Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Иоанна 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Машайак биздин арачыбыз

    2:1 Балдарым, мен муну силерге күнөө кылбасын деп жазып жатам. эгерде ким күнөө кылса, Атанын алдында адил Арачыбыз Ыйса Машайак бар.

    2:2 Ал – биздин күнөөлөрүбүз үчүн, биздин гана эмес, бүт дүйнөнүн күнөөлөрү үчүн чалынган ырайым курмандыгы.

    Кудай Сөзүн аткарып жашоо

    2:3 Осуяттарын аткарганыбыздан улам, Аны таанып билгенибизди билебиз.

    2:4 Ким: «Мен Кудайды таанып билдим», – десе, бирок Анын осуяттарын аткарбаса, ал жалганчы, анын ичинде чындык жок.

    2:5 Ал эми ким Анын сөздөрүн аткарып жатса, ал адамда Кудайдын жеткилең сүйүүсү бар. Машайактын ичинде экенибизди ушундан билебиз.

    2:6 «Машайактын ичиндемин» деген адам Машайак кандай жашаса, ошондой жашашы керек.

    Жаңы осуят

    2:7 Сүйүктүүлөрүм, мен силерге жаңы осуят эмес, байыркы эле осуятты жазып жатам. Ал осуят силерде башынан эле бар болчу. Байыркы осуят – бул силер башынан бери угуп келе жаткан сөз.

    2:8 Ошондой болсо да силерге жазып жатканым – жаңы осуят, ал Анын жана силердин ичиңерде. Анткени караңгылык өтүп бара жатат, чыныгы жарык жаркырай баштады.

    2:9 Ким: «Жарыкта жүрөм», – десе, бирок бир тууганын жек көрүп жатса, ал дагы деле караңгылыкта жүрөт.

    2:10 Ким бир тууганын сүйсө, ал жарыкта жашап жатат жана үч кимге азгырык болгон жок.

    2:11 Ал эми ким бир тууганын жек көрсө, ал караңгылыкта жүрөт жана өзүнүн кайда бара жатканын билбейт. Анткени караңгылык анын көзүн сокур кылып койгон.

    2:12 Балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин күнөөлөрүңөр Машайактын ысымынын урматына кечирилген.

    2:13 Аталар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер башынан бери бар болгон Кудайды таанып билдиңер. Жаштар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер амалкөйдү жеңдиңер. Балдар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер Атаны таанып билдиңер.

    2:14 Аталар, силерге жазганымдын себеби: силер башынан бери бар болгон Кудайды таанып билдиңер. Жигиттер, силерге жазганымдын себеби: силер күчтүүсүңөр жана Теңирдин сөзү силердин ичиңерде жашап жатат. Силер амалкөйдү жеңдиңер.

    Бул дүйнөнү сүйбөгүлө

    2:15 Бул дүйнөнү жана бул дүйнөдөгүнү сүйбөгүлө. Ким бул дүйнөнү сүйсө, ал адамда Атага болгон сүйүү жок.

    2:16 Анткени бул дүйнөдө болгон нерсенин баары: дене кумары, көз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дүйнөнүкү.

    2:17 Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт.

    Машайактын каршылашы

    2:18 Балдарым, замандын акыры келди. Машайактын каршылашы келерин силер уккансыңар. Азыр Машайактын көп каршылаштары пайда болду, замандын акыры келгенин ушундан билсек болот.

    2:19 Алар арабыздан чыгып кетишти, бирок алар биздики эмес эле. эгерде алар биздики болсо, биз менен калышмак. Бирок алар чыгып кетишти. Баары эле биздики эмес экендиги ошондон улам айкын болду.

    2:20 Дегинкиси, силер Ыйык тарабынан майлангансыңар, ошондуктан баарын эле билесиңер.

    2:21 Чындыкты билбегениңер үчүн эмес, чындыкты билгениңер үчүн, ошондой эле ар бир жалган нерсенин чындыктан эмес экенин билгениңер үчүн жаздым.

    2:22 Ыйсанын Машайак экендигин жокко чыгаруучу жалганчы болбогондо, ким жалганчы болмок эле? Ким Атаны жана Уулду четке какса, ал – Машайактын каршылашы.

    2:23 Уулду четке каккан адамда Ата да жок, ал эми Уулду ачык тааныган адамда Ата да бар.

    2:24 Башынан бери эмнени уксаңар, ошол ичиңерде жашасын. эгерде башынан бери укканыңар ичиңерде жашаса, анда силер да Уулдун жана Атанын ичинде жашайсыңар.

    2:25 Ал эми Анын бизге берген убадасы – түбөлүк өмүр.

    2:26 Мен силерге адаштыруучулар жөнүндө жаздым!

    2:27 Дегинкиси, Андан алган Рух силердин ичиңерде жашап жатат, ошондуктан силер кимдир бирөөнүн эйрөтүүсүнө муктаж эмессиңер. Силерге баарын эйрөтүп жаткан ал Рух – жалган эмес, чындык. Ал силерге эмнени эйрөтсө, ошону сактап жашагыла.

    2:28 Ошентип, балдарым, Машайактын ичинде болгула. Ал келгенде, кайраттуу болгудай, Анын алдында уят болбогудай бололу.

    2:29 үгерде Анын адил экенин билсеңер, анда муну билип алгыла: адил жашаган адам Андан туулган.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск