Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Откровение 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    үфес шаарындагы Жыйынга жазылган кат

    2:1 үфестеги Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Оң колунда жети жылдыз кармап турган жана жети алтын чырактын арасында басып жүргөн Теңир мындай дейт:

    2:2 “Мен сенин иштериңди, эмгегиңди, чыдамкайлыгыңды, бузулгандарга чыдай албастыгыңды, элчи эмес болушса да, өздөрүн элчибиз деп эсептегендерди сынап көрүп, алардын жалганчы экенин аныктаганыңды билем.

    2:3 Сен көп нерсени башыңдан өткөрдүң, сенде чыдамкайлык бар, Менин ысымым үчүн иштедиң, чарчаган жоксуң.

    2:4 Бирок Менин сага айта турган бир нааразычылыгым бар: сен биринчи сүйүэңдү таштап койгонсуң.

    2:5 Ошондуктан кайсы жерден жыгылганыңды үстеп, тобо кыл да, мурун жасап жүргөн иштериңди жасай бер. эгерде андай кылбасаң, тобо кылбасаң, анда Мен сага жакын арада келем да, чырагыңды ордунан алып таштайм.

    2:6 Бирок сенин Николайдын окутуусун жолдоочулардын иштерин жек көргөнүң жакшы, алардын иштерин Мен да жек көрөм.

    2:7 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жеңген адамга Кудайдын бейишинин ортосундагы өмүр дарагынын жемишинен даам таттырам”.

    Смирна шаарындагы Жыйынга жазылган кат

    2:8 Смирнадагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: өлүп кайра тирилген Биринчи жана Акыркы мындай дейт:

    2:9 “Мен сенин иштериңди, тарткан азаптарыңды жана жакырдыгыңды билем (бирок сен байсың). өздөрүн жүйүтпүз деп эсептеп жүргөндөрдөн жаман сөздөрдү укканыңды билем, бирок алар – жүйүттөр эмес, шайтанга таандык адамдардын тобу.

    2:10 Башыңдан өтө турган кыйынчылыктардан коркпо. Сыналышыңар үчүн, шайтан силердин араңардан күү бирөөлөрүңөрдү зынданга салат, он күн кыйналасыңар. өмүрүңдүн акырына чейин ишенимдүү бол, ошондо Мен сага өмүр таажысын берем.

    2:11 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жеңген адам экинчи өлүмдөн зыян тартпайт”.

    Пергам шаарындагы Жыйынга жазылган кат

    2:12 Пергамдагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: эки миздүү кылычы бар Теңир мындай дейт:

    2:13 “Сенин иштериңди билем, сен шайтандын тактысы турган жерде жашайсың, Менин ысымымды бек тутуп жүрөсүң, Менин ишенимдүү күбөм Антипа силердин араңарда, шайтан жашаган жерде өлтүрүлгөн күндөрдө да Мага болгон ишенимиңден баш тарткан жоксуң.

    2:14 Бирок Менин сага айта турган бир аз нааразычылыгым бар: сенде Биламдын окутуусун жолдогондор бар. Ошол Билам Балакты Ысрайыл уулдарын азгырууга: аларды буркандарга чалынган курмандыктан жегенге, бузуктук кылууга эйрөткөн.

    2:15 Ошондой эле сенде Николайдын окутуусун жолдогондор бар, Мен ал окутууну жек көрөм.

    2:16 Тобо кыл. эгерде антпесең, Мен сага жакында келип, ошол окутууну жолдогондорго каршы оозумдагы кылыч менен согушам.

    2:17 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жеңген адамга жашыруун маннадан даам таттырам жана ага бир ак таш берем. Ал таштын бетинде жаңы ысым жазылуу болот, алган адамдан башка үч ким ал ысымды билбейт”.

    Тиатира шаарындагы Жыйынга жазылган кат

    2:18 Тиатирадагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: көздөрү оттун жалынындай күйүп турган, буттары жездей жаркырап турган Кудайдын Уулу мындай дейт:

    2:19 “Сенин иштериңди да, сүйүэңдү да, ишенимиңди да, кызматыңды да, чыдамкайлыгыңды да, кийинки иштериң мурунку иштериңден көп экенин да билем.

    2:20 Бирок Менин сага айта турган бир аз нааразычылыгым бар: сен өзүн пайгамбар эсептеген Изебел деген аялдын Менин кулдарымды бузуктук кылууга, буркандарга чалынган курмандыктан жегенге эйрөтүүсүнө, адаштыруусуна жол берип жатасың.

    2:21 Мен ал аялга бузуктугу үчүн тобо кылууга убакыт бергем, бирок ал тобо кылгысы келген жок.

    2:22 Ошондуктан Мен аны оорутуп, төшөккө жаткырам. эгерде өздөрүнүн иштери үчүн өкүнүп тобо кылышпаса, аны менен бирге бузуктук кылгандарды оор кайгыга салам.

    2:23 Анын балдарын өлтүрөм, ошондо Жыйындардын баары Менин адамдын ички дүйнөсүн жана жүрөгүн Сыноочу экенимди билишет. Ар бириңерге иштериңерге жараша тиешеңерди берем.

    2:24 Ал эми силерге, бул окутууну жолдобогон жана «шайтандын терең сырлары» деп аталган нерселерди билбеген Тиатиранын калган тургундарына, мындай демекчимин: Мен силердин башыңарга башка кыйынчылык салбайм.

    2:25 үмнеңер бар болсо, ошону гана Мен келгенче, бекем кармап тургула.

    2:26 Ким жеңип чыгып, Менин иштеримди аягына чейин аткарса, өзүмдүн Атамдан бийлик алганымдай эле, аны бутпарастардын үстүнөн бийликке коём.

    2:27 Ал аларды темир таяк менен кайтарат, алар чопо идиш талкалангандай талкаланышат.

    2:28 Ага таң жылдызын берем.

    2:29 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск