Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Иоанна 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Кудайдын балдары

    3:1 Карагылачы, Кудайдын балдары деп аталышыбыз үчүн, Кудайдын балдары болушубуз үчүн, Ата бизге кандай сүйүү көрсөттү. Бул дүйнө Атаны таанып билбегендиктен, бизди да тааныбайт.

    3:2 Сүйүктүүлөрүм, биз эми Кудайдын балдарыбыз. Бирок эмне болорубуз бизге айкын боло элек. Машайак келгенде, Ага окшош болорубузду гана билебиз. Анткени Анын кандай экенин көрөбүз.

    3:3 Машайактан ушундай эмүт кылган адам Машайактай таза болуу үчүн, өзүн тазалайт.

    3:4 Ким күнөө кылса, ал мыйзамсыздык кылган болот. Күнөө – бул мыйзамсыздык.

    3:5 Машайак бизди күнөөлөрдөн арылтыш үчүн келгенин жана Анда үч кандай күнөө болбогондугун билесиңер.

    3:6 Машайактын ичинде жашап жаткан адам күнөө кылбайт. Ал эми күнөө кылган адам Аны көрө элек, Аны таанып биле да элек.

    3:7 Балдарым, силерди үч ким алдабасын: адил иш кылган адам Машайак сыяктуу адил.

    3:8 Күнөө кылып жаткан адам шайтандан, анткени шайтан башынан бери күнөө кылып келе жатат. Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш үчүн келген.

    3:9 Кудайдан туулган адам күнөө кылбайт, анткени анын ичинде Кудайдын уругу жашайт. Ал күнөө кыла албайт, анткени Кудайдан туулган.

    3:10 Адил иш кылбаган жана бир тууганын сүйбөгөн адам Кудайдан эмес. Кудайдын балдары менен шайтандын балдары ушундан айырмаланат.

    Бири-бириңерди сүйгүлө

    3:11 Анткени силер башынан бери угуп келе жаткан кабар бул: бири-бирибизди сүйөлү.

    3:12 Амалкөйдөн болгон, өз бир тууганын өлтүргөн Кабылдай болбогула. Кабыл өз бир тууганын эмне үчүн өлтүрдү эле? Анын иштери жаман, ал эми бир тууганынын иштери туура болчу.

    3:13 Бир туугандарым, эгерде бул дүйнө силерди жек көрүп жатса, таң калбагыла.

    3:14 өлүмдөн өмүргө өткөнүбүздү биз билебиз, анткени бир туугандарыбызды сүйөбүз. Бир тууганын сүйбөгөн адам өлүмдүн бийлиги астында.

    3:15 Бир тууганын жек көргөн адам – киши өлтүрүүчү. Киши өлтүрүүчү адам өзүндө бар болуп турган түбөлүк өмүргө эү эмес экендигин силер билесиңер.

    3:16 Ал биз үчүн өз жанын бергендиктен, сүйүүнүн кандай болорун билдик. Ошондуктан биз да бир туугандарыбыз үчүн өз жаныбызды беришибиз керек.

    3:17 Колунда бар болгонуна карабастан, бир тууганынын муктаждыгын көрүп туруп жардам бербеген адамда кантип Кудайдын сүйүүсү болсун?

    3:18 Балдарым, сөзүбүз же тилибиз менен эмес, ишибиз менен, чын жүрөгүбүз менен сүйөлү.

    Кудай алдындагы кайраттуулук

    3:19-20 Чындыктан экенибизди ушундан билип алабыз, бизди жүрөгүбүз айыптаса да, жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз. Анткени Кудай жүрөгүбүздөн чоң, Ал баарын билет.

    3:21 Сүйүктүүлөрүм, эгерде жүрөгүбүз айыптабаса, анда Кудай алдында кайраттуу-лукка эүбиз.

    3:22 үмне сурасак да, Андан алабыз, анткени Анын осуяттарын аткарып жатабыз жана Ага жакканды кылып жатабыз.

    3:23 Ал эми Анын осуяты болсо бул: Уулу Ыйса Машайакка ишенүү жана бири-бирибизди Ыйса осуяттагандай сүйүү.

    3:24 Ким Кудайдын осуяттарын аткарса, ал Кудайдын ичинде болот жана Кудай ал адамдын ичинде болот. Анын биздин ичибизде экенин бизге берген Руху боюнча билебиз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск