Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Иоанна 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Дүйнөнү жеңүүчү ишеним

    5:1 Ыйсанын Машайак экендигине ишенген адам Кудайдан туулган. Ким Кудайды сүйсө, ал Кудайдан туулгандарды да сүйөт.

    5:2 үгерде Кудайды сүйүп, Анын осуяттарын аткарып жатсак, анда Кудайдын балдарын сүйүп жатканыбызды билебиз.

    5:3 Кудайды сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес.

    5:4 Анткени Кудайдан туулган адам дүйнөнү жеңет. Дүйнөнүн үстүнөн жеңишке жеткирген нерсе – бул биздин ишенимибиз.

    5:5 Дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экендигине ишенген адамдан башка ким жеңе алат?

    Кудайдын Уулу жөнүндөгү күбөлөндүрүүлөр

    5:6 Ал – суу жана кан менен келген Ыйса Машайак. Ал суу менен гана эмес, суу жана кан менен келди. Ал жөнүндө Рух күбөлөндүрөт, анткени Рух – чындык.

    5:7 Ошентип, асманда үчөө күбөлөндүрөт: Ата, Сөз жана Ыйык Рух. Бул үчөө бир.

    5:8 Жерде үчөө күбөлөндүрөт: рух, суу жана кан. Бул эчөөнүн күбөлөндүрүүсү бир.

    5:9 Адамдардын күбөлөндүрүүсүн деле кабыл алып жатпайбызбы, адамдардын күбөлөндүрүүсүнөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү жогору эмеспи. Анткени бул – өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсү.

    Кудай Уулуна ишенген адам түбөлүк өмүргө эү

    5:10 Кудай Уулуна ишенген адамдын күбөлөндүрүүсү өз ичинде. Ал эми Кудайга ишенбеген адам Кудайды жалганчы кылган болот. Анткени ал өз Уулу жөнүндө күбөлөндүргөн Кудайдын күбөлөндүрүүсүнө ишенген жок.

    5:11 Кудайдын күбөлөндүрүүсү болсо бул: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди. Ал өмүр Анын Уулунда.

    5:12 Ким Кудайдын Уулуна эү болсо, ал өмүргө эү. Ким Кудайдын Уулуна эү эмес болсо, ал өмүргө эү эмес.

    5:13 Кудайдын Уулуна ишенүү аркылуу түбөлүк өмүргө эү болгонуңарды билишиңер үчүн, мен муну силерге – Кудайдын Уулуна ишенгендерге жаздым.

    Кудайдын Уулуна ишенген адамдын сыйынуусу

    5:14 Анын алдында кандай кайраттуулукка эүбиз: Анын эрки боюнча эмнени сурасак да, Ал бизди угат.

    5:15 үмнени сурасак да, Ал бизди угарын билсек, Андан сураганыбызды аларыбызды да билебиз.

    5:16 Ким бир тууганынын өлүмгө дуушар кылбай турган күнөө жасап жатканын көрсө, ал үчүн сыйынсын, Кудай ага өмүр берет. өлүмгө дуушар кылбай турган күнөө кетиргендер жөнүндө айтып жатам. өлүмгө дуушар кыла турган күнөө бар, ал жөнүндө сыйынгыла дебейм.

    5:17 Жалгандыктын баары – күнөө, бирок өлүмгө дуушар кылбай турган күнөө бар.

    Акыркы сөз

    5:18 Кудайдан туулган адамдын күнөө кылбастыгын билебиз. Кудайдан туулган адам өзүн сактайт, ошондуктан ага амалкөй жолобойт.

    5:19 Биз Кудайдан экенибизди, ал эми бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында экенин билебиз.

    5:20 Кудайдын Уулу келип, бизге чыныгы Кудайды таанып билүүгө акыл бергенин да билебиз. Биз Анын чыныгы Уулу Ыйса Машайактын ичиндебиз. Ал – чыныгы Кудай жана түбөлүк өмүр.

    5:21 Балдарым, өзүңөрдү буркандардан сактагыла. Оомийин!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск