай укукка эү болуп жатышса, биздин укугубуз жокпу? Бирок биз бул укукту пайдаланган жокпуз, Машайактын Жакшы Кабарынын таратылышына кедерги болбош үчүн, баарына чыдап жатабыз.

    9:13 Ыйык жайда кызмат кылгандар ыйык жайдан тамактанарын, курмандык чалынуучу жайда кызмат кылгандар өз элүшүн курмандыктардан аларын билбейсиңерби?

    9:14 Теңир да Жакшы Кабар тараткандар Жакшы Кабар таратуунун эсебинен жашашсын деп буйруган.

    9:15 Бирок мен бул укуктардын бирин да пайдаланган жокмун. Азыр мен муну силерден бир нерсе алайын деп жазып жаткан жокмун. Кимдир бирөө мени ушул мактанычымдан ажыраткыча, өлгөнүм артык.

    9:16 Жакшы Кабар таратып жаткандыгым менен мактана албайм, анткени бул менин милдетим. эгерде Жакшы Кабар таратпасам, мага кайгы!

    9:17 үгерде мен муну өз ыктыярым менен кылып жатсам, сыйлыгымды алам. өзүмө тиешелүү милдет катары кылып жаткан болсом, анда мен өзүмө тапшырылган ишти гана аткарып жатам.

    9:18 Анда мен эмне үчүн сыйлык алам? Мен Машайак жөнүндөгү Жакшы Кабарды өз укугумдан пайдаланбай, кызмат акысыз тараткандыгым үчүн сыйлык алам.

    9:19 Мен үч кимдин кулу болбосом да, көптөрдүн Машайакка ишенип калышы үчүн, өзүмдү баарына кул кылдым.

    9:20 Машайакка ишенип калышы үчүн, жүйүттөр үчүн жүйүт сыяктуу болдум. Мыйзам астында болбосом да, мыйзам астындагылардын Машайакка ишенип калышы үчүн, мыйзам астындагы адам сыяктуу болдум.

    9:21 Мыйзамды билсем да, мыйзамды билбегендердин Машайакка ишенип калышы үчүн, мыйзамды билбеген адам сыяктуу болдум. Бирок өзүм Машайактын мыйзамынын астындамын.

    9:22 Алсыздардын Машайакка ишенип калышы үчүн, алсыз адам сыяктуу болдум. Жок дегенде, күү бирөөлөрүн куткарып калыш үчүн, бардыгы үчүн бардыгы сыяктуу болдум.

    9:23 Жакшы Кабарда элүшүм болсун деп, ушунун баарын Жакшы Кабар үчүн кылып жатам.

    9:24 Жарышта баары чуркаганы менен бирөө гана байге аларын билесиңер. Ошондуктан байге алгыдай болуп чуркагыла.

    9:25 Жарышка катышуучулардын баары өздөрүн бардык жагынан тыйышат: бирөөлөр жок боло турган таажы алуу үчүн ошентишет, ал эми биз соолубас таажы алуу үчүн ошентебиз.

    9:26 Ошондуктан мен максатсыз чуркап бара жаткан жокмун, муштумум менен абаны ургулап жаткан жокмун.

    9:27 Бирок башкаларга насаат айтып жүрүп, өзүм жараксыз болуп калбашым үчүн, денемди зордоп кулга айландырып жатам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск