Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Дөөттүн качышы

    21:1 Дөөт Hопко, ыйык кызмат кылуучу Акимелекке келди. Акимелек коркуп, Дөөттүн алдынан чыгып: «үмне үчүн жалгызсың? эмне үчүн жаныңда үч ким жок?» – деп сурады.

    21:2 Дөөт ыйык кызмат кылуучу Акимелекке мындай деди: «Мага падыша тапшырма берип: “Сени эмне үчүн жибергенимди, кандай тапшырма бергенимди үч ким билбесин”, – деген. Ошондуктан кишилерди белгилүү жерге калтырдым.

    21:3 Азыр колуңда эмне бар, беш нан болобу, башка нерсе болобу, бер».

    21:4 Ыйык кызмат кылуучу Дөөткө: «Жөнөкөй нан колумда жок, ыйык нан бар, бирок кишилериң аялдарга жакындаган жок беле?» – деди.

    21:5 Дөөт ыйык кызмат кылуучуга: «Мен чыккан күндөн бери биздин жаныбызда аял аттуу болгон жок, уландардын идиштери да таза. эгер жолубуз таза эмес болсо, идиштеги наныбыз таза калат», – деп жооп берди.

    21:6 Ошондо ыйык кызмат кылуучу ага ыйык нандан берди, анткени анда нан курмандыгынан башка нан жок болчу. Алар Теңирдин алдынан алынган нандар эле, ал нандар алынгандан кийин ордуна жаңы бышырылган нандар коюлчу.

    21:7 Ошол жерде ошол күнү Шабулдун кулдарынын бири, кулдарынын башчысы, эдомдук Дойек Теңирдин алдында турган эле.

    21:8 Дөөт Акимелекке: «Бул жерде сенде кылыч же найза барбы? Падышанын тапшырмасы шашылыш болгондуктан, жаныма кылыч да, башка курал да алган эмесмин», – деди.

    21:9 Ыйык кызмат кылуучу: «үмендүү өрөөндө сен өлтүргөн пелиштилик Голийаттын кылычы бар, кийимге оролуп, эфоддун артында турат. Кааласаң, ошону ал, бул жерде андан башка үч нерсе жок», – деди. Дөөт ага: «Ага тең келе турган кылыч жок, мага ошону бер», – деди.

    21:10 Дөөт турду да, ошол эле күнү Шабулдан качып, Гат падышасы Акишке келди.

    21:11 Кулдары Акишке: «Тигил өлкөнүн падышасы Дөөт ушул да! Аны тегеректеп: “Шабул миңди жеңди, Дөөт болсо он миңди жеңди”, – деп ырдашпады беле!» – деп айтышты.

    21:12 Дөөт бул сөздөрдү көңүлүнө алып, Гат падышасы Акиштен абдан коркуп кетти.

    21:13 Алардын алдында кебетесин бузуп, келесоо болумуш болуп, эшикти чийгилеп, сакалынан шилекейин куюлтту.

    21:14 Ошондо Акиш кулдарына мындай деди: «Мунун акылынан айныган адам экенин көрүп турбайсыңарбы. Муну мага эмнеге алып келдиңер?

    21:15 Менде акылынан айныган адамдар азбы? Муну эмнеге алып келдиңер? Менин алдымда келесоолонсун дедиңерби? эмне, бул менин үйүмө киреби?»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск