Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 3 Иоанна 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Сүйүктүү Гайга чын жүрөктөн сүйгөн аксакалдан салам!

    1:2 Сүйүктүүм, рухий жашооңдо ийгиликке жетишкендей эле, калган бардык нерседе ийгиликке жетип, сак-саламат болушуң үчүн сыйынам.

    1:3 Анткени бир туугандар келип, сенин ишенимдүүлүгүң жөнүндө, чындык жолунда жүргөндүгүң жөнүндө күбөлөндүрүшкөндө, мен аябай кубандым.

    1:4 Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөндүгүн угуудан өткөн кубаныч жок.

    Бир туугандарды меймандостук менен кабыл алуу

    1:5 Сүйүктүүм, сен жолоочу бир туугандарга ишенимдүүлүк менен кызмат кылып жатыптырсың.

    1:6 Алар Жыйындын алдында сенин сүйүэң жөнүндө күбөлөндүрүштү. Аларды Кудай үчүн, Кудайга жаккандай кылып узатсаң, жакшы иш кылган болосуң.

    1:7 Анткени алар Анын ысымы үчүн жолго чыгышты, бутпарастардын колунан үч нерсе алышкан жок.

    1:8 Чындык үчүн кызмат кылгандардын кызматташы болуп калуу үчүн, биз андай адамдарды колдошубуз керек.

    Жакшылык кылган адам Кудайдан, жамандык кылган адам Кудайды көргөн эмес

    1:9 Жыйынга кат жаздым, бирок алардын арасындагы биринчиликти сүйгөн Диотреф бизди кабыл албайт.

    1:10 Ошондуктан, эгерде мен барсам, анын кылып жаткан иштери жөнүндө эскертем: ал биз жөнүндө жаман сөз таратып жүрөт, бирок ошентип эле тим болуп калбастан, бир туугандарды кабыл албай, кабыл алгысы келгендерге тыюу салып, аларды Жыйындан кууп жатат.

    1:11 Сүйүктүүм, жамандык кылган адамдан эмес, жакшылык кылган адамдан элгү ал. Жакшылык кылган адам Кудайдан, ал эми жамандык кылган адам Кудайды көргөн эмес.

    1:12 Деметир жөнүндө бардыгы жакшы пикир айтып жатышат, чындыктын өзү да буга күбө. Ал жөнүндө биз да күбөлөндүрөбүз. Биздин күбөлөндүрүүбүз чындык экенин сен билесиң.

    1:13 Мен сага көп нерсени жазар элем, бирок анын баарын сыя менен, калем менен жазгым келген жок.

    1:14 Сени жакында көрөм деген эмүтүм бар, ошондо бетме-бет отуруп сүйлөшөбүз.

    1:15 Сага тынчтык болсун! Досторуң сага салам айтып жатышат. Сен да досторубуздун ар бирине салам айтып кой. Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск