Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иуды 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    1:1 Кудай Ата аркылуу ыйыкталган жана Ыйса Машайак аркылуу сакталган чакырылгандарга Ыйса Машайактын кулу, Жакыптын бир тууганы Жүйүттөн салам!

    1:2 Кудай силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин, силерде Анын сүйүүсү арта берсин!

    Жалган окутуучулар

    1:3 Сүйүктүү бир туугандар, силерге жалпы куткарылуу жөнүндө жазууга дилгир элем, бирок мен силерди ыйыктарга бир ирет берилген ишеним үчүн күрөшүүгө чакырууну зарыл деп таптым.

    1:4 Анткени силердин араңарга жашыруун түрдө кирип алган адамдар бар. Алар – Кудайыбыздын ырайымын бузуктукка алмаштырган, жалгыз эгедерибиз жана Теңирибиз Ыйса Машайактан баш тарткан, кудайсыз адамдар. Алар үчүн байыртадан эле сот белгиленген.

    1:5 Силер баарын билсеңер да, мен Теңирдин өз элин Мисир жеринен алып чыккандан кийин, ишенбегендерин жок кылып салганын,

    1:6 алгачкы абалын сактабай, өздөрүнүн жайын таштап кеткен периштелерди да түбөлүккө байлап, караңгылыкка камап, сот боло турган улуу күнгө сактап койгонун,

    1:7 ошолорго окшоп бузуктукка баткан жана бөлөк дененин артынан эүрчиген Содом, Амор шаарлары жана алардын тегерегиндеги шаарлар башкаларга сабак болуш үчүн, түбөлүк от жазасына тартылганын эскертким келет.

    1:8 өздөрүнүн денесин булгаган, жогоркуларды тоготпой, жогорку бийликтегилерди жамандаган ошол кыялкечтерге да так ушундай болот.

    1:9 Башкы периште Михаел да Мусанын сөөгүн талашып, шайтан менен айтышканда, аны айыптоого батынбай: «Сага Теңир тыюу салсын!» – деп гана айткан.

    1:10 Булар болсо өздөрү билбегендеринин баарын жамандашат, өздөрүнүн табияты боюнча тилсиз жаныбарлардай, ал эми билген нерселери менен өздөрүн кыйратып жок кылышат.

    1:11 Аларга кайгы! Анткени алар Кабылдын жолу менен жүрүшөт; Биламга окшоп арам акчанын артынан түшүп адашып жүрүшөт; Корак сыяктуу каршы чыгып, өздөрүн өлүмгө дуушар кылып жатышат.

    1:12 Мындайлар силердин сүйүү кечиңерде азгырык болушат. Силер менен тойлоп, өздөрүн коркпостон семиртишет. Алар – шамал айдаган суусуз булуттар. Алар – тамыры менен жулунган, эки жолу өлгөн, жемишсиз күзгү дарактар.

    1:13 Алар – өзүнүн ыпылас нерселерин көбүктөнткөн деңиздин долу толкундары, адашкан жылдыздар. Алар үчүн караңгылыктын караңгылыгы түбөлүккө сакталып турат.

    1:14-15 Адам атадан кийинки жетинчи тукумдан чыккан энох да алар жөнүндө: «Мына, Теңир бардыгын соттош үчүн, кудайсыздардын өздөрүнүн кудайсыздыгы менен жасаган иштеринин бетин ачуу үчүн, Ага каршы осол сөздөрдү айткан кудайсыз күнөөкөрлөрдү ашкерелөө үчүн, өзүнүн түмөндөгөн ыйыктары менен келе жатат», – деп пайгамбарчылык кылган.

    1:16 Алар – күңкүлдөктөр жана үч нерсеге ыраазы болбогондор. Алар өздөрүнүн кумарларына жетеленип жашашат, ооз көптүрүп сүйлөшөт, өздөрүнүн пайдасы үчүн кошоматчылык кылышат.

    Акыл-насаат айтуу, эскертүү

    1:17 Бирок силер, сүйүктүү бир туугандар, Теңирибиз Ыйса Машайактын элчилери тарабынан алдын ала айтылган сөздөрдү эсиңерден чыгарбагыла.

    1:18 Алар силерге: «Акыркы убакта өздөрүнүн ыпылас кумарларына жетеленип жашаган шылдыңчылдар пайда болот», – деп айтышкан.

    1:19 Алар – ортого жик салуучу, Руху жок, табигый адамдар.

    1:20 Сүйүктүү бир туугандар, силер болсо өзүңөрдү ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле, Ыйык Рухтун жетеги менен сыйынгыла.

    1:21 Түбөлүк өмүргө эү болушуңар үчүн, Теңирибиз Ыйса Машайактан ырайым күтүп, өзүңөргө болгон Кудайдын сүйүүсүн сактап жашагыла.

    1:22 Олку-солку болуп жаткандарга боорукердик менен мамиле кылгыла.

    1:23 Ал эми күү бирөөлөрдү оттон алып калган сыяктуу, коркутуу менен куткарып калгыла. Алардын денеси менен булганган кийиминен да жийиркенип, коркунуч менен ашкере кылгыла.

    Кудайды даңктоо

    1:24-25 Кылымдар мурун жана азыр, түбөлүктөн түбөлүккө даңк, улуулук, кубат жана бийлик силерди жыгылуудан сактай ала турган, өзүнүн даңкынын алдында кемчиликсиз кылып, кубанычыңарды сактап тура ала турган, биздин Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу Куткаруучубуз болгон жалгыз, акылман Кудайыбыздыкы! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск