Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Иоанна 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Рухтарды айырмалоо

    4:1 Сүйүктүүлөрүм, рухтун баарына эле ишене бербегиле. Рухтарды: «Кудайданбы же Кудайдан эмеспи?» – деп сынап көргүлө. Анткени дүйнөдө көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болду.

    4:2 Кудайдын Рухун мындан билип аласыңар: адам болуп келген Ыйса Машайакты ачык тааныган рух Кудайдан.

    4:3 Ал эми адам болуп келген Ыйса Машайакты ачык тааныбаган рух Кудайдан эмес. Ал – Машайактын каршылашынын руху. Анын келерин уккансыңар, дегинкиси, ал азыр эле дүйнөдө.

    4:4 Балдарым, силер Кудайдансыңар, ошондуктан аларды жеңдиңер. Анткени силердин ичиңердеги Рух бул дүйнөдөгү рухтан чоң.

    4:5 Алар бул дүйнөдөн, ошондуктан бул дүйнөнүкүндөй сүйлөшөт, дүйнө болсо аларды угат.

    4:6 Биз Кудайданбыз. Ким Кудайды тааныса, ал бизди угат. Ким Кудайдан болбосо, ал бизди укпайт. Чындык Рухун жана жалган рухту ушундан билип алабыз.

    Кудай – сүйүү

    4:7 Сүйүктүүлөрүм, бири-бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү Кудайдан. Ким сүйсө, ал Кудайдан туулган жана Кудайды билет.

    4:8 Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай – сүйүү.

    4:9 Кудайдын сүйүүсү бизге бул аркылуу айкын болду: Уулу аркылуу өмүргө эү болушубуз үчүн, Кудай бул дүйнөгө өзүнүн жалгыз Уулун жиберди.

    4:10 Сүйүү деген мындай: биз Кудайды сүйгөн жокпуз, бирок Ал бизди сүйгөндүктөн, биздин күнөөлөрүбүз үчүн өз Уулун ырайым курмандыгы катары берди.

    4:11 Сүйүктүүлөрүм, эгерде Кудай бизди ушундай сүйсө, анда биз да бири-бирибизди сүйүшүбүз керек.

    4:12 Кудайды үч ким үч качан көргөн эмес. эгерде биз бири-бирибизди сүйсөк, анда Кудай биздин ичибизде жашайт жана биздин ичибизде Анын жеткилең сүйүүсү бар.

    4:13 Кудайдын ичинде жашап жатканыбызды жана Анын биздин ичибизде жашап жатканын бизге берген Руху аркылуу билебиз.

    4:14 Атанын өз Уулун дүйнөгө Куткаруучу кылып жибергенин биз өз көзүбүз менен көрүп, күбөлөндүрүп жатабыз.

    4:15 Ыйсанын Кудай Уулу экендигин ачык тааныган адамдын ичинде Кудай жашайт, ал адам да Кудайдын ичинде жашайт.

    4:16 Кудайдын бизге болгон сүйүүсүн билип, ошого ишендик. Кудай – сүйүү. Сүйүп жашаган адам Кудайдын ичинде жашайт, Кудай да анын ичинде жашайт.

    4:17 Биздин ичибиздеги сүйүү жеткилеңдикке жеткендиктен, сот боло турган күнү биз кайраттуулукка эүбиз. Анткени Ал кандай болсо, биз да бул дүйнөдө ошондойбуз.

    4:18 Сүйүүдө коркунуч жок. Тескерисинче, жеткилең сүйүү коркунучту жок кылат, корккон адам кыйналат. Корккон адамдын ичиндеги сүйүү жеткилең эмес.

    4:19 Ал бизди биринчи сүйгөндүктөн, биз да Аны сүйөлү.

    4:20 Ким: «Мен Кудайды сүйөм», – десе, бирок бир тууганын жек көрсө, ал – жалганчы. Анткени өзү көрүп турган бир тууганын сүйбөсө, көрүнбөгөн Кудайды кантип сүймөк эле?

    4:21 Биз Андан «Ким Кудайды сүйсө, ал бир тууганын да сүйсүн» деген осуятты алганбыз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск