Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Иоанна 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    1:1 Кудай тандап алган мырзайымга жана анын балдарына аксакалдан салам! Силерди мен чын жүрөктөн жакшы көрөм. Силерди мен эле эмес, чындыкты билгендердин баары жакшы көрүшөт.

    1:2 Анткени ичибизде чындык бар жана ал чындык түбөлүккө биз менен болот.

    1:3 Чындык жана сүйүү жолунда Кудай Ата жана Атанын Уулу Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, боорукердигин көрсөтүп, тынчтыгын бере берсин!

    Чыныгы сүйүү

    1:4 Сенин балдарыңдын айрымдарынын Атабыздан алган осуят боюнча чындык жолунда жүргөнүн көрүп, мен аябай кубандым.

    1:5 Мырзайым, мен сага жаңы осуят жазып жаткан жокмун, бул осуят бизде башынан эле бар. Ошондуктан сенден суранарым: баарыбыз бири-бирибизди сүйөлү.

    1:6 Сүйүү деген – Анын осуяттарын аткаруу. Ал – силер башынан бери угуп келе жаткан осуят. Силер ошол осуят боюнча жашашыңар керек.

    Жалган окутуулар жөнүндө алдын ала эскертүү

    1:7 Анткени бул дүйнөдө Ыйса Машайактын адам болуп келгендигин жокко чыгарган көптөгөн азгыруучулар пайда болду. Мындайлар – азгыруучулар жана Машайактын каршылаштары.

    1:8 үмгегибиз текке кетпей, сыйлыгыбызды толук алышыбыз үчүн, өзүңөргө сак болгула.

    1:9 Машайактын окутуусунан четтеп, ошол окутуу боюнча жашабаган адамдын ичинде Кудай жок. Ал эми Машайактын окутуусу боюнча жашаган адамдын ичинде Ата да, Уул да бар.

    1:10 үгерде силерге келген адам Ыйсанын окутуусун эйрөтпөсө, аны үйүңөргө кабыл албагыла, аны менен саламдашпагыла.

    1:11 Анткени аны менен саламдашкан адам анын жаман иштерине ортоктош болуп калат.

    1:12 Силерге жаза турган нерсе көп, бирок анын баарын кагазга жазгым келген жок. Кубанычыңар артышы үчүн, силерге өзүм барып, бетме-бет отуруп сүйлөшкүм келет.

    1:13 Кудай тандап алган эжеңдин балдары сага салам айтып жатышат. Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск