Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 1 Царств 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Жонатан жана Дөөт

    20:1 Дөөт Рамадагы Найоттон качып кетти да, Жонатанга келип мындай деди: «Мен эмне кылдым, айыбым кайсы, мени өлтүргүдөй, атаңдын алдында кандай күнөөм бар?»

    20:2 Жонатан ага мындай деди: «Жок, сен өлбөйсүң. Атам мага айтпай, кичине да, чоң да иш кылбайт. Атам бул ишти менден эмнеге жашырмак эле? Мындай болбойт».

    20:3 Дөөт мындай деп ант берди: «Сенин алдыңда ырайым тапканымды атаң жакшы билет, ошондуктан ал өзүнчө: “Бул жөнүндө Жонатан билбесин, себеби капа болот”, – деп ойлосо керек. Бирок Теңир тирүү, сенин жаның аман! Мени менен өлүмдүн ортосунда бир эле кадам бар».

    20:4 Жонатан Дөөткө: «Мен сен үчүн каалаганыңдын баарын кылам», – деди.

    20:5 Дөөт Жонатанга мындай деди: «үртең ай жаңырган күн, мен падыша менен дасторкондо бирге отурушум керек, бирок сен мени коё бер, мен бүрсүгүнү кечке чейин талаада жашына турайын.

    20:6 үгер атаң мен жөнүндө сураса, “Дөөт менден суранып, өзүнүн Бейт-Лехем шаарына барып келгени кетти. Ал жакта анын бардык туугандары жыл сайын чалынуучу курмандык чалышат экен” де.

    20:7 үгер ал буга: “Жакшы”, – десе, анда сенин кулуңа тынчтык. эгерде ал ачууланса, анда анын жамандык кылууну чечип койгонун бил.

    20:8 Сен болсо кулуңа ырайым кыл, анткени сен кулуң менен Теңирдин алдында келишим түзгөнсүң. эгер менде күнөө болсо, анда мени өзүң өлтүр. Мени атаңа алып барып эмне кыласың?»

    20:9 Жонатан: «үч качан мындай болбойт, атамдын сага жамандык кыларын анык билсем, ал жөнүндө сага кантип айтпай коёюн», – деди.

    20:10 Дөөт Жонатанга: «үгер атаң сага каарданып жооп берсе, мага ким кабарлайт?» – деди.

    20:11 Жонатан Дөөткө: «Жүр, талаага чыгалы», – деди. экөө талаага чыгышты.

    20:12 Жонатан Дөөткө мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Теңири тирүү! Мен эртең ушул убакта, же бүрсүгүнү атамдан оюн билем. эгерде анын сага болгон ниети жакшы болсо, анда мен сага кантип киши жибербей коёюн, кантип айтпай коёюн.

    20:13 үгер мен мындай кылбасам, Теңир Жонатанга эмне кылам десе, ошону кылсын, андан да жаман кылсын. эгер атам сага жамандык кылууну ойлоп жаткан болсо, сага билдирем, сени коё берем, ошондо тынчтык менен кете бересиң. Теңир менин атам менен болгондой эле, сени менен да болсун!

    20:14 үгер мен тирүү болсом, сен да мени Теңирдин ырайымынан ажыратпа.

    20:15 үгер мен өлүп калсам, Теңир сенин душмандарыңдын баарын жер бетинен жок кылганда да, менин тукумумду ырайымыңдан үч качан ажыратпа».

    20:16 Жонатан ушинтип Дөөттүн тукуму менен келишим түздү. Ал: «Теңир Дөөттүн душмандарынын жазасын берсин!» – деди.

    20:17 Жонатан Дөөттү жакшы көргөндүктөн, дагы ант берди, анткени аны жанындай жакшы көрчү.

    20:18 Жонатан Дөөткө мындай деди: «үртең, жаңырган ай күнү, сени сурашат, анткени сенин ордуң бош болот.

    20:19 Ошондуктан үчүнчү күнү мурда жашынган жериңе түш да, Азел ташынын жанында күтүп отур.

    20:20 Бутага жаа тарткандай, мен ошол жакка үч жаа тартам.

    20:21 Анан жаш уланды: “Барып, жебелерди таап кел”, – деп жөнөтөм. эгер мен уланга: “Жебелер сенин артыңда, аларды ал”, – десем, анда мага келе бер, анткени сага тынчтык, Теңир тирүү, үч коркунуч жок.

    20:22 үгерде уланга: “Жебелер сенин алдыңда жатат”, – десем, анда сен кете бер, анткени сени Теңир коё берип жатат.

    20:23 Ал эми экөөбүздүн сүйлөшкөн сөзүбүзгө, экөөбүздүн ортобузга Теңир түбөлүккө күбө».

    20:24 Дөөт талаага жашырынды. Ай жаңырып, падыша тамактанганы отурду.

    20:25 Адаттагыдай эле падыша өз ордуна, дубалдын жанындагы отургучка отурду, Жонатан туруп турду, Абенер Шабулдун жанына отурду, ал эми Дөөттүн орду бош калды.

    20:26 Ал күнү Шабул үч нерсе деген жок, анткени ал: «Дөөткө бир нерсе болуп, таза эмес болсо керек, ал тазалана элек го», – деп ойлоду.

    20:27 Жаңырган айдын экинчи күнү Дөөттүн орду дагы бош калды. Ошондо Шабул өз уулу Жонатандан: «үмне үчүн Жышайдын уулу Дөөт кечүү да, бүгүн да тамакка келген жок?» – деп сурады.

    20:28 Жонатан Шабулга: «Дөөт менден Бейт-Лехемге суранып кетти.

    20:29 Ал: “Мени коё бер, анткени биздин шаарыбызда бир туугандарыбыз менен курмандык чалмакпыз, мени бир тууганым чакырган. эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, барып, бир туугандарым менен көрүшүп келейин”, – деген. Ошондуктан ал падышанын тамагына келген жок», – деп жооп берди.

    20:30 Ошондо Шабул Жонатанга абдан ачууланып: «Оңбогон эүн баш уул! өзүңдү да, энеңди да маскара кылып, Жышайдын уулу менен дос болуп жүргөнүңдү мени билбейт дейсиңби?

    20:31 Анткени жер үстүндө Жышайдын уулу тирүү турганда, сен да, сенин падышачылыгың да туруштук бере албайт. Азыр киши жиберип, аны алып кел, анткени ал өлүшү керек», – деди.

    20:32 Жонатан атасы Шабулга: «Аны эмнеге өлтүргөнү жатасың? Ал эмне кылды?» – деди.

    20:33 Шабул аны сайып өлтүрүш үчүн, найзасын ыргытты. Ошондо атасынын Дөөттү өлтүрүүнү чечкенине Жонатандын көзү жетти.

    20:34 Жонатан аябай ачууланып туруп кетти, ал жаңырган айдын экинчи күнү тамак жеген жок, себеби Дөөт үчүн кайгырды жана атасы аны таарынтып койду.

    20:35 үртеси эртең менен, Дөөткө айтылган убакта жаш уланды алып, Жонатан талаага чыкты.

    20:36 Анан ал уланга: «Чурка, мен тарткан жебелерди издеп таап кел», – деди. Улан чуркап жөнөдү, ал жебелерди уландын алды жагына түшкүдөй кылып атты.

    20:37 Жонатан аткан жебелер жакка улан чуркап кеткенде, ал анын артынан: «Кара, жебе алды жагыңда жатат», – деп кыйкырды.

    20:38 Жонатан уландын артынан дагы кыйкырды: «Бол, тез чурка, токтобо». Улан Жонатандын жебелерин чогултуп алып, өз мырзасына келди.

    20:39 Жаш улан үч нерсе билген жок, Жонатан менен Дөөт гана эмне болгонун билишти.

    20:40 Анан Жонатан жанындагы уланга куралын берип: «Бар, шаарга алып бар», – деди.

    20:41 Жаш улан кетти. Дөөт түштүк тараптан туруп келди да, жүзтөмөндөп жыгылып, үч ирет таазим кылды. Алар бири-бирин өөп, чогуу ыйлашты, Дөөт көбүрөөк ыйлады.

    20:42 Анан Жонатан Дөөткө мындай деди: «Тынчтык менен бара бер. “Теңир экөөбүздүн ортобузда болсун, менин тукумум менен сенин тукумуңдун ортосунда болсун”, – деп, Теңирдин ысымы менен берген антыбыз түбөлүккө калсын!»

    20:43 Дөөт туруп, жөнөп кетти, Жонатан болсо шаарга кайтты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск