Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 14

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    14-БөЛЄМ

    Аса падышанын эфиопиялыктарды талкалашы

    14:1 Абиям көз жумуп, ата-бабаларына кошулду, аны Дөөттүн шаарына коюшту. Анын ордуна уулу Аса падыша болду. Анын тушунда ал жерде он жыл тынчтык болду.

    14:2 Аса өз Кудай-Теңирине жаккан жакшы иштерди кылды.

    14:3 Ал башка кудайлардын курмандык чалынуучу жайларын, бийик жердеги бутканаларын четке какты, балбалдарын кыйратты, Ашейра мамыларын кыйды.

    14:4 Анан ал жүйүттөргө ата-бабаларынын Кудай-Теңирин издөөнү, Анын мыйзамдары менен буйруктарын аткарууну буйрук кылды.

    14:5 Жүйүттүн бардык шаарларындагы балбалдар менен күнгө арналган үстеликтерди алып таштады. Анын убагында падышачылык тынч болду.

    14:6 Ал Жүйүт аймагында бекем шаарларды курду, анткени ал жерде тынчтык өкүм сүрүп турган эле. Теңир ал жылдары бейкуттук бергендиктен, үч кандай согуш болгон жок.

    14:7 Ал жүйүттөргө: «Бул шаарларды куруп чыгалы да, аларды чептер менен, мунаралар менен, дарбазалар менен, кулпулуу эшиктер менен бекители. Жер азырынча биздики, анткени биз өз Кудай-Теңирибизди издедик. Биз Аны издегендиктен, Ал бизге бардык тараптан бейпилдик берди», – деди. Алар шаарларды куруп, ийгиликке жетишти.

    14:8 Асанын аскер күчтөрү өтө көп эле. Анын калкан, найза менен куралданган Жүйүт тукумунан үч жүз миң аскери, Бенжемин тукумунан жаа тартып, калкан менен куралданган эки жүз сексен миң эр жүрөк аскери бар эле.

    14:9 үфиопиялык Зерак бир миллион аскери, үч жүз майдан арабасы менен Асанын аскерине каршы Марейшага келди.

    14:10 Аса ага каршы чыкты. Ал өзүнүн аскерлери менен Марейшанын жанындагы Сепата өрөөнүндө согушка даяр турду.

    14:11 Ошондо Аса Теңирге: «Теңир! Алдууга да, алсызга да Сен гана жардам бере аласың. Кудайым, Теңирим, бизге жардам бер, анткени биз Сага таянабыз, биз бул сансыз душманга каршы Сенин атыңдан аттандык. Теңир! Сен биздин Кудайыбызсың, адам Сага каршы чыга албайт», – деп кайрылды.

    14:12 Теңир эфиопиялыктарды Аса менен Жүйүттүн көз алдында талкалады. эфиопиялыктар качып жөнөштү.

    14:13 Аса өз эли менен аларды Герарга чейин кууп барды. эфиопиялыктар кырылды, үч ким тирүү калган жок, анткени алар Теңирдин алдында, Анын жоокерлеринин алдында кырылышты. Аса өз аскери менен эбегейсиз көп олжого эү болду.

    14:14 Алар Герардын айланасындагы бардык шаарларды кыйратышты, анткени душманды Теңирдин коркунучу басты. Алар бардык шаарларды талап-тоноп, көп олжо алып кетишти.

    14:15 Ошондой эле малчылардын чатырларын кыйратып, өтө көп майда малды, төөлөрдү айдап алып Иерусалимге кайтышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск