Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Кириш сөз

    1:1 Бул – Ыйса Машайактын аяны. Жакында эмне болорун өзүнүн кулдарына көрсөтүү үчүн, Кудай Ага ушул аянды берди. Кудай бул аянды өзүнүн периштеси аркылуу өзүнүн кулу Жаканга көрсөттү.

    1:2 Жакан болсо Кудайдын сөзүн, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүн жана өзүнүн көргөндөрүн күбөлөндүрдү.

    1:3 Ушул пайгамбарчылыктарды окугандар жана уккандар, ошондой эле аянда жазылганды кармангандар бактылуу, анткени убакыт жакындап калды.

    Жети Жыйынга айтылган салам

    1:4 Асиядагы жети Жыйынга Жакан мындай деп жазат: Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан Кудай, Анын тактысынын алдында турган жети рух,

    1:5 ошондой эле ишенимдүү күбө, өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген, жер үстүндөгү падышалардын падышасы болгон Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин! Бизди сүйгөндүктөн, күнөөлөрүбүздү өзүнүн каны менен жууган,

    1:6 бизди өзүнүн Атасы Кудайга таандык падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылган Ал түбөлүккө даңкталып, бийлик кыла берсин! Оомийин!

    1:7 Мына, Ал булуттар менен келе жатат, Аны бардык көздөр көрөт, Аны найза менен сайгандар да көрүшөт. Жер үстүндөгү бардык элдер Анын алдында боздоп ыйлашат. Ооба, ошондой болот, оомийин.

    1:8 Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Теңир мындай дейт: «Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын».

    Жакандын Патмос аралында көргөн көрүнүшү

    1:9 Ыйса Машайактын азап чегүүсүнө, падышачылык кылуусуна жана чыдамкайлык көрсөтүүсүнө ортоктош болгон силердин бир тууганыңар мен, Жакан, Кудайдын сөзү үчүн жана Ыйса Машайак жөнүндө күбөлөндүргөнүм үчүн, Патмос аралында болдум.

    1:10 Теңирдин күнүндө мен Рухка толдум. Ошондо мен арка жагымдан сурнайдын үнүндөй болгон катуу эндү уктум, ал эн мындай деп айтты: «Мен Альфамын жана Омегамын, биринчимин жана акыркымын.

    1:11 үмнени көрүп турсаң, ошону китепке жазып, аны Асиядагы эфес, Смирна, Пергам, Тиатира, Сардес, Филаделфия жана Лаодикея Жыйындарына жибер».

    1:12 Мага сүйлөгөн эн кимдин үнү экенин көрөйүн деп, артымды карадым. Ошондо мен жети алтын чыракты көрдүм.

    1:13 Жети чырактын ортосунда Адам Уулуна окшогон бирөө туруптур. Ал узун кийим кийип, көкүрөгүн алтын кемер менен курчап алыптыр.

    1:14 Анын башы менен чачы ак жүндөй жана кардай аппак, көздөрү оттун жалынындай,

    1:15 буттары меште кызып жаркыраган жездей, үнү суулардын шаркыраган үнүндөй эле.

    1:16 Анын оң колунда жети жылдыз бар экен, Анын оозунан эки миздүү кылыч чыгып туруптур. Анын жүзү болсо жаркырап тийип турган күндөй эле.

    1:17 Мен Аны көргөндө, Анын бут алдына өлүк сыяктуу жыгылдым. Ошондо Ал менин үстүмө оң колун коюп, мындай деди: «Коркпо! Мен биринчимин жана акыркымын.

    1:18 Мен тирүүмүн. өлгөн элем, азыр болсо түбөлүккө тирүүмүн, оомийин. өлгөндөр жаткан жай менен өлүмдүн ачкычтары Менде.

    1:19 Ошондуктан эмнени көрсөң, азыр эмне болуп жатса, мындан кийин эмне боло турган болсо, ошонун баарын жаз.

    1:20 Менин оң колумдагы сен көргөн жети жылдыздын жана жети алтын чырактын жашыруун сыры мындай: жети жылдыз – жети Жыйындын периштелери, ал эми сен көргөн жети чырак – жети Жыйындын өзү.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск